Сравнение редакций…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2016-жылдын 23-марты № 122-б
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Таиланд Королдугунун Өкмөтүнүн ортосундагы Дипломатиялык жана кызматтык паспорттордун ээлери үчүн визасыз режим жөнүндө макулдашуунун долбоору принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен жактырылсын.
Премьер-министр | Т.А. Сариев |
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана Таиланд Королдугунун Өкмөтү мындан ары "Тараптар" деп аталып;
эки өлкөнүн ортосунда достук мамилелерди өнүктүрүүнү каалап, жарандарынын өз ара барып-келүүлөрүн жөнөкөйлөтүүгө умтулуп;
төмөндөгүлөр жөнүндө макулдашышты:
1-берене.
1. Кыргыз Республикасынын дипломатиялык жана кызматтык жарактуу паспортторунун ээлерине, эгерде алар Таиланд Королдугунда кандайдыр бир башка иш, эмгек же ишкердик менен алектенишпеген шартта, Таиланд Королдугунун аймагына токсон (90) күндөн ашпаган мөөнөткө кирүү, чыгуу жана транзит жана болуу үчүн виза алуу талап кылынбайт.
2. Таиланд Королдугунун дипломатиялык жана кызматтык жарактуу паспортторунун ээлерине, эгер алар Кыргыз Республикасында кандайдыр бир башка иш, эмгек же ишкердик менен алектенишпеген шартта, Кыргыз Республикасынын аймагына токсон (90) күндөн ашпаган мөөнөткө кирүү, чыгуу жана транзит жана болуу үчүн виза алуу талап кылынбайт.
2-берене.
1. Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүгүнүн же консулдук мекемесинин кызматкерлери болуп дайындалган же Таиланд Королдугунда эл аралык уюмдарда Кыргыз Республикасынын өкүлдөрү болгон Кыргыз Республикасынын жарактуу дипломатиялык жана кызматтык паспортторунун ээлери, ошондой эле Кыргыз Республикасынын дипломатиялык же кызматтык жарактуу паспорттору бар алардын үй-бүлө мүчөлөрү Таиланд Королдугунун аймагына токсон (90) күндөн ашпаган мөөнөткө виза албай кирүүгө, чыгууга же болууга укуктуу. Башка мөөнөт Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин же Таиланд Королдугунун аймагында аккредиттелген Кыргыз Республикасынын Элчилигинин өтүнүчү боюнча берилет жана алар дайындалган толук мөөнөт бүткөнгө чейин узартылышы мүмкүн.
2. Таиланд Королдугунун дипломатиялык өкүлчүлүгүнүн же консулдук мекемесинин кызматкерлери болуп дайындалган же Кыргыз Республикасында Таиланд Королдугунун эл аралык уюмдарынын өкүлдөрү болгон Таиланд Королдугунун жарактуу дипломатиялык жана кызматтык паспортторунун ээлери, ошондой эле, Таиланд Королдугунун дипломатиялык же кызматтык жарактуу паспорттору бар алардын үй-бүлө мүчөлөрү Кыргыз Республикасынын аймагына токсон (90) күндөн ашпаган мөөнөткө виза албай кирүүгө, чыгууга же болууга укуктуу. Башка мөөнөт Таиланд Королдугунун Тышкы иштер министрлигинин же Кыргыз Республикасынын аймагында аккредиттелген Таиланд Королдугунун Элчилигинин өтүнүчү боюнча берилет жана алар дайындалган толук мөөнөт бүткөнгө чейин узартылышы мүмкүн.
3-берене.
Тараптардын ар биринин дипломатиялык жана кызматтык жарактуу паспортторунун ээлери ушул Макулдашуунун 1 же 2-беренелеринин жоболору менен каралган виза алуудан, чет өлкөлүк жарандардын кирүүсүн, чыгуусун жана келүүсүн жөнгө салуучу тийиштүү мыйзамдарды жана эрежелерди сактаган шартта бошотулууга укуктуу, эл аралык жүргүнчүлөрдү ташууну ишке ашыруу үчүн ар кандай ачык пункт аркылуу Тараптардын ар биринин аймагына кире алышат жана чыга алышат.
