Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2015-жылдын 24-декабры № 633-б
Шайлоо процессин өркүндөтүү, даректерди эсепке алуунун ачык системасын жана "Дарек-маалымдама бюросу" электрондук маалыматтар базасын түзүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 27-июлундагы № 352-б буйругу менен бөлүнгөн 22 007 399 (жыйырма эки миллион жети миң үч жүз токсон тогуз) сом өлчөмүндөгү акча каражаттарынын калдыгын "Дарек регистри" геомаалыматтык системасын жана "Дарек-маалымдама бюросу" электрондук маалыматтар базасын түзүүгө пайдалансын;
- ушул пункттун экинчи абзацында аталган бюджеттик каражаттарды максаттуу пайдаланууну камсыз кылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы Кадастр жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо департаментинин Бишкек шаардык жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармалыгы жана "Инфоком" мамлекеттик ишканасы ''Дарек регистри" геомаалыматтык системасын жана "Дарек-маалымдама бюросу" электрондук маалыматтар базасын түзүү үчүн жооптуу болуп аныкталышсын.
3. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын курулуш, транспорт жана коммуникациялар бөлүмүнө, финансы жана кредит саясаты бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | Т.А. Сариев |