Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын
2023-жылдын 8-сентябрындагы № 466 тескемесине ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ
БУЙРУК
2016-жылдын 27-январы № 39
Кадрдык өзгөрүүлөргө байланыштуу, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 18-беренесине ылайык:
Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2015-жылдын 14-июлундагы № 313 буйругуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Отун-энергетикалык комплексин жөнгө салуу боюнча мамлекеттик агенттигинин коллегия мүчөлөрүнүн курамына Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын өнөр жай, отун-энергетикалык комплекси жана кен пайдалануу бөлүмүнүн башчысы А.И.Акматалиев киргизилсин;
- коллегия мүчөлөрүнүн курамынан Т.Ш.Джунушалиев чыгарылсын;
- "Энергетика жана өнөр жай" деген сөздөр "Экономика" деген сөз менен алмаштырылсын.
Премьер-министр | Т.А. Сариев |