Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2016-жылдын 26-январы № 29-б
Мамлекеттин менчигине автотранспорт каражатын өткөрүп берүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине, "Кыргыз Республикасында бажылык жөнгө салуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматы БУУнун Кыргыз Республикасындагы Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын арызынын негизинде 2003-жылы чыгарылган, кузовунун № JTECJ01J702001423, кыймылдаткычынын № 1FZ0577171, ак түстөгү "Тойота Ленд Крузер" маркасындагы автомашинаны "мамлекеттин пайдасына баш тартуу" бажылык режиминде тариздесин.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонд белгиленген тартипте ушул буйруктун 1-пунктунда аталган автотранспорт каражатын мамлекеттин менчигине кабыл алсын жана аны белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигине ыкчам башкарууга өткөрүп берсин.
3. Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлиги ушул буйруктун 1-пунктунда аталган автотранспорт каражатын белгиленген тартипте ыкчам башкарууга кабыл алсын жана наркын бааласын.
4. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык өнүктүрүү бөлүмүнө, финансы жана кредит саясаты бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | Т.А. Сариев |