Редакцияот 25.02.2016
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

БУЙРУК

2016-жылдын 25-февралы № 70-б

"Кыргыз Республикасындагы бюджеттик укуктун негизги принциптери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 21 -статьясына ылайык:

Аскердик милдетин аткарууда кырсыктан каза болгон Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабынын 20636 аскер бөлүгүнүн мөөнөттүү кызматынын аскер кызматкери, катардагы жоокер Мурат уулу Дастандын үй-бүлөсүнө материалдык жардам көрсөтүү үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн резервдик фондунан Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасына 100 000 (жүз миң) сом бөлүнсүн.

 

Премьер-министр

Т.А. Сариев