Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 31-декабрындагы № 466-б буйругуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2016-жылдын 26-январы № 23-б
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечимдерин Кыргыз Республикасынын Салык кодексине ылайык келтирүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 30-декабрындагы № 703-б буйругуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
жогоруда аталган буйрук менен бекитилген КНСтин ордун толтуруу жана кайтарып берүү боюнча комиссиянын курамында:
- бүткүл текст боюнча "жана монополияга каршы саясат" деген сөздөр алып салынсын;
жогоруда аталган буйрук менен бекитилген КНСтин ордун толтуруу жана кайтарып берүү боюнча комиссиянын иш регламентинде:
- бүткүл текст боюнча "жана монополияга каршы саясат" деген сөздөр алып салынсын;
- төмөнкүдөй мазмундагы 18-19-пункттар менен толукталсын:
"18. Салык салынуучу субъектке КНСтин ордун толтуруу жана салыктын ашкан суммасын кайтарып берүү укугун берүүгө каршы добушун берген Комиссиянын мүчөлөрү ченемдик укуктук актылардын беренелерине же башка ырасталган фактыларга шилтеме кылуу менен негиздеменин себептерин жазуу жүзүндө бериши керек.
19. Келип түшкөн материалдарды изилдөө мөөнөтү материалдар Комиссиянын кароосуна келип түшкөн күндөн тартып 12 жумушчу күндөн ашпашы керек.";
- төмөнкүдөй мазмундагы 5-глава менен толукталсын:
"5-глава Комиссиянын жоопкерчилиги
20. Комиссиянын жана анын мүчөлөрүнүн, ошондой эле анын катчысынын салык төлөөчү жөнүндө алган маалыматтары салыктык купуя сырды түзөт.
21. Салыктык купуя сырды ачыкка чыгаргандыгы үчүн Комиссия жана анын мүчөлөрү, ошондой эле катчы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартышат.";
жогоруда аталган буйрук менен бекитилген Кошумча нарк салыгы боюнча 300000 (үч жүз миң) сомдон ашык төлөнгөн сумманы кайтарып берүү жана ордун толтуруу жөнүндө чечим аймактык салык органы тарабынан кабыл алынуучу салык салынуучу субъекттердин тизмесине киргизүү максатында салык салынуучу субъекттерди тандоо критерийлеринде:
- бүткүл текст боюнча "жана монополияга каршы саясат" деген сөздөр алып салынсын.
Премьер-министр | Т.А. Сариев |