Сравнение редакций…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2016-жылдын 18-февралы № 64-б
2012-жылдын 20-сентябрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн ортосундагы Жогорку-Нарын гидроэлектрстанциялар каскадын жана Камбар-Ата-1 ГЭСин куруу жана эксплуатациялоо жөнүндө макулдашууларды денонсациялоого байланыштуу россия тарап жана анын ыйгарым укуктуу уюмдары тарткан чыгымдарды компенсациялоо жөнүндөгү маселени чечүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:
1. 2012-жылдын 20-сентябрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн ортосундагы Жогорку-Нарын гидроэлектрстанциялар каскадын жана Камбар-Ата-1 ГЭСин куруу жана эксплуатациялоо жөнүндө макулдашууларды денонсациялоого байланыштуу россия тарап жана анын ыйгарым укуктуу уюмдары тарткан чыгымдарды компенсациялоо жөнүндөгү маселени чечүү боюнча ведомстволор аралык жумушчу топ (мындан ары - ведомстволор аралык жумушчу топ) тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
2. Ведомстволор аралык жумушчу топ эки айлык мөөнөттө:
- жогоруда аталган макулдашууларды ишке ашыруунун алкагында иш жүзүндө чыгымдалган акчалай каражаттарга ревизия жүргүзсүн;
- үлүштү өткөрүп берүү тартиби жана россия тарап жана анын ыйгарым укуктуу уюмдары тарткан чыгымдарды (графиги камтылган) компенсациялоо жөнүндө иш-аракеттердин планынын долбоорун иштеп чыксын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын кароосуна киргизсин;
- Жогорку-Нарын гидроэлектрстанциялар каскадын, Камбар-Ата-1 ГЭСин жана башка келечектүү гидроэлектрстанцияларды куруу долбоорлорун ишке ашыруу үчүн инвесторлорду тартуу механизмин иштеп чыксын.
3. Ведомстволор аралык жумушчу топко зарылдыгына жараша мамлекеттик органдардын адистерин жана көз карандысыз эксперттерди белгиленген тартипте ишке тартуу укугу берилсин.
4. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын өнөр жай, отун-энергетикалык комплекси жана кен пайдалануу бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | Т.А. Сариев |
Тиркеме
2012-жылдын 20-сентябрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн ортосундагы Жогорку-Нарын гидроэлектрстанциялар каскадын жана Камбар-Ата-1 ГЭСин куруу жана эксплуатациялоо жөнүндө макулдашууларды ишке ашыруунун алкагында россия тарап жана анын ыйгарым укуктуу уюмдары тарткан чыгымдарды компенсациялоо жөнүндөгү маселени чечүү боюнча ведомстволор аралык жумушчу топтун КУРАМЫ
Кыргыз Республикасынын экономика министринин орун басары, ведомстволор аралык жумушчу топтун жетекчиси;
Кыргыз Республикасынын юстиция министринин орун басары, ведомстволор аралык жумушчу топтун жетекчисинин орун басары.
Ведомстволор аралык жумушчу топтун мүчөлөрү:
Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин коррупцияга каршы кызматынын директорунун орун басары;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын төрагасынын орун басары;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун төрагасынын орун басары;
Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын аудитору (макулдашуу боюнча);
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттиктин директорунун орун басары;
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин алдындагы Мамлекеттик сатып алуулар департаментинин директору;
"Улуттук энергетикалык холдинг компаниясы" ачык акционердик коомунун жетекчиси (макулдашуу боюнча);
"Электр станциялар" ачык акционердик коомунун башкы директору (макулдашуу боюнча);
"Жогорку-Нарын ГЭС" жабык акционердик коомунун башкармасынын төрагасы (макулдашуу боюнча);
"Жогорку-Нарын ГЭС" жабык акционердик коомунун башкармасынын төрагасынын орун басары (макулдашуу боюнча
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2016-жылдын 18-февралы № 64-б
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 15-ноябрындагы № 492-б буйругунун редакциясына ылайык)
2012-жылдын 20-сентябрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн ортосундагы Жогорку-Нарын гидроэлектрстанциялар каскадын жана Камбар-Ата-1 ГЭСин куруу жана эксплуатациялоо жөнүндө макулдашууларды денонсациялоого байланыштуу россия тарап жана анын ыйгарым укуктуу уюмдары тарткан чыгымдарды компенсациялоо жөнүндөгү маселени чечүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:
1. 2012-жылдын 20-сентябрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн ортосундагы Жогорку-Нарын гидроэлектрстанциялар каскадын жана Камбар-Ата-1 ГЭСин куруу жана эксплуатациялоо жөнүндө макулдашууларды денонсациялоого байланыштуу россия тарап жана анын ыйгарым укуктуу уюмдары тарткан чыгымдарды компенсациялоо жөнүндөгү маселени чечүү боюнча ведомстволор аралык жумушчу топ (мындан ары - ведомстволор аралык жумушчу топ) тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
2. Ведомстволор аралык жумушчу топ 2017-жылдын 1-февралына чейинки мөөнөттө:
- жогоруда аталган макулдашууларды ишке ашыруунун алкагында иш жүзүндө чыгымдалган акчалай каражаттарга ревизия жүргүзсүн;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына россия тарап менен макулдашылган төмөнкүдөй документтерди бекитүүгө киргизсин:
россия тарап жана анын ыйгарым укуктуу уюмдары тарткан чыгымдарды төлөөнүн тартиби жөнүндө макулдашуулардын долбоорлору;
Үлүштү өткөрүп берүү, россия тарап жана анын ыйгарым укуктуу уюмдары тарткан чыгымдарды (графиги камтылган) компенсациялоо тартиби жөнүндө иш-аракеттердин планынын долбоору;
- Жогорку-Нарын гидроэлектрстанциялар каскадын жана Камбар-Ата-1 ГЭСин куруу долбоорлорун ишке ашыруу үчүн инвесторлорду тартуу механизмин иштеп чыксын.
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 15-ноябрындагы № 492-б буйругунун редакциясына ылайык)
2-1. Ведомстволор аралык жумушчу топко россия тарап менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө ыйгарым укук берилсин.
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 15-ноябрындагы № 492-б буйругунун редакциясына ылайык)
3. Ведомстволор аралык жумушчу топко зарылдыгына жараша мамлекеттик органдардын адистерин жана көз карандысыз эксперттерди белгиленген тартипте ишке тартуу укугу берилсин.
4. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын өнөр жай, отун-энергетикалык комплекси жана кен пайдалануу бөлүмүнө жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри |
| Т.Сариев |
Тиркеме
2012-жылдын 20-сентябрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн ортосундагы Жогорку-Нарын гидроэлектрстанциялар каскадын жана Камбар-Ата-1 ГЭСин куруу жана эксплуатациялоо жөнүндө макулдашууларды ишке ашыруунун алкагында россия тарап жана анын ыйгарым укуктуу уюмдары тарткан чыгымдарды компенсациялоо жөнүндөгү маселени чечүү боюнча ведомстволор аралык жумушчу топтун
КУРАМЫ
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 15-ноябрындагы № 492-б буйругунун редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары, ведомстволор аралык жумушчу топтун жетекчиси;
Кыргыз Республикасынын Юстиция министринин орун басары, ведомстволор аралык жумушчу топтун жетекчисинин орун басары.
Ведомстволор аралык жумушчу топтун мүчөлөрү:
Кыргыз Республикасынын Финансы министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын төрагасынын орун басары;
Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Коррупцияга каршы кызматынын директорунун орун басары;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Соттук өкүлчүлүк борборунун директорунун орун басары;
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Эл аралык укук департаментинин директору;
Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын башкы мамлекеттик инспектору (макулдашуу боюнча);
"Улуттук энергетикалык холдинг компаниясы" ачык акционердик коомунун башкармалыгынын төрагасы (макулдашуу боюнча);
"Электр станциялар" ачык акционердик коомунун генералдык директору (макулдашуу боюнча).