Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2015-жылдын 18-ноябры № 561-б
Мамлекеттик мүлктү натыйжалуу пайдалануу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонд белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунда жайгашкан Орто-Токой (Касан-Сай) суу сактагычын гидротехникалык курулмалар комплекси менен мамлекеттик менчикке кабыл алсын жана Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин Суу чарба жана мелиорация департаментинин ыкчам башкаруусуна өткөрүп берсин.
2. Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин Суу чарба жана мелиорация департаменти белгиленген тартипте:
- ушул буйруктун 1-пунктунда көрсөтүлгөн Орто-Токой (Касан-Сай) суу сактагычын гидротехникалык курулмалар комплекси менен ыкчам башкарууга кабыл алсын;
- алардын сакталуусун камсыз кылсын жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык максаттуу багыты боюнча пайдалансын;
- ушул буйруктун 1-пунктунда көрсөтүлгөн объекттин наркын бааласын;
- ушул буйруктан келип чыгуучу уюштуруу жана башка чараларды көрсүн.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы белгиленген тартипте ушул буйруктун 1-пунктунда көрсөтүлгөн объектти ыкчам башкаруу укугун Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин Суу чарба жана мелиорация департаментине каттасын.
4. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги 2016-жылга республикалык бюджетке жана 2017-2018-жылдарга болжолго өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүүдө ушул буйруктун 1-пунктунда көрсөтүлгөн объектти күтүүгө 9,6 млн сом суммасындагы чыгымдарды эсепке алсын.
5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин Суу чарба жана мелиорация департаментине ушул буйруктун 1-пунктунда көрсөтүлгөн объектти эксплуатациялоодо колдоо көрсөтсүн.
6. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги ушул буйруктун 1-пунктунд.а көрсөтүлгөн объектти компетенциясынын чегинде кайтарууну камсыздасын.
7. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөр жай комплекси жана экология бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | Т.А. Сариев |