КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 18-февралындагы № 61-б (Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги менен Россия Федерациясынын Финансы министрлигинин ортосундагы Кыргыз Республикасына Россия Федерациясынын кайтарымсыз финансылык жардам көрсөтүүсү жөнүндө макулдашуунун долбооруна макулдук берүү тууралуу) буйругу
Бул документ орус тилинде да барОрусча
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2016-жылдын 18-февралы № 61-б
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги менен Россия Федерациясынын Финансы министрлигинин ортосундагы Кыргыз Республикасына Россия Федерациясынын кайтарымсыз финансылык жардам көрсөтүүсү жөнүндө макулдашуунун расмий тилде тиркелген долбооруна принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен макулдук берилсин.
Премьер-министр | Т.А. Сариев |