Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2010-жылдын 23-декабры № 629-б
Кечиктирилгис авариялык калыбына келтирүү иштерин жүргүзүү максатында, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17 - беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Ош облусунун Ноокат районундагы Кыргыз-Ата айыл аймагынын Көтөрмө - Ак-Булак автожолундагы көпүрөнү реконструкциялоо боюнча авариялык иштерди жүргүзүү үчүн Өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу боюнча атайын эсептен Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине 2 500 000 (эки миллион беш жүз миң) сом бөлсүн.
2. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги ушул буйруктун 1-пунктунда аталган каражатты максаттуу пайдаланууну камсыздасын.
3. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргоо, укуктук тартип жана Өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | Т.А. Сариев |