Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2016-жылдын 3-марты № 87-б
Ак ниет эмгеги жана Кыргыз Республикасын өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 18-беренесине ылайык төмөнкүлөр Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ардак грамотасы менен сыйлансын:
Айжигитов Дастанбай Абдирашитович | - | Кыргыз Республикасынын Чүй облустук сотунун судьясы; |
Арапбаев Нурсейит Макенович | - | Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун судьясы; |
Батыралиев Болотбек Бакирович | - | Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун судьясы; |
Дербишев Мамырбек Кадырбекович | - | Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Мамлекеттик адистештирилген күзөт кызматы башкы башкармалыгынын Бишкек шаарынын Октябрь райондук бөлүмүнүн начальниги; |
Исабеков Нарынбек Дюшекеевич | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын Кадастр жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо департаментинин директору; |
Касмалиева Света Кадыровна | - | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппаратынын Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин бөлүм башчысы; |
Кутукеев Кожогазы Кыдыралиевич | - | Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Бакай-Ата райондук финансы бөлүмүнүн начальниги; |
Ли Павел Андреевич | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин контроль жана ички аудит башкармасынын начальниги; |
Омурканов Малик Жееналиевич | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын Кадастр жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо департаментинин Жети-Өгүз райондук жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармасынын начальниги; |
Рыбалкина Антонина Дмитриевна | - | Бишкек шаардык сотунун судьясы; |
Рыскулова Жыпаркуль Адылбековна | - | Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн Иш башкармасынын экономика бөлүмүнүн башчысы; |
Урманбетов Джекшенбек Аширбекович | - | Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин алдындагы Стандартташтыруу жана метрология борборунун директорунун орун басары; |
Эсенканов Качыке | - | Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасынын орун басары; |
Эшматов Дамир Алымкулович | - | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппаратынын Бюджет жана финансы боюнча комитетинин бөлүм башчысынын орун басары. |
Премьер-министр | Т.А. Сариев |