Сравнение редакций…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ
БУЙРУК
2016-жылдын 24-марты № 142
(КР Премьер-министринин 2017-жылдын 21-июнундагы № 439 буйругунун редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын "Э.З.Гареев атындагы ботаникалык бак" Илимий-изилдөө институтунун оперативдүү башкаруусунда турган Ботаникалык бактын аймагын калыбына келтирүүгө жана өнүктүрүүгө көмөк көрсөтүү максатында:
1. 2016-2017-жылдарга Биринчи кезектеги чаралардын планынын (мындан ары - План) долбоорун жана 2020-жылга чейин "Азия тоо багы" катары ботаникалык бакты калыбына келтирүү концепциясынын (мындан ары - Концепция) долбоорун иштеп чыгуу боюнча ведомстволор аралык жумушчу топ тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
2. Ведомстволор аралык жумушчу топ:
- 2017-жылдын 15-июнуна чейин Ботаникалык бакты сактап калуу жана калыбына келтирүү үчүн биринчи кезектеги чаралардын тизмегин, анын ичинде аймакты тазалоону жана кайтарууну, тосмолорду, сугаруу системасын калыбына келтирүүнү, ботаникалык бактын аймагын топографиялык тартууларды жүргүзүүнү, "Э.З.Гареев атындагы ботаникалык бак" Илимий-изилдөө институтунун жайларын жеке адамдар тарабынан ижаралоо тууралуу маселени, Ботаникалык бактын аймагын элдин келүүсү үчүн ачууну, экскурсияларды, лекцияларды уюштурууну, китепканаларды ачууну, Ботаникалык бакты коргоону күчөтүү бөлүгүндө ченемдик укуктук актыларга толуктоолорду киргизүүнү жана башка чараларды караган пландын долбоорун иштеп чыксын;
- 2017-жылдын 15-сентябрына чейин 2020-жылга чейин "Азия тоо бага" катары ботаникалык бактын аймагын калыбына келтирүү боюнча концепциянын долбоорун иштеп чыксын жана Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин алдындагы Илим жана инновациялар боюнча кеңештин жыйынына кароого киргизсин;
- "Арча жаратылыш мурасын сактоо боюнча демилгеси" коомдук фондун Пландын жана Концепциянын долбоорлорун иштеп чыгууга тартсын (макулдашуу боюнча);
- Пландын жана Концепциянын долбоорлорун мамлекеттик органдарды, илимий чөйрөнү, бизнес-коомчулукту, жарандык секторду жана донордук коомчулукту кошо, бардык кызыкдар тараптардын катышуусу менен иштеп чыгуу процессинин ачык-айкындыгын камсыздасын.

3. Ведомстволор аралык жумушчу топко белгиленген тартипте төмөнкүлөргө укук берилсин:
- улуттук жана эл аралык эксперттерди, консультанттарды, мамлекеттик органдардын жана уюмдардын адистерин ишке тартууга;
- мамлекеттик органдардан жүктөлгөн милдеттерди ишке ашыруу үчүн материалдарды талап кылууга жана алууга.
4. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министри |
| Т. А.Сариев |
Тиркеме
2016-2017-жылдарга Биринчи кезектеги чаралардын планынын жана 2020-жылга чейин "Азия тоо багы" катары Ботаникалык бакты калыбына келтирүү концепциясынын долбоорлорун иштеп чыгуу боюнча ведомстволор аралык жумушчу топтун КУРАМЫ

Кудайбердиева Гульмира Каримовна | - | Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министри, ведомстволор аралык жумушчу топтун төрагасы; |
Муратов Абдиманнап Аттокурович | - | Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министринин орун басары - Илим департаментинин директору, ведомстволор аралык жумушчу топтун төрагасынын орун басары; |
Джуматаев Мурат Садырбекович | - | Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын президентинин милдетин аткаруучу, ведомстволор аралык жумушчу топтун төрагасынын орун басары (макулдашуу боюнча); |
Нургазиев Рысбек Зарылдыкович | - | Кыргыз Республикасынын К.И.Скрябин атындагы Улуттук агрардык университетинин ректору (макулдашуу боюнча); |
Кармышаков Улукбек Тойчуевич | - | Кыргыз Республикасынын Финансы министринин орун басары; |
Иманалиев Данияр Шаршенбекович | - | Кыргыз Республикасынын Экономика министринин орун басары; |
Дооталиев Улан Тимурович | - | Кыргыз Республикасынын Юстиция министринин орун басары; |
Байзаков Самат Шейшенбекович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматынын төрагасынын орун басары; |
Мураталиев Бакытбек Байымбетович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун төрагасынын орун басары; |
Дуйшенова Жылдыз Кадыркуловна | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин эл аралык бөлүмүнүн башкы адиси; |
Исаков Эркинбек Куменович | - | Бишкек шаарынын вице-мэри (макулдашуу боюнча); |
Тулебердиев Асхат Темирбекович | - | Бишкек шаарынын башкы архитектору (макулдашуу боюнча); |
Сарымсакова Бактыгуль Усеновна | - | Бишкек башкы архитектурасынын ландшафттык-парктык архитектура бөлүмүнүн начальниги (макулдашуу боюнча); |
Ахматов Медет Кенжебаевич | - | Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын "Э.З.Гареев атындагы ботаникалык бак" илимий-изилдөө институтунун директору (макулдашуу боюнча); |
Кенжебаева Назгул Викторовна | - | Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын "Э.З.Гареев атындагы ботаникалык бак" илимий-изилдөө институтунун окумуштуу катчысы (макулдашуу боюнча). |
КР Министрлер Кабинетинин Төрагасынын 2023-жылдын 1-декабрындагы
№ 622 тескемесине ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