Редакцияот 25.01.2016
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КР Премьер-министринин 2017-жылдын 27-январындагы № 66 буйругуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ

БУЙРУК

2016-жылдын 25-январы № 27

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 16-ноябрындагы № 768 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жаңы түзүмүнүн бекитилгендигине байланыштуу уюштуруу чаралары жөнүндө", 2015-жылдын 2-декабрындагы № 819 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттик жөнүндө" токтомдоруна ылайык:

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин коллегиясынын мүчөлөрү болуп төмөнкүлөр бекитилсин:

Аманкулов Канат Маратович

-

Кыргыз Республикасынын Улуттук олимпиадалык комитетинин башкы катчысы;

Баялиева Кундуз Искендербековна

-

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнүн эксперти;

Матмусаев Бакыт Аманович

-

Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин кесиптик жана дене-тарбия боюнча даярдык башкармалыгынын начальниги;

Касымов Камчыбек

-

Спорттун улуттук жана стол үстүндөгү түрлөрү боюнча олимпиадалык резервдеги балдар-өспүрүмдөр адистештирилген спорт мектебинин директору;

Шерматов Курбанбек Садыкович

-

Бишкек шаардык дене тарбия жана спорт боюнча комитеттин төрагасынын орун басары (макулдашуу боюнча);

Бейшебаев Миндибек Аттокурович

-

Талас облустук дене тарбия жана спорт бөлүмүнүн начальниги;

Аманкулова Адельфия Адылшаевна

-

"Лигал Просперити" коомдук фондунун программалык координатору (макулдашуу боюнча).

2. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:

- Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2011-жылдын 16-февралындагы № 114 буйругу;

- Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2012-жылдын 11-июнундагы № 488 буйругу;

- Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2013-жылдын 5-февралындагы № 47 буйругу;

- Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2013-жылдын 25-июнундагы № 287 буйругу;

- Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2015-жылдын 2-мартындагы № 49 буйругу;

- Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2015-жылдын 22-июлундагы № 322 буйругу.

 

Премьер-министр

Т.А. Сариев