Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин Төрагасынын 2023-жылдын 1-декабрындагы
№ 622 тескемесине ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ
БУЙРУК
2016-жылдын 4-апрели № 154
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2016-жылдын 15-мартындагы № 58 "Ишкердик субъекттеринин жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын иштерин укук коргоо жана салык органдары тарабынан текшерүүдө аларды укуктук коргоо боюнча кошумча чаралар жөнүндө" Жарлыгын ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 18-беренесине ылайык:
1. Ведомстволор аралык жумушчу топ тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
2. Ведомстволор аралык жумушчу топ:
- эки жумалык мөөнөттө ишкердик субъекттеринин жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын иштерин укук коргоо жана салык органдары тарабынан негизсиз текшерүүдөн аларды системалуу укуктук коргоонун моделин караган ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун иштеп чыксын жана Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигине киргизсин;
- эки айлык мөөнөттө ишкердик субъекттеринин жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын иштерин укук коргоо жана салык органдары тарабынан негизсиз текшерүүдөн аларды системалуу укуктук коргоонун моделин ишке киргизүү үчүн керектүү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын долбоорлорун иштеп чыксын жана Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигине киргизсин.
3. Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 19, 22 жана 23-беренелеринин талаптарын аткаруу менен ушул буйруктун 2-пунктунда көрсөтүлгөн ченемдик укуктук актыларды белгиленген тартипте киргизсин.
4. Ведомстволор аралык жумушчу топко министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, административдик ведомстволордун адистерин, ошондой эле көз карандысыз эксперттерди жана консультанттарды зарылдыкка жараша, белгиленген тартипте ишке тартуу укугу берилсин.
5. Кыргыз Республикасынын министрликтеринин, мамлекеттик комитеттеринин, административдик ведомстволорунун жетекчилери ведомстволор аралык жумушчу топтун суроо-талабы боюнча керектүү маалыматты ыкчам тартипте беришсин жана анын ишине ар тараптан көмөк көрсөтүшсүн.
6. Ведомстволор аралык жумушчу топтун ишин уюштуруу, методологиялык жана башка камсыздоо Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигине жана Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасына (макулдашуу боюнча) жүктөлсүн.
7. Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги ведомстволор аралык жумушчу топко жүктөлгөн миссияны аткарууга көмөк көрсөтүү үчүн анын ишине эл аралык донорлорду тартсын.
8. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө жана коррупцияга каршы саясат бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | Т.А. Сариев |
Тиркеме
Панкратов Олег Михайлович | - | Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри, ведомстволор аралык жумушчу топтун жетекчиси; |
Иманалиев Данияр Шаршенбаевич | - | Кыргыз Республикасынын Экономика министринин орун басары, ведомстволор аралык жумушчу топтун жетекчисинин орун басары; |
Искендеров Азат | - | Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын соттук реформа жана мыйзамдуулук бөлүмүнүн эксперти, ведомстволор аралык жумушчу топтун жетекчисинин орун басары (макулдашуу боюнча). |
Ведомстволор аралык жумушчу топтун мүчөлөрү: | ||
Саякбаев Тилек Дженишбекович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коррупцияга каршы саясат бөлүмүнүн башчысы; |
Тюменбаев Баккельды Рахимович | - | Кыргыз Республикасынын Экономика министринин орун басары; |
Абдылдаев Урак Какенович | - | Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын башкармалыгынын улук прокурору (макулдашуу боюнча); |
Акматалиев Манас Кенешбекович | - | Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын улук прокурору (макулдашуу боюнча); |
Джандаев Эмиль Жолдошбекович | - | Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын бөлүмүнүн начальниги (макулдашуу боюнча); |
Усенбекова Айнура Доктурбаевна | - | Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин ишкердик ишти жөнгө салуу башкармалыгынын начальниги; |
Айдаралиев Кубан Исагалиевич | - | Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин фискалдык саясат башкармалыгынын начальниги; |
Шатманалиев Кубат Шаршенбекович | - | Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин ишкердик ишти жөнгө салуу башкармалыгынын контролдук-көзөмөлдүк ишти жөнгө салуу секторунун башчысы; |
Бакасов Султан Бакасович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин укуктук камсыздоо бөлүмүнүн башчысы; |
Токтосунов Мирлан | - | Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин Коррупцияга каршы кызматынын оперкызматкери; |
Орозбаев Пальмир Джанакеевич | - | Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин укуктук камсыздоо жана эл аралык кызматташтык башкармалыгынын начальниги; |
Асылкулов Искендер Эсенгельдиевич | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын укуктук жана апелляциялык иш башкармалыгынын начальниги; |
Самсалиев Абдималик Асанович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтын уюштуруу-инспектордук жана укуктук иш бөлүмүнүн начальниги; |
Сагындыков Турат Арстанбекович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн инспектору; |
Пономарев Сергей Васильевич | - | Кыргызстандын базар жана соода ишканаларынын ассоциациясынын төрагасы (макулдашуу боюнча); |
Кыдырбаев Улук | - | Бизнес-ассоциациялардын улуттук агенттигинин катчылыгынын башчысы (макулдашуу боюнча); |
Абакиров Элдар | - | Жаш ишкерлер ассоциациясынын мүчөсү (ЖИА) (макулдашуу боюнча); |
Шаршеева Аида | - | Кыргыз Республикасында инвестициялык климатты жакшыртуу боюнча эл аралык финансылык корпорациясынын консультанты (IFC) (макулдашуу боюнча); |
Задорожный Александр | - | Кыргыз Республикасында инвестициялык климатты жакшыртуу боюнча эл аралык финансылык корпорациясынын консультанты (IFC) (макулдашуу боюнча). |