КР Президентинин 2022-жылдын 31-майындагы ПЖ № 172 Жарлыгына ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Бишкек ш., Өкмөт Үйү 2001-жылдын 2-майы ПУ N 151 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН УКАЗЫ Кыргыз Республикасында аймактык коомдук өз алдынча башкаруу органдарынын ролун жана жоопкерчилигин жогорулатуу боюнча чаралар жөнүндө Аймактык коомдук өз алдынча башкаруу органдарынын жигердүүлүгүнжана демилгесин, микроаймактардын калкынын күндөлүк турмуштукмаселелерин чечүүдө алардын ролун, өз алдынчалуулугун жанажоопкерчилигин жогорулатуу максатында токтом кылам: 1. Аймактык коомдук өз алдынча башкаруу органдарынын ишин артараптан жакшыртуу жана өркүндөтүү Кыргыз Республикасында жергиликтүүөз алдынча башкарууну реформалоонун жањы этабынын негизги багыттарынынбири деп эсептелсин. 2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү эки айлык мөөнөттө КыргызРеспубликасынын Президентине караштуу жергиликтүү өз алдынчабашкарууну реформалоону колдоо боюнча Комиссиянын, КыргызРеспубликасынын жергиликтүү жаматтарынын Конгрессинин сунуштарын карапчыксын жана төмөнкүдөй жоболорду кабыл алсын: – Кыргыз Республикасындагы аймактык коомдук өз алдынча башкарууоргандары жөнүндө; – аймактык коомдук өз алдынча башкаруу органдары менен милдеттүүтүрдө алдын ала макулдашылуучу аймактарды өнүктүрүү маселелерининтизмесин бекитүү жөнүндө; – аймактык коомдук өз алдынча башкаруу органдарынын кызматкерлерименен активисттеринин материалдык жана моралдык кызыгуусун жогорулатуубоюнча чаралар жөнүндө. 3. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү мамлекеттикадминистрацияларынын жана жергиликтүү өз алдынча башкарууларынынбашчылары аймактык коомдук өз алдынча башкаруу органдарынын ишининнатыйжалуулугун жогорулатуу, аймактык коомдук өз алдынча башкарууоргандарынын кызматкерлери менен активисттеринин материалдык жанаморалдык кызыгуусун стимулдаштыруу боюнча иш-чараларды иштеп чыксын. 4. Жергиликтүү бийлик органдарынын иш практикасына аймактыккоомдук өз алдынча башкаруу органдарынын ишинин жыйынтыгын чыгарууменен алардын активисттеринин жана кызматкерлеринин ар жылдыкчогулуштарын өткөрүү киргизилсин. 5. Бул Указдын аткарылышына контролдук кылуу милдети КыргызРеспубликасынын Президентинин Администрациясынын уюштуруу иштер жанамамлекеттик башкаруу саясаты бөлүмүнө жүктөлсүн. 6. Бул Указ жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет. Кыргыз Республикасынын Президенти А.Акаев