Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2016-жылдын 1-марты № 77-б
Бийликтин аткаруу бутагынын системасындагы түзүмдүк жана функционалдык өзгөртүүлөргө байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 5-ноябрындагы № 11-VI "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн түзүмү жөнүндө" токтомуна, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын 30-мартындагы № 110-б буйругуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
- жогоруда аталган буйрук менен бекитилген Чек ара маселелери боюнча Өкмөттүк комиссия жөнүндө жободо:
5-пунктунда:
- биринчи абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри, Комиссиянын төрагасы;";
- үчүнчү абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчисинин биринчи орун басары рангындагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чек ара маселелери боюнча атайын өкүлү, Комиссиянын төрагасынын орун басары;";
- төртүнчү, сегизинчи жана он экинчи абзацтар күчүн жоготту деп таанылсын;
- төмөнкүдөй мазмундагы он төртүнчү абзац менен толукталсын:
"Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик коргоо иштери боюнча комитетинин төрагасы;";
- төмөнкүдөй мазмундагы он жетинчи абзац менен толукталсын;
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик миграция кызматынын төрагасы;";
7-пунктундагы "чек араларды делимитациялоо маселелери боюнча" деген сөздөр "чек ара маселелери боюнча" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
Премьер-министр | Т.А. Сариев |