Сравнение редакций…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2016-жылдын 29-январы № 31-б
Кыргыз Республикасынын азык-түлүк коопсуздугун чыңдоо жана 2016-жылы сезондук айыл чарба талаачылык иштерин жүргүзүү үчүн чарбалык субъекттерге жагымдуу өндүрүштүк шарттарды камсыздоо максатында, "Кыргыз Республикасынын айыл чарбасын өнүктүрүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү:
- 2016-жылдагы эгилген айыл чарба өсүмдүктөрүнүн түшүмүн алуу үчүн Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлиги сунуштаган түзүмдү аткарууну 1-тиркемеге ылайык кабыл алышсын;
- жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен бирге жогорку кирешелүү айдоолорду жана экспортко багытталган айыл чарба өсүмдүктөрүн жайгаштыруу, тамчылатып сугаруу жана жамгырлатып сугаруу системаларын пайдалануу менен кайрак жана айдоо жерлердеги айыл чарба өсүмдүктөрүнүн айдоолорун жана жашылча-мөмө көчөттөрү, ошондой эле жашылча продукциясын өстүрүү үчүн күнөсканаларды куруу боюнча чарба субъекттерине түшүндүрүү иштерин жүргүзүшсүн;
- Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлиги менен бирге Кыргыз Республикасында өстүрүлгөн айыл чарба продукциясын республиканын айыл чарба товар өндүрүүчүлөрү үчүн алгылыктуу баалар боюнча даректүү сатууга алдын ала келишимдерди түзүү, ошондой эле республикадан беде уругун жана башка үрөн продукциясын сатууга рыноктук суроо-талапты изилдөө үчүн Евразия экономикалык бирлигинин өлкөлөрүнө барып-келүү маселесин иштеп чыгышсын;
- Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин маалыматтык-аналитикалык борборуна сезондук талаачылык айыл чарба иштерин жүргүзүүнүн жүрүшү жөнүндө жума сайын ыкчам маалымат берүүнү камсыз кылышсын;
- жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен бирге 2017-жылдагы түшүм алуу үчүн күзгү кылкандуу дан өсүмдүктөрүнүн айдоо аянттарынын түзүмүн иштеп чыгышсын жана аны коллегиянын жыйынында бекитишсин, 2016-жылдын 1-сентябрына карата Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлигине беришсин.
2. Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин түзүмдүк бөлүмдөрү менен бирге чарба субъекттерине төмөнкүлөргө практикалык зарыл болгон жардамды көрсөтүшсүн:
- себүүчү, кыртыш иштетүүчү, оруп-жыюучу, тазалоочу, салмак ченөөчү жана транспорттук айыл чарба техникасын, техникалык жана агротехникалык сервистик тейлөөнү өз убагында жана сапаттуу ремонттоону жүргүзүүгө;
- 2016-жылдагы жазгы себүү жана 2017-жылдагы күзгү түшүм алуу үчүн зарыл болгон үрөн көлөмүн жана көчөт материалын даярдоону уюштурууга;
- жергиликтүү калкты тартуу аркылуу бир айлыкты жүргүзүү жөнүндө жарыялоо жолу менен ички чарбалык сугат тармактарын даярдоого;
- көп жылдык өсүмдүктөрдү - жемиштүү өсүмдүктөрдүн көчөттөрүн, ошондой эле жолдордун, арыктардын жана каналдардын бойлорунда талаа коргоочу тилкелерди калыбына келтирүү үчүн талдарды, теректерди, кара жыгачтарды даярдоо боюнча бир айлыкты өткөрүүгө;
- суу сактагычтарда жана башка суу булактарында сугат сууларын максималдуу топтоо боюнча чараларды көрүүгө;
- күзгү кылкандуу дан өсүмдүктөрүн себүү үчүн айдоолордун алдындагы сугаттарды, ошондой эле өз убагында ным топтоочу жана вегетациялык сугаттарды жүргүзүүгө;
- талаа скважиналарынын, насостук станциялардын, кырмандардын, иштетилүүчү ишканалардын, ошондой эле техникалык жана агротехникалык сервистердин иштөөсү үчүн электр энергиясын үзгүлтүксүз берүүгө.
3. Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлиги:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү менен бирге жана эл аралык донорлордун катышуусу алдында 2016-жылдын экинчи кварталында органикалык-минералдык жер семирткичтерди, биопрепараттардын компосторун жана башка каражаттарды пайдалануу менен органикалык дыйканчылыктын технологияларын өнүктүрүү маселелери боюнча республикалык семинар өткөрсүн;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү менен бирге жана эл аралык донорлордун катышуусу алдында 2016-жылдын үчүнчү кварталында тамчылатып сугаруу жана жамгырлатып сугаруунун азыркы системаларын колдонуу менен кайрак жерде жашылча-мөмө өсүмдүктөрүн жана башка айыл чарба өсүмдүктөрүн өстүрүүгө, ошондой эле күнөсканаларда жашылча продукцияларын өстүрүүгө арналган республикалык көрсөтмө практикалык семинарын өткөрсүн;
- мамлекеттик сортторду сыноочу станцияларда жана мамлекеттик сорттоочу участоктордун базасында, жыл сайын өткөрүлүүчү "Талаачылык күнү" эгидасынын алдындагы иш-чараларды, жаңы сорттор жана айыл чарба өсүмдүктөрүнүн гибриддери менен фермерлерди тааныштыруу боюнча жана айыл чарба өсүмдүктөрүн өстүрүүдө алдыңкы технологияларды колдонуу, анын ичинде тамчылатып сугаруу боюнча зоналык региондук семинарды өткөрсүн;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 18-ноябрындагы № 656 "Мамлекеттик зайымдык каражаттарды бөлүү, эсепке алуу жана кайра кайтарууну камсыз кылуу механизмдерин өркүндөтүү жөнүндө" токтомуна ылайык 2016-жылдагы жазгы себүүдө жана 2017-жылдын күзгү себүүсүнүн түшүмү үчүн үрөнчүлүк чарбаларына жана республиканын айылдык товар өндүрүүчүлөрүнө кийин берүү үчүн Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Экономиканы өнүктүрүүнүн мамлекеттик фонду менен бирге республикалык мамлекеттик үрөн фондунда сертификацияланган суперэлита, элита, күзгү жана жазгы буудайдын, күзгү жана жазгы арпанын биринчи жана экинчи репродукция сортторун, пахтанын, беденин, эспарцеттин, картөшкөнүн үрөндөрүн, ошондой эле жүгөрүнүн орточо жана кеч бышкан биринчи муунунун үрөндөрүн топтоону үрөн чарбаларынын, ошондой эле айыл чарба кооперативдеринин мамлекеттик карыз каражаттары боюнча карыздарын төлөөнүн эсебинен камсыз кылсын;
- Товардык кредиттерди бөлүштүрүү боюнча республикалык мамлекеттик комиссиянын жумушчу жыйындарында үрөн чарбаларына жана айылдык товар өндүрүүчүлөргө аларды үрөндөр менен камсыз кылууда мамлекеттик колдоо көрсөтүү, ошондой эле үрөндөрдүн балансы боюнча жетишсиздигин толуктоодо республикалык мамлекеттик үрөн фондунда топтолгон товардык кредиттерди бөлүштүрүү боюнча суперэлитанын, элитанын сертификацияланган үрөндөрүн, жогоруда аталып өткөн айыл чарба өсүмдүктөрүнүн биринчи жана экинчи сортторунун репродукцияларын, ошондой эле жогоруда аталган айыл чарба өсүмдүктөрүнүн биринчи муунундагы гибриддерин өз убагында бөлүштүрсүн;
- 2016-жылдын 1-июлуна чейинки мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фондунун республиканын облустары жана райондору боюнча аштык буудайдын үрөндөрүн 20,0 миң тоннага чейин сатып алуу квотасын иштеп чыксын жана бекитсин;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиги, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен бирге Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 22-июнундагы № 243 "Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин ижарага берүүнүн шарттары жана тартиби жөнүндө типтүү жобосун бекитүү тууралуу" токтомуна ылайык Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунан сугат айдоолорун берилген арыздардын негизинде республиканын үрөн чарбаларына бөлүп берүү маселесин карасын.
4. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлиги менен бирге республиканын айылдык товар өндүрүүчүлөрүн айыл чарба өсүмдүктөрүн өстүрүүнүн азыркы технологияларын колдонуу жана күнөсканаларды пайдалануу, ошондой эле тамчылатып сугаруунун азыркы методдоруна үйрөтүү борборлорун, эл аралык донорлорду тартуу менен кесиптик-техникалык лицейлердин базасында региондордо системалык ишти уюштурууну жүргүзсүн.
5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фонду:
- "Азык-түлүк программасы" фондунун каражаттарынын эсебинен республиканын айылдык товар өндүрүүчүлөрүнөн наабайчылык өндүрүшү үчүн Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлиги бекиткен квотага ылайык клейковинасы 23 пайыздан кем эмес үчүнчү класстын талаптарына жооп берген 2016-жылдын аштык буудай үрөнүнөн 20,0 миң тоннага чейин сатып алсын;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Нарын жана Ысык-Кел облустарындагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү менен бирге Нарын облусунун Нарын шаарында жана Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында кийин мамлекеттик резервдин региондук жоошуу сактоочу ишканаларына өз алдынча жооптуу ташуу менен аштык буудай үрөнүн даярдоо үчүн убактылуу пункттарды уюштурсун.
6. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттиги төмөнкүлөрдү белгилесин:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фонду республиканын айылдык товар өндүрүүчүлөрүнөн клейковинасы 23 пайыздан кем эмес үчүнчү класстагы 2016-жылдын аштык буудай данынын түшүмүнүн сатып алынуучу баасын - 2016-жылдын 1-июнуна чейин;
- суперэлита, элита үрөндөрүн, жазгы буудайдын, жазгы арпанын биринчи жана экинчи репродукция сортторунун үрөндөрүн, пахтанын, беденин, эспарцеттин, картөшкөнүн үрөндөрүн, ошондой эле 2016-жылдын жазгы себүүсүн бөлүштүрүү үчүн республикалык мамлекеттик үрөн фондунда топтолгон орточо жана кеч бышуучу гибриддик жүгөрүнүн биринчи муунунун үрөндөрүн сатып алуу баасын - 2016-жылдын 1-февралына чейин;
- суперэлита, элита үрөндөрүн жана 2017-жылдагы күзгү себүүнүн түшүмүн бөлүштүрүү үчүн республикалык мамлекеттик үрөн фондунда топтолгон күзгү буудайдын жана күзгү арпанын биринчи жана экинчи репродукция сортторун сатып алуу баасын - 2016-жылдын 1-августуна чейин.
7. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги:
- Чүй облусунун кызылча пункттарынан "Кайыңды Кант" ачык акционердик коомуна чейин кант кызылчасын жана кумшекерди республиканын ички темир жолунда ташуу жана кайра жеткирүү үчүн, ошондой эле тапшырылган кант кызылчасы үчүн дыйкандар менен эсептешүү үчүн каражаттарды издеп тапсын;
- Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин Суу чарба жана мелиорация департаментинин чарба объекттерин ремонттоо-калыбына келтирүү иштерин "Имараттар жана курулуштар" жана "Башка кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуу" беренелери боюнча каржылоонун жылдык көлөмүнүн акча каражаттарынын 80 пайызын 2016-жылдын биринчи жарым жылдыгында бөлүп берүүнү караштырып, биринчи кезекте каржылоону камсыз кылсын.
8. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Экономиканы өнүктүрүүнүн мамлекеттик фонду:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 18-ноябрындагы № 656 "Мамлекеттик зайымдык каражаттарды бөлүүнүн, эсепке алуунун жана кайтарууну камсыз кылуунун механизмдерин өркүндөтүү жөнүндө" токтомуна ылайык үрөн чарбаларынын жана башка чарба субъекттеринин 2017-жылдын 1-мартына чейин төлөө мөөнөтү менен жазгы буудайдын, жазгы арпанын, пахтанын, жүгөрүнүн жана картөшкөнүн тигилүүчү үрөндөрүнүн сертификацияланган үрөндөрүн пайызсыз товардык кредиттик тартибинде алууга кредиттик келишимдерин жана күрөө милдеттенмелерин өз убагында тариздесин;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1997-жылдын 25-июнундагы № 377 "Кыргыз Республикасынын бийик тоолуу жана алыскы райондорунда жашаган адамдарга мамлекеттик колдоо көрсөтүү жөнүндө" токтомуна ылайык Нарын облусунун бийик тоолуу райондорунун, Ош облусунун Алай жана Чоң-Алай райондорунун, Жалал-Абад облусунун Токтогул, Тогуз-Торо жана Чаткал райондорунун, Чүй облусунун Жайыл районунун Суусамыр айыл аймагынын, ошондой эле Баткен облусунун Баткен, Кадамжай жана Лейлек райондорунун, Ысык-Көл облусунун Ак-Суу, Жети-Өгүз, Ысык-Көл, Тоң жана Түп райондорунун айылдык товар өндүрүүчүлөрүнүн кредиттерин төлөө мөөнөтүн - 2017-жылдын 1-декабрына чейин белгилесин;
- күзгү буудайдын, күзгү арпанын, беденин жана эспарцеттин сертификацияланган үрөндөрүн республиканын баардык чарба субъекттеринин алуусунун 2017-жылдын 1-декабрына чейин төлөө мөөнөтүн тариздесин.
9. Кыргыз Республикасынын Нефтетрейдерлер ассоциациясына 2016-жылдагы айыл чарбасынын талаачылык иштеринин сезондук иштерин жүргүзүүдө нефти базаларда жана дизель майынын автомай куюучу станцияларында жана күйүүчү-майлоочу материалдардын башка түрлөрүн айылдык товар өндүрүүчүлөрдүн пайдалануусу үчүн 2-тиркемеге ылайык көлөмдө топтоону камсыздоо сунушталсын.
10. "Фермерлерге арзан кредит" жана "Айыл чарбасын каржылоо" мамлекеттик долбоорлорун ишке ашырууга тартылган "Айыл Банк" ачык акционердик коомуна, "РСК" ачык акционердик коомуна Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлигине 2016-жылдын 1-февралына чейинки мөөнөттө 2011-2015-жылдар мезгилинде талаачылыкты өнүктүрүүгө райондор жана облустар боюнча берилген кредиттердин көлөмдөрү жөнүндө маалымат берүү сунушталсын.
11. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин алдындагы "Кыргыз темир жолу" улуттук компаниясы" мамлекеттик ишканасы:
- "Кайыңды Кант" ачык акционердик коомунун карыздарынын негизинде кант кызылчаларын кабыл алуу пункттарынан аларды кайра иштетүү жерине чейин ташуу үчүн вагондордун зарыл болгон санын бөлсүн, ошондой эле өндүргөн кызылчачылар менен эсептешүүгө бөлүнгөн кумшекерди ташууну камсыз кылсын;
- "Кайыңды Кант" ачык акционердик коому менен түзүлгөн келишимдердин негизинде чийки кант кызылчасын кабыл алуу жана кайра иштетүү мезгилинде айып санкцияларысыз жүктөөгө жана түшүрүүгө пайдаланылуучу вагондордун ишсиз токтоп туруусун экономикалык жактан негизделген ченемдерин белгилесин;
- 2016-жылдын кант кызылчасынын түшүмүн кабыл алуу үчүн 2016-жылдын 1-октябрынан 31-декабрына чейинки мезгил белгиленсин, кант кызылчасын жана кумшекерди республикалык ички темир жолдо ташууга колдонуудагы тарифтерди 20 пайызга төмөндөтүү менен республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен 10 пайыз жана Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин алдындагы "Кыргыз темир жолу" улуттук компаниясы" мамлекеттик ишканасынын эсебинен 10 пайыз эсебиндеги убактылуу жеңилдик тарифтерин белгилесин.
12. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөр жай комплекси жана экология бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | Т.А. Сариев |
1-тиркеме
2016-жылы түшүм алуу үчүн айыл чарба өсүмдүктөрүнүн айдоо аянттарынын СУНУШТАЛГАН ТҮЗҮМҮ
(миң га)
Айыл чарба өсүмдүктөрүнүн аталышы | Республика боюнча | алардын ичинен облустар боюнча: | ||||||
Баткен | Жалал-Абад | Ысык-Көл | Нарын | Ош | Талас | Чүй | ||
1 | 2 | 3 | 4 | 5 | 6 | 7 | 8 | 9 |
Бардык дан жана дан буурчак өсүмдүктөрү | 626,6 | 34,6 | 62,8 | 90,1 | 26,1 | 94,9 | 65,8 | 252,3 |
анын ичинде: |
|
|
|
|
|
|
|
|
буудай | 291,0 | 13,1 | 18,8 | 59,8 | 11,6 | 56,5 | 6,9 | 124,3 |
арпа | 174,1 | 10,6 | 4,0 | 29,4 | 14,5 | 11,7 | 2,4 | 101,5 |
дандык жүгөрү | 95,1 | 6,2 | 35,4 | - | 0,011 | 24,5 | 4,5 | 24,5 |
дан буурчак | 56,5 | 2,1 | 0,8 | 0,2 | - | 0,6 | 52,0 | 0,8 |
Башка дан өсүмдүктөрү | 9,9 | 2,6 | 3,8 | 0,7 | - | 1,6 | - | 1,2 |
Кант кызылчасы | 6,0 |
|
|
|
|
| - | 6,0 |
Пахта | 17,9 | - | 10,0 |
|
| 7,9 |
|
|
Тамеки | 1,3 |
| 0,07 |
|
| 1,2 |
|
|
Май өсүмдүктөрү | 40,9 | 1,5 | 15,3 | 0,05 | - | 11,9 | 0,7 | 11,5 |
Картөшкө | 86,6 | 2,5 | 9,9 | 28,4 | 6,0 | 13,0 | 15,6 | 11,3 |
Жашылча | 49,5 | 2,9 | 11,3 | 2,0 | 0,5 | 9,1 | 3,8 | 20,1 |
Бакча өсүмдүктөрү | 11,2 | 0,2 | 4,1 |
|
| 2,3 | 0,05 | 4,5 |
Тоют өсүмдүктөрү, баардыгы | 350,6 | 15,9 | 34,3 | 72,1 | 72,2 | 33,1 | 18,4 | 104,7 |
2-тиркеме
2016-жылы айыл чарба иштерин жүргүзүү үчүн облустар боюнча күйүүчү-майлоочу материалдарга МУКТАЖДЫК
(тонна)
Облустардын аталышы | Дизель майы | Автобензин | Дизель майы | Автол | ||||||||||||
Баардыгы | анын ичинде | Баардыгы | анын ичинде | Баардыгы | анын ичинде | Баардыгы | анын ичинде | |||||||||
жазгы талаа иштерине | оруп жыйноо иштерине | күзгү талаа иштерине | жазгы талаа иштерине | оруп жыйноо иштерине | күзгү талаа иштерине | жазгы талаа иштерине | оруп жыйноо иштерине | күзгү талаа иштерине | жазгы талаа иштерине | оруп жыйноо иштерине | күзгү талаа иштерине | |||||
Республика боюнча | 96742 | 40467 | 41275 | 15000 | 23109 | 9743 | 9617 | 3749 | 4803 | 1770 | 1906 | 1127 | 1622 | 641 | 646 | 335 |
Баткен | 6147 | 3210 | 2087 | 850 | 1176 | 556 | 408 | 212 | 311 | 183 | 63 | 65 | 163 | 88 | 55 | 20 |
Жалал-Абад | 13418 | 5918 | 5500 | 2000 | 3604 | 1468 | 1636 | 500 | 510 | 160 | 200 | 150 | 229 | 106 | 78 | 45 |
Ысык-Көл | 12616 | 6446 | 4920 | 1250 | 2608 | 1913 | 383 | 312 | 472 | 224 | 153 | 95 | 205 | 107 | 70 | 28 |
Нарын | 6737 | 1911 | 4826 | - | 1347 | 382 | 965 | - | 337 | 96 | 241 | - | 118 | 34 | 84 | - |
Ош | 13868 | 4540 | 5928 | 3400 | 3873 | 1518 | 1505 | 850 | 690 | 185 | 250 | 255 | 213 | 63 | 75 | 75 |
Талас | 10498 | 6312 | 3186 | 1000 | 1647 | 874 | 523 | 250 | 550 | 316 | 159 | 75 | 117 | 63 | 32 | 22 |
Чүй | 33458 | 12130 | 14828 | 6500 | 8854 | 3032 | 4197 | 1625 | 1933 | 606 | 840 | 487 | 577 | 180 | 252 | 145 |
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2016-жылдын 29-январы № 31-б
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 29-декабрындагы № 573-б буйругунун редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын азык-түлүк коопсуздугун чыңдоо жана 2016-жылы сезондук айыл чарба талаачылык иштерин жүргүзүү үчүн чарбалык субъекттерге жагымдуу өндүрүштүк шарттарды камсыздоо максатында, "Кыргыз Республикасынын айыл чарбасын өнүктүрүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү:
