Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2016-жылдын 19-февралы № 67-б
Айылдык товар өндүрүүчүлөргө мамлекеттик колдоо көрсөтүү, айыл чарба жумуштарын жүргүзүүдө аларды минералдык жер семирткичтер менен камсыздоо максатында, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фондунун "Азык-түлүк программасынын" атайын эсебиндеги калдык каражаттарды эске алып, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги белгиленген тартипте:
- Өзбекстан Республикасынан минералдык жер семирткичтерди сатып алуу чыгымдарын финансылоону караган "Кыргыз Республикасынын 2016-жылга республикалык бюджети жана 2017-2018-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө киргизсин;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фондунун "Азык-түлүк программасынын" атайын эсебиндеги каражаттарынын 132,4 млн. сом суммадагы калдыгын пайдалануу жөнүндө маселени Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет жана финансы боюнча комитети менен 2016-жылга бюджетке өзгөртүү киргизгенге чейин макулдашсын.
2. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын финансы жана кредит саясаты бөлүмүнө, агроөнөр жай комплекси жана экология бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | Т.А. Сариев |