КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 8-июлундагы № 374-т тескемесине ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2016-жылдын 14-марты № 101-б
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 6-мартындагы № 80-б буйругуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизилсин:
жогоруда аталган буйрук менен бекитилген Кыргыз Республикасынын чет мамлекеттер менен соода-экономикалык, илимий-техникалык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө кызматташуусу боюнча өкмөттөр аралык биргелешкен комиссиялардын кыргыз бөлүгүнүн төрагаларынын тизмесинде:
- 4 жана 5-пункттардын "Өкмөттөр аралык комиссиянын кыргыз бөлүгүнүн төрагасы" графасындагы "Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 10, 11 жана 12-пункттардын "Өкмөттөр аралык комиссиянын кыргыз бөлүгүнүн төрагасы" графасындагы "Кыргыз Республикасынын Эмгек, миграция жана жаштар министри" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүгүү министри" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 18-пункттун "Өкмөттөр аралык комиссиянын кыргыз бөлүгүнүн төрагасы" графасындагы "Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министри" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 21 жана 28-пункттардын "Өкмөттөр аралык комиссиянын кыргыз бөлүгүнүн төрагасы" графасындагы "Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министри" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Экономика министри" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 30-пункттун "Өкмөттөр аралык комиссиянын кыргыз бөлүгүнүн төрагасы" графасындагы "Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Экономика министри" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 33-пункттун "Өкмөттөр аралык комиссиянын кыргыз бөлүгүнүн төрагасы" графасындагы "Кыргыз Республикасынын Финансы министри" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министри" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- төмөнкүдөй мазмундагы 35-пункт менен толукталсын:
"
35 | Экономикалык жана техникалык кызматташтык боюнча өкмөттөр аралык кыргыз-кувейт биргелешкен комиссиясы | - Кыргыз Республикасынын Финансы министри |
".
Премьер-министр | Т.А. Сариев |