- 2016-жылдагы эгилген айыл чарба өсүмдүктөрүнүн түшүмүн алуу үчүн Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги сунуштаган түзүмдү аткарууну 1-тиркемеге ылайык кабыл алышсын;
- жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен бирге жогорку кирешелүү айдоолорду жана экспортко багытталган айыл чарба өсүмдүктөрүн жайгаштыруу, тамчылатып сугаруу жана жамгырлатып сугаруу системаларын пайдалануу менен кайрак жана айдоо жерлердеги айыл чарба өсүмдүктөрүнүн айдоолорун жана жашылча-мөмө көчөттөрү, ошондой эле жашылча продукциясын өстүрүү үчүн күнөсканаларды куруу боюнча чарба субъекттерине түшүндүрүү иштерин жүргүзүшсүн;
- Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги менен бирге Кыргыз Республикасында өстүрүлгөн айыл чарба продукциясын республиканын айыл чарба товар өндүрүүчүлөрү үчүн алгылыктуу баалар боюнча даректүү сатууга алдын ала келишимдерди түзүү, ошондой эле республикадан беде уругун жана башка үрөн продукциясын сатууга рыноктук суроо-талапты изилдөө үчүн Евразия экономикалык бирлигинин өлкөлөрүнө барып-келүү маселесин иштеп чыгышсын;
- Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин маалыматтык-аналитикалык борборуна сезондук талаачылык айыл чарба иштерин жүргүзүүнүн жүрүшү жөнүндө жума сайын ыкчам маалымат берүүнү камсыз кылышсын;
- жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен бирге 2017-жылдагы түшүм алуу үчүн күзгү кылкандуу дан өсүмдүктөрүнүн айдоо аянттарынын түзүмүн иштеп чыгышсын жана аны коллегиянын жыйынында бекитишсин, 2016-жылдын 1-сентябрына карата Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигине беришсин.
2. Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин түзүмдүк бөлүмдөрү менен бирге чарба субъекттерине төмөнкүлөргө практикалык зарыл болгон жардамды көрсөтүшсүн:
- себүүчү, кыртыш иштетүүчү, оруп-жыюучу, тазалоочу, салмак ченөөчү жана транспорттук айыл чарба техникасын, техникалык жана агротехникалык сервистик тейлөөнү өз убагында жана сапаттуу ремонттоону жүргүзүүгө;
- 2016-жылдагы жазгы себүү жана 2017-жылдагы күзгү түшүм алуу үчүн зарыл болгон үрөн көлөмүн жана көчөт материалын даярдоону уюштурууга;
- жергиликтүү калкты тартуу аркылуу бир айлыкты жүргүзүү жөнүндө жарыялоо жолу менен ички чарбалык сугат тармактарын даярдоого;
- көп жылдык өсүмдүктөрдү - жемиштүү өсүмдүктөрдүн көчөттөрүн, ошондой эле жолдордун, арыктардын жана каналдардын бойлорунда талаа коргоочу тилкелерди калыбына келтирүү үчүн талдарды, теректерди, кара жыгачтарды даярдоо боюнча бир айлыкты өткөрүүгө;
- суу сактагычтарда жана башка суу булактарында сугат сууларын максималдуу топтоо боюнча чараларды көрүүгө;
- күзгү кылкандуу дан өсүмдүктөрүн себүү үчүн айдоолордун алдындагы сугаттарды, ошондой эле өз убагында ным топтоочу жана вегетациялык сугаттарды жүргүзүүгө;
- талаа скважиналарынын, насостук станциялардын, кырмандардын, иштетилүүчү ишканалардын, ошондой эле техникалык жана агротехникалык сервистердин иштөөсү үчүн электр энергиясын үзгүлтүксүз берүүгө.
3. Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү менен бирге жана эл аралык донорлордун катышуусу алдында 2016-жылдын экинчи кварталында органикалык-минералдык жер семирткичтерди, биопрепараттардын компосторун жана башка каражаттарды пайдалануу менен органикалык дыйканчылыктын технологияларын өнүктүрүү маселелери боюнча республикалык семинар өткөрсүн;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү менен бирге жана эл аралык донорлордун катышуусу алдында 2016-жылдын үчүнчү кварталында тамчылатып сугаруу жана жамгырлатып сугаруунун азыркы системаларын колдонуу менен кайрак жерде жашылча-мөмө өсүмдүктөрүн жана башка айыл чарба өсүмдүктөрүн өстүрүүгө, ошондой эле күнөсканаларда жашылча продукцияларын өстүрүүгө арналган республикалык көрсөтмө практикалык семинарын өткөрсүн;
- мамлекеттик сортторду сыноочу станцияларда жана мамлекеттик сорттоочу участоктордун базасында, жыл сайын өткөрүлүүчү "Талаачылык күнү" эгидасынын алдындагы иш-чараларды, жаңы сорттор жана айыл чарба өсүмдүктөрүнүн гибриддери менен фермерлерди тааныштыруу боюнча жана айыл чарба өсүмдүктөрүн өстүрүүдө алдыңкы технологияларды колдонуу, анын ичинде тамчылатып сугаруу боюнча зоналык региондук семинарды өткөрсүн;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 18-ноябрындагы № 656 "Мамлекеттик зайымдык каражаттарды бөлүү, эсепке алуу жана кайра кайтарууну камсыз кылуу механизмдерин өркүндөтүү жөнүндө" токтомуна ылайык 2016-жылдагы жазгы себүүдө жана 2017-жылдын күзгү себүүсүнүн түшүмү үчүн үрөнчүлүк чарбаларына жана республиканын айылдык товар өндүрүүчүлөрүнө кийин берүү үчүн Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Экономиканы өнүктүрүүнүн мамлекеттик фонду менен бирге республикалык мамлекеттик үрөн фондунда сертификацияланган суперэлита, элита, күзгү жана жазгы буудайдын, күзгү жана жазгы арпанын биринчи жана экинчи репродукция сортторун, пахтанын, беденин, эспарцеттин, картөшкөнүн үрөндөрүн, ошондой эле жүгөрүнүн орточо жана кеч бышкан биринчи муунунун үрөндөрүн топтоону үрөн чарбаларынын, ошондой эле айыл чарба кооперативдеринин мамлекеттик карыз каражаттары боюнча карыздарын төлөөнүн эсебинен камсыз кылсын;
- Товардык кредиттерди бөлүштүрүү боюнча республикалык мамлекеттик комиссиянын жумушчу жыйындарында үрөн чарбаларына жана айылдык товар өндүрүүчүлөргө аларды үрөндөр менен камсыз кылууда мамлекеттик колдоо көрсөтүү, ошондой эле үрөндөрдүн балансы боюнча жетишсиздигин толуктоодо республикалык мамлекеттик үрөн фондунда топтолгон товардык кредиттерди бөлүштүрүү боюнча суперэлитанын, элитанын сертификацияланган үрөндөрүн, жогоруда аталып өткөн айыл чарба өсүмдүктөрүнүн биринчи жана экинчи сортторунун репродукцияларын, ошондой эле жогоруда аталган айыл чарба өсүмдүктөрүнүн биринчи муунундагы гибриддерин өз убагында бөлүштүрсүн;
- 2016-жылдын 1-июлуна чейинки мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фондунун республиканын облустары жана райондору боюнча аштык буудайдын үрөндөрүн 20,0 миң тоннага чейин сатып алуу квотасын иштеп чыксын жана бекитсин;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиги, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен бирге Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 22-июнундагы № 243 "Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин ижарага берүүнүн шарттары жана тартиби жөнүндө типтүү жобосун бекитүү тууралуу" токтомуна ылайык Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунан сугат айдоолорун берилген арыздардын негизинде республиканын үрөн чарбаларына бөлүп берүү маселесин карасын.
4. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги менен бирге республиканын айылдык товар өндүрүүчүлөрүн айыл чарба өсүмдүктөрүн өстүрүүнүн азыркы технологияларын колдонуу жана күнөсканаларды пайдалануу, ошондой эле тамчылатып сугаруунун азыркы методдоруна үйрөтүү борборлорун, эл аралык донорлорду тартуу менен кесиптик-техникалык лицейлердин базасында региондордо системалык ишти уюштурууну жүргүзсүн.
5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фонду:
- "Азык-түлүк программасы" фондунун каражаттарынын эсебинен республиканын айылдык товар өндүрүүчүлөрүнөн наабайчылык өндүрүшү үчүн Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги бекиткен квотага ылайык клейковинасы 23 пайыздан кем эмес үчүнчү класстын талаптарына жооп берген 2016-жылдын аштык буудай үрөнүнөн 20,0 миң тоннага чейин сатып алсын;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Нарын жана Ысык-Кел облустарындагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү менен бирге Нарын облусунун Нарын шаарында жана Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында кийин мамлекеттик резервдин региондук жоошуу сактоочу ишканаларына өз алдынча жооптуу ташуу менен аштык буудай үрөнүн даярдоо үчүн убактылуу пункттарды уюштурсун.
6. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттиги төмөнкүлөрдү белгилесин:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фонду республиканын айылдык товар өндүрүүчүлөрүнөн клейковинасы 23 пайыздан кем эмес үчүнчү класстагы 2016-жылдын аштык буудай данынын түшүмүнүн сатып алынуучу баасын - 2016-жылдын 1-июнуна чейин;
- суперэлита, элита үрөндөрүн, жазгы буудайдын, жазгы арпанын биринчи жана экинчи репродукция сортторунун үрөндөрүн, пахтанын, беденин, эспарцеттин, картөшкөнүн үрөндөрүн, ошондой эле 2016-жылдын жазгы себүүсүн бөлүштүрүү үчүн республикалык мамлекеттик үрөн фондунда топтолгон орточо жана кеч бышуучу гибриддик жүгөрүнүн биринчи муунунун үрөндөрүн сатып алуу баасын - 2016-жылдын 1-февралына чейин;
- суперэлита, элита үрөндөрүн жана 2017-жылдагы күзгү себүүнүн түшүмүн бөлүштүрүү үчүн республикалык мамлекеттик үрөн фондунда топтолгон күзгү буудайдын жана күзгү арпанын биринчи жана экинчи репродукция сортторун сатып алуу баасын - 2016-жылдын 1-августуна чейин.
7. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги:
- Чүй облусунун кызылча пункттарынан "Кайыңды Кант" ачык акционердик коомуна чейин кант кызылчасын жана кумшекерди республиканын ички темир жолунда ташуу жана кайра жеткирүү үчүн, ошондой эле тапшырылган кант кызылчасы үчүн дыйкандар менен эсептешүү үчүн каражаттарды издеп тапсын;
- Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин Суу чарба жана мелиорация департаментинин чарба объекттерин ремонттоо-калыбына келтирүү иштерин "Имараттар жана курулуштар" жана "Башка кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуу" беренелери боюнча каржылоонун жылдык көлөмүнүн акча каражаттарынын 80 пайызын 2016-жылдын биринчи жарым жылдыгында бөлүп берүүнү караштырып, биринчи кезекте каржылоону камсыз кылсын.
8. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Экономиканы өнүктүрүүнүн мамлекеттик фонду:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 18-ноябрындагы № 656 "Мамлекеттик зайымдык каражаттарды бөлүүнүн, эсепке алуунун жана кайтарууну камсыз кылуунун механизмдерин өркүндөтүү жөнүндө" токтомуна ылайык үрөн чарбаларынын жана башка чарба субъекттеринин 2017-жылдын 1-мартына чейин төлөө мөөнөтү менен жазгы буудайдын, жазгы арпанын, пахтанын, жүгөрүнүн жана картөшкөнүн тигилүүчү үрөндөрүнүн сертификацияланган үрөндөрүн пайызсыз товардык кредиттик тартибинде алууга кредиттик келишимдерин жана күрөө милдеттенмелерин өз убагында тариздесин;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1997-жылдын 25-июнундагы № 377 "Кыргыз Республикасынын бийик тоолуу жана алыскы райондорунда жашаган адамдарга мамлекеттик колдоо көрсөтүү жөнүндө" токтомуна ылайык Нарын облусунун бийик тоолуу райондорунун, Ош облусунун Алай жана Чоң-Алай райондорунун, Жалал-Абад облусунун Токтогул, Тогуз-Торо жана Чаткал райондорунун, Чүй облусунун Жайыл районунун Суусамыр айыл аймагынын, ошондой эле Баткен облусунун Баткен, Кадамжай жана Лейлек райондорунун, Ысык-Көл облусунун Ак-Суу, Жети-Өгүз, Ысык-Көл, Тоң жана Түп райондорунун айылдык товар өндүрүүчүлөрүнүн кредиттерин төлөө мөөнөтүн - 2017-жылдын 1-декабрына чейин белгилесин;
- күзгү буудайдын, күзгү арпанын, беденин жана эспарцеттин сертификацияланган үрөндөрүн республиканын баардык чарба субъекттеринин алуусунун 2017-жылдын 1-декабрына чейин төлөө мөөнөтүн тариздесин.
9. Кыргыз Республикасынын Нефтетрейдерлер ассоциациясына 2016-жылдагы айыл чарбасынын талаачылык иштеринин сезондук иштерин жүргүзүүдө нефти базаларда жана дизель майынын автомай куюучу станцияларында жана күйүүчү-майлоочу материалдардын башка түрлөрүн айылдык товар өндүрүүчүлөрдүн пайдалануусу үчүн 2-тиркемеге ылайык көлөмдө топтоону камсыздоо сунушталсын.
10. "Фермерлерге арзан кредит" жана "Айыл чарбасын каржылоо" мамлекеттик долбоорлорун ишке ашырууга тартылган "Айыл Банк" ачык акционердик коомуна, "РСК" ачык акционердик коомуна Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигине 2016-жылдын 1-февралына чейинки мөөнөттө 2011-2015-жылдар мезгилинде талаачылыкты өнүктүрүүгө райондор жана облустар боюнча берилген кредиттердин көлөмдөрү жөнүндө маалымат берүү сунушталсын.
11. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлигинин алдындагы "Кыргыз темир жолу" улуттук компаниясы" мамлекеттик ишканасы:
- "Кайыңды Кант" ачык акционердик коомунун карыздарынын негизинде кант кызылчаларын кабыл алуу пункттарынан аларды кайра иштетүү жерине чейин ташуу үчүн вагондордун зарыл болгон санын бөлсүн, ошондой эле өндүргөн кызылчачылар менен эсептешүүгө бөлүнгөн кумшекерди ташууну камсыз кылсын;
- "Кайыңды Кант" ачык акционердик коому менен түзүлгөн келишимдердин негизинде чийки кант кызылчасын кабыл алуу жана кайра иштетүү мезгилинде айып санкцияларысыз жүктөөгө жана түшүрүүгө пайдаланылуучу вагондордун ишсиз токтоп туруусун экономикалык жактан негизделген ченемдерин белгилесин;
- 2016-жылдын кант кызылчасынын түшүмүн кабыл алуу мезгилине (2016-жылдын 1-сентябрынан 2017-жылдын 1-апрелине чейин), кант кызылчасын жана кумшекерди республикалык ички темир жолдо ташууга колдонуудагы тарифтерди 20 пайызга төмөндөтүү менен республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен 10 пайыз жана Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин алдындагы "Кыргыз темир жолу" улуттук компаниясы" мамлекеттик ишканасынын эсебинен 10 пайыз эсебиндеги убактылуу жеңилдик тарифтерин белгилесин.
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 29-декабрындагы № 573-б буйругунун редакциясына ылайык)
12. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөр жай комплекси жана экология бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр |
| Т. А. Сариев |
1-тиркеме
2016-жылы түшүм алуу үчүн айыл чарба өсүмдүктөрүнүн айдоо аянттарынын СУНУШТАЛГАН ТҮЗҮМҮ
(миң га)
Айыл чарба өсүмдүктөрүнүн аталышы | Республика боюнча | алардын ичинен облустар боюнча: | ||||||
Баткен | Жалал-Абад | Ысык-Көл | Нарын | Ош | Талас | Чүй | ||
1 | 2 | 3 | 4 | 5 | 6 | 7 | 8 | 9 |
Бардык дан жана дан буурчак өсүмдүктөрү | 626,6 | 34,6 | 62,8 | 90,1 | 26,1 | 94,9 | 65,8 | 252,3 |
анын ичинде: |
|
|
|
|
|
|
|
|
буудай | 291,0 | 13,1 | 18,8 | 59,8 | 11,6 | 56,5 | 6,9 | 124,3 |
арпа | 174,1 | 10,6 | 4,0 | 29,4 | 14,5 | 11,7 | 2,4 | 101,5 |
дандык жүгөрү | 95,1 | 6,2 | 35,4 | - | 0,011 | 24,5 | 4,5 | 24,5 |
дан буурчак | 56,5 | 2,1 | 0,8 | 0,2 | - | 0,6 | 52,0 | 0,8 |
Башка дан өсүмдүктөрү | 9,9 | 2,6 | 3,8 | 0,7 | - | 1,6 | - | 1,2 |
Кант кызылчасы | 6,0 |
|
|
|
|
| - | 6,0 |
Пахта | 17,9 | - | 10,0 |
|
| 7,9 |
|
|
Тамеки | 1,3 |
| 0,07 |
|
| 1,2 |
|
|
Май өсүмдүктөрү | 40,9 | 1,5 | 15,3 | 0,05 | - | 11,9 | 0,7 | 11,5 |
Картөшкө | 86,6 | 2,5 | 9,9 | 28,4 | 6,0 | 13,0 | 15,6 | 11,3 |
Жашылча | 49,5 | 2,9 | 11,3 | 2,0 | 0,5 | 9,1 | 3,8 | 20,1 |
Бакча өсүмдүктөрү | 11,2 | 0,2 | 4,1 |
|
| 2,3 | 0,05 | 4,5 |
Тоют өсүмдүктөрү, баардыгы | 350,6 | 15,9 | 34,3 | 72,1 | 72,2 | 33,1 | 18,4 | 104,7 |
2-тиркеме
2016-жылы айыл чарба иштерин жүргүзүү үчүн облустар боюнча күйүүчү-майлоочу материалдарга МУКТАЖДЫК
(тонна)
Облустардын аталышы | Дизель майы | Автобензин | Дизель майы | Автол | ||||||||||||
Баардыгы | анын ичинде | Баардыгы | анын ичинде | Баардыгы | анын ичинде | Баардыгы | анын ичинде | |||||||||
жазгы талаа иштерине | оруп жыйноо иштерине | күзгү талаа иштерине | жазгы талаа иштерине | оруп жыйноо иштерине | күзгү талаа иштерине | жазгы талаа иштерине | оруп жыйноо иштерине | күзгү талаа иштерине | жазгы талаа иштерине | оруп жыйноо иштерине | күзгү талаа иштерине | |||||
Республика боюнча | 96742 | 40467 | 41275 | 15000 | 23109 | 9743 | 9617 | 3749 | 4803 | 1770 | 1906 | 1127 | 1622 | 641 | 646 | 335 |
Баткен | 6147 | 3210 | 2087 | 850 | 1176 | 556 | 408 | 212 | 311 | 183 | 63 | 65 | 163 | 88 | 55 | 20 |
Жалал-Абад | 13418 | 5918 | 5500 | 2000 | 3604 | 1468 | 1636 | 500 | 510 | 160 | 200 | 150 | 229 | 106 | 78 | 45 |
Ысык-Көл | 12616 | 6446 | 4920 | 1250 | 2608 | 1913 | 383 | 312 | 472 | 224 | 153 | 95 | 205 | 107 | 70 | 28 |
Нарын | 6737 | 1911 | 4826 | - | 1347 | 382 | 965 | - | 337 | 96 | 241 | - | 118 | 34 | 84 | - |
Ош | 13868 | 4540 | 5928 | 3400 | 3873 | 1518 | 1505 | 850 | 690 | 185 | 250 | 255 | 213 | 63 | 75 | 75 |
Талас | 10498 | 6312 | 3186 | 1000 | 1647 | 874 | 523 | 250 | 550 | 316 | 159 | 75 | 117 | 63 | 32 | 22 |
Чүй | 33458 | 12130 | 14828 | 6500 | 8854 | 3032 | 4197 | 1625 | 1933 | 606 | 840 | 487 | 577 | 180 | 252 | 145 |
Премьер-министр | С.Ш. Жээнбеков |