4-берене.
Тараптар чет өлкөлүк жарандардын кирүүсүн, чыгуусун жана болуусун жөнгө салуучу мыйзамдардагы жана эрежелердеги кандайдыр бир өзгөрүүлөр жөнүндө кыска мөөнөттө дипломатиялык каналдар боюнча бири-бирине маалымдоого тийиш.
5-берене.
Ушул Макулдашуу биринчи Тараптын мамлекетинин жарандарын экинчи Тараптын аймагында болгон учурда келген мамлекеттин аймагында колдонулуучу мыйзамдарды жана эрежелерди сактоого милдеттендирет.
6-берене.
Тараптардын ар биринин компетенттүү органдары коомдук тартиптин, ден-соолукту сактоонун же улуттук коопсуздуктун ой-пикирлеринен улам ушул Макулдашууда каралган виза алуудан бошотулган экинчи Тараптын мамлекетинин жарандарынын кирүүсүнөн баш тартууга же болуу мөөнөтүн чектөөгө укуктуу.
7-берене.
Тараптардын ар бири коомдук тартипти, ден-соолукту сактоо же улуттук коопсуздукту колдоонун ой-пикирлеринен улам ушул Макулдашууну колдонууну жарым жартылай же толук токтото алат. Мындай чечим экинчи Тарапка дипломатиялык канал боюнча отуз (30) күндөн кечиктирбей кабарландырылат.
8-берене.
1. Тараптар дипломатиялык каналдар боюнча ушул Макулдашуу күчүнө кирген күнгө чейин отуз (30) күн мурун дипломатиялык жана кызматтык жарактуу паспорттордун үлгүлөрү менен алмашышат.
2. Тараптардын бири жаңы дипломатиялык же кызматтык паспортторду киргизген учурда Тараптардын ар бири дипломатиялык каналдар боюнча экинчи Тарапка жаңы паспорттордун үлгүсү тууралуу аларды колдонууга киргизгенге чейин отуз (30) күн мурун маалымдоого тийиш.
9-берене.
Бул Макулдашууну ишке ашыруудан же колдонуудан келип чыккан ар кандай пикир келишпестиктер Тараптардын ортосунда сүйлөшүүлөрдү жана консультацияларды жүргүзүү жолу менен жөнгө салынууга тийиш.
10-берене.
1. Ушул Макулдашуу анын күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболорду Тараптардын аткаргандыгы жөнүндө жазуу түрүндөгү акыркы билдирүүнү алган күндөн алтымыш (60) күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
2. Ушул Макулдашуу ___________ жылдык мөөнөткө түзүлдү жана эгерде Тараптардын бири экинчи Тарапка бул Макулдашууну колдонууну токтотуу тууралуу өзүнүн ниети жөнүндө токсон (90) күнгө чейин билдирбесе, ал автоматтык түрдө кийинки ________ жылдык мөөнөткө узарат.
3. Ушул Макулдашууга Тараптардын ар биринин жазуу түрүндөгү өз ара макулдашуусу боюнча өзгөртүүлөр киргизилиши мүмкүн.
Буларды күбөлөндүрүү үчүн өздөрүнүн тийиштүү өкмөттөрү тарабынан ушул Макулдашууга ыйгарым укуктуу өкүлдөрү кол коюшту.
_______________, 201__-жылдын ___- ____________ эки түп нускада, кыргыз, орус, англис жана тай тилдеринде кол коюлду.
Ушул Макулдашуунун жоболорун чечмелөөдө каршы пикирлер пайда болгон учурда Макулдашуучу Тараптар англис тилиндеги текстти жетекчиликке алышат.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү үчүн |
| Таиланд Королдугунун Өкмөтү үчүн |
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2016-жылдын 23-марты № 122-б
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 10-октябрындагы № 424-б буйругунун редакциясына ылайык)
"Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 8 жана 10-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Таиланд Королдугунун Өкмөтүнүн ортосундагы Дипломатиялык жана кызматтык паспорттордун ээлери үчүн визасыз режим жөнүндө макулдашуунун тиркелген долбоору жактырылсын.
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 10-октябрындагы № 424-б буйругунун редакциясына ылайык)
2. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министринин орун басары Усенов Азамат Эркинбековичке Макулдашуунун долбооруна принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 10-октябрындагы № 424-б буйругунун редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Премьер- министри |
| Т.Сариев |
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Таиланд Королдугунун Өкмөтүнүн ортосундагы Дипломатиялык жана кызматтык паспорттордун ээлери үчүн визасыз режим жөнүндө
МАКУЛДАШУУ
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана Таиланд Королдугунун Өкмөтү мындан ары "Тараптар" деп аталып;
эки өлкөнүн ортосунда достук мамилелерди өнүктүрүүнү каалап, жарандарынын өз ара барып-келүүлөрүн жөнөкөйлөтүүгө умтулуп;
төмөндөгүлөр жөнүндө макулдашышты:
1-берене.
1. Кыргыз Республикасынын дипломатиялык жана кызматтык жарактуу паспортторунун ээлерине, эгерде алар Таиланд Королдугунда кандайдыр бир башка иш, эмгек же ишкердик менен алектенишпеген шартта, Таиланд Королдугунун аймагына токсон (90) күндөн ашпаган мөөнөткө кирүү, чыгуу жана транзит жана болуу үчүн виза алуу талап кылынбайт.
2. Таиланд Королдугунун дипломатиялык жана кызматтык жарактуу паспортторунун ээлерине, эгер алар Кыргыз Республикасында кандайдыр бир башка иш, эмгек же ишкердик менен алектенишпеген шартта, Кыргыз Республикасынын аймагына токсон (90) күндөн ашпаган мөөнөткө кирүү, чыгуу жана транзит жана болуу үчүн виза алуу талап кылынбайт.
2-берене.
1. Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүгүнүн же консулдук мекемесинин кызматкерлери болуп дайындалган же Таиланд Королдугунда эл аралык уюмдарда Кыргыз Республикасынын өкүлдөрү болгон Кыргыз Республикасынын жарактуу дипломатиялык жана кызматтык паспортторунун ээлери, ошондой эле Кыргыз Республикасынын дипломатиялык же кызматтык жарактуу паспорттору бар алардын үй-бүлө мүчөлөрү Таиланд Королдугунун аймагына токсон (90) күндөн ашпаган мөөнөткө виза албай кирүүгө, чыгууга же болууга укуктуу. Башка мөөнөт Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин же Таиланд Королдугунун аймагында аккредиттелген Кыргыз Республикасынын Элчилигинин өтүнүчү боюнча берилет жана алар дайындалган толук мөөнөт бүткөнгө чейин узартылышы мүмкүн.
2. Таиланд Королдугунун дипломатиялык өкүлчүлүгүнүн же консулдук мекемесинин кызматкерлери болуп дайындалган же Кыргыз Республикасында Таиланд Королдугунун эл аралык уюмдарынын өкүлдөрү болгон Таиланд Королдугунун жарактуу дипломатиялык жана кызматтык паспортторунун ээлери, ошондой эле, Таиланд Королдугунун дипломатиялык же кызматтык жарактуу паспорттору бар алардын үй-бүлө мүчөлөрү Кыргыз Республикасынын аймагына токсон (90) күндөн ашпаган мөөнөткө виза албай кирүүгө, чыгууга же болууга укуктуу. Башка мөөнөт Таиланд Королдугунун Тышкы иштер министрлигинин же Кыргыз Республикасынын аймагында аккредиттелген Таиланд Королдугунун Элчилигинин өтүнүчү боюнча берилет жана алар дайындалган толук мөөнөт бүткөнгө чейин узартылышы мүмкүн.
3-берене.
Тараптардын ар биринин дипломатиялык жана кызматтык жарактуу паспортторунун ээлери ушул Макулдашуунун 1 же 2-беренелеринин жоболору менен каралган виза алуудан, чет өлкөлүк жарандардын кирүүсүн, чыгуусун жана келүүсүн жөнгө салуучу тийиштүү мыйзамдарды жана эрежелерди сактаган шартта бошотулууга укуктуу, эл аралык жүргүнчүлөрдү ташууну ишке ашыруу үчүн ар кандай ачык пункт аркылуу Тараптардын ар биринин аймагына кире алышат жана чыга алышат.
4-берене.
Тараптар чет өлкөлүк жарандардын кирүүсүн, чыгуусун жана болуусун жөнгө салуучу мыйзамдардагы жана эрежелердеги кандайдыр бир өзгөрүүлөр жөнүндө кыска мөөнөттө дипломатиялык каналдар боюнча бири-бирине маалымдоого тийиш.
5-берене.
Ушул Макулдашуу биринчи Тараптын мамлекетинин жарандарын экинчи Тараптын аймагында болгон учурда келген мамлекеттин аймагында колдонулуучу мыйзамдарды жана эрежелерди сактоого милдеттендирет.
6-берене.
Тараптардын ар биринин компетенттүү органдары коомдук тартиптин, ден-соолукту сактоонун же улуттук коопсуздуктун ой-пикирлеринен улам ушул Макулдашууда каралган виза алуудан бошотулган экинчи Тараптын мамлекетинин жарандарынын кирүүсүнөн баш тартууга же болуу мөөнөтүн чектөөгө укуктуу.
7-берене.
Тараптардын ар бири коомдук тартипти, ден-соолукту сактоо же улуттук коопсуздукту колдоонун ой-пикирлеринен улам ушул Макулдашууну колдонууну жарым жартылай же толук токтото алат. Мындай чечим экинчи Тарапка дипломатиялык канал боюнча отуз (30) күндөн кечиктирбей кабарландырылат.
8-берене.
1. Тараптар дипломатиялык каналдар боюнча ушул Макулдашуу күчүнө кирген күнгө чейин отуз (30) күн мурун дипломатиялык жана кызматтык жарактуу паспорттордун үлгүлөрү менен алмашышат.
2. Тараптардын бири жаңы дипломатиялык же кызматтык паспортторду киргизген учурда Тараптардын ар бири дипломатиялык каналдар боюнча экинчи Тарапка жаңы паспорттордун үлгүсү тууралуу аларды колдонууга киргизгенге чейин отуз (30) күн мурун маалымдоого тийиш.
9-берене.
Бул Макулдашууну ишке ашыруудан же колдонуудан келип чыккан ар кандай пикир келишпестиктер Тараптардын ортосунда сүйлөшүүлөрдү жана консультацияларды жүргүзүү жолу менен жөнгө салынууга тийиш.
10-берене.
1. Ушул Макулдашуу анын күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболорду Тараптардын аткаргандыгы жөнүндө жазуу түрүндөгү акыркы билдирүүнү алган күндөн алтымыш (60) күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
2. Ушул Макулдашуу ___________ жылдык мөөнөткө түзүлдү жана эгерде Тараптардын бири экинчи Тарапка бул Макулдашууну колдонууну токтотуу тууралуу өзүнүн ниети жөнүндө токсон (90) күнгө чейин билдирбесе, ал автоматтык түрдө кийинки ________ жылдык мөөнөткө узарат.
3. Ушул Макулдашууга Тараптардын ар биринин жазуу түрүндөгү өз ара макулдашуусу боюнча өзгөртүүлөр киргизилиши мүмкүн.
Буларды күбөлөндүрүү үчүн өздөрүнүн тийиштүү өкмөттөрү тарабынан ушул Макулдашууга ыйгарым укуктуу өкүлдөрү кол коюшту.
_______________, 201__-жылдын ___- ____________ эки түп нускада, кыргыз, орус, англис жана тай тилдеринде кол коюлду.
Ушул Макулдашуунун жоболорун чечмелөөