КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2016-жылдын 3-марты № 84-б
Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттердин ортосунда кызматтык жана жарандык куралды алып өтүү жана ички транзиттөө менен байланышкан мамилелерди жөнгө салуу максатында, "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 8-беренесине ылайык:
1. Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттердин ортосунда кызматтык жана жарандык куралды алып өтүү жөнүндө макулдашуунун расмий тилде тиркелген долбоору жактырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри О.М.Панкратовго принциптүү эмес мүнөздөгү оңдоолорду киргизүү укугу менен аталган Макулдашууга кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
Премьер-министр | Т.А. Сариев |