КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2016-жылдын 14-марты № 99-б
Россия-Кыргыз өнүктүрүү фондунун Уставынын 8-беренесине (Кыргыз Республикасынын 2014-жылдын 30-декабрындагы № 174 Мыйзамы менен ратификацияланган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн ортосундагы Россия-Кыргыз өнүктүрүү фонду жөнүндө макулдашуунун № 1 тиркемеси), "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:
1. Россия-Кыргыз өнүктүрүү фондунун Башкармасынын төрагасы Ахметова Нурсулу Меирбековна кызматынан бошотулсун.
2. Кулматов Кубанычбек Кенешевич 3 жылдык мөөнөткө Россия-Кыргыз өнүктүрүү фондунун Башкармасынын төрагасы болуп дайындалсын.
Премьер-министр | Т.А. Сариев |