КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2016-жылдын 25-февралы № 71-б
Бишкек шаарынын Медициналык тез жардам көрсөтүү станциясынын материалдык-техникалык базасын чындоо максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине, "Кыргыз Республикасында бажылык жөнгө салуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматы "Кыргызстан Сорос Фонду" коомдук фондунун арызынын негизинде 2003-жылы чыгарылган, кыймылдаткычынын № 2RZ3086086, кузовунун № JТ141UHB707011081 "Тойота Хай Эйс" маркасындагы автомашинаны мамлекеттин пайдасына баш тартуу бажылык жол-жобосунда тариздесин.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонд ушул буйруктун 1-пунктунда аталган автотранспорт каражатын мамлекеттин менчигине белгиленген тартипте кабыл алсын жана Бишкек шаарынын Медициналык тез жардам көрсөтүү станциясынын ыкчам башкаруусуна өткөрүп берсин.
3. Бишкек шаарынын Медициналык тез жардам көрсөтүү станциясы ушул буйруктун 1-пунктунда аталган автотранспорт каражатын белгиленген тартипте ыкчам башкарууга кабыл алсын.
4. Ушул буйруктун аткарылышы контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | Т.А. Сариев |