Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2016-жылдын 26-январы № 26-б
"Автомобиль жолдору жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 10-беренесине ылайык, Ак-Татыр айылдык кеңешинин III чакырылышынын 2015-жылдын 5-февралындагы XXVII кезексиз сессиясынын № 8 чечимин, Баткен облусунун Баткен районундагы Ак-Татыр айыл аймагынын Ак-Татыр айыл өкмөтүнүн 2015-жылдын 23-сентябрындагы № 43 токтомун, Төрткүл айылдык кеңешинин V чакырылышынын 2015-жылдын 10-февралындагы XIV сессиясынын № 6 чечимин жана Баткен облусунун Баткен районундагы Төрткүл айыл аймагынын Төрткүл айыл өкмөтүнүн 2015-жылдын 30-мартындагы № 27 токтомун көңүлгө алуу менен:
1. Баткен облусунун Баткен районундагы Ак-Татыр жана Төрткүл айыл аймактарында жайгашкан, муниципалдык менчикте турган, жалпы узундугу 4,1 километр жана 223-километринде Ош-Баткен-Исфана автомобиль жолуна кошулган автомобиль жолу жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорунун категориясына которулсун.
2. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги:
- ушул буйруктун 1-пунктунда аталган автомобиль жолун оперативдүү башкарууга кабыл алсын;
- тиешелүү жылга Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине республикалык бюджеттен каралган каражаттардын эсебинен жана анын чегинде кабыл алынган автомобиль жолун капиталдык оңдоону жана күтүүнү камсыз кылсын.
3. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын курулуш, транспорт жана коммуникациялар бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | Т.А. Сариев |