Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2015-жылдын 18-сентябры № 463-б
Алдыдагы 2015-2016-жылдын күз-кыш мезгилине Ош шаарын даярдоо, жаңы от казандарын куруу жана катуу отун менен иштөөчү кошумча от казандарын сатып алуу жана аларды орнотуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги:
- Ош шаарынын "Жылуулук менен жабдуу" муниципалдык ишканасына 82,9 млн сом суммасында бюджеттик ссуда берсин;
- мыйзамда белгиленген тартипте Ош шаарынын "Жылуулук менен жабдуу" муниципалдык ишканасы менен бюджеттик ссуда боюнча төмөнкү шарттарда карыздык милдеттенме түзсүн:
бюджеттик ссуданы төлөө мөөнөтү 2016-жылдын 1-январы - 2020-жылдын 31-декабры;
күрөөлүк камсыздоо менен пайызсыз ссуда;
төлөмдүн мөөнөтүн өткөрүп жибергендиги үчүн айыптык санкция мөөнөтү өтүп кеткен карыздардын суммасынан жылдык 6 пайыз өлчөмүндө.
2. Ош шаарынын "Жылуулук менен жабдуу" муниципалдык ишканасы берилген бюджеттик ссуданы максаттуу пайдаланууну жана белгиленген мөөнөттө кайтарууну камсыздасын.
3. Ош шаарынын мэриясы Ош шаарынын "Жылуулук менен жабдуу" муниципалдык ишканасынын бюджеттик ссуданы максаттуу пайдалануусун контролдоону камсыздасын.
4. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын өнөр жай, отун-энергетикалык комплекси жана кең пайдалануу бөлүмүнө, уюштуруу-инспектордук иштер жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | Т.А. Сариев |