КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2016-жылдын 22-марты № 118-б
"Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесине ылайык, Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык боюнча уюмдун Бишкек шаарындагы Академиясынын андан ары иштөөсүнүн максатында:
1. Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык боюнча уюмдун Бишкек шаарындагы Академиясынын андан ары иштөөсү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык боюнча уюмдун ортосундагы Өз ара түшүнүшүү тууралуу меморандумдун расмий тилде тиркелген долбоору жактырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрине жогоруда аталган Меморандумга принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
Премьер-министр | Т.А. Сариев |