КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2015-жылдын 29-декабры № 645-б
Ак ниет эмгеги жана Кыргыз Республикасын өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 18-беренесине ылайык төмөнкүлөр Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ардак грамотасы менен сыйлансын:
Анарбаев Закиржан Качканбаевич | - | Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Майлуу-Суу шаардык мэриясына караштуу "Горжилзеленстрой" мекемесинин директору; |
Бекматов Нурланбек Досматович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө карашттуу Мамлекеттик бажы кызматынын "Түштүк" оперативдүү бажысынын ички коопсуздук жана коррупцияга каршы аракеттенүү бөлүмүнүн начальниги; |
Калилов Жамшитбек | - | Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин "Кыргызжолтрансдолбоор" долбоорлоо-изилдөө институтунун директору; |
Касымалиев Амангелди Кемелович | - | Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиясынын алдындагы "Кыргызэнциклопедиясы" башкы редакциясынын сүрөтчү-редактору; |
Керимов Шайкул | - | Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиясынын алдындагы "Кыргызэнциклопедиясы" башкы редакциясынын тарых, философия жана саясат таануу боюнча редакциясынын башчысы; |
Курбанов Матмурат | - | Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун Лейлек районундагы "Алтын суу" ичүүчү суунун керектөөчүлөрүнүн айылдык коомдук бирикмесинин төрагасы; |
Металбек кызы Каныкей | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын уюштуруу-контролдоо иштер башкармалыгынын начальнигинин орун басары; |
Муратов Туратбек Бекиевич | - | Кыргыз Республикасынын Ош шаарынын мэриясынын "Келечек" балдар чыгармачылык борборунун директору; |
Оморов Абдыкайым Рысбекович | - | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппаратынын Бюджет жана финансы боюнча комитетинин бөлүмүнүн башчысы; |
Ормонов Жапарбек Туратович | - | Кыргыз Республикасынын Ош шаарынын вице-мэри; |
Редченко Валентина Яковлевна | - | Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин алдындагы Борбордук күрөө конторасынын директору. |
Премьер-министр | Т.А. Сариев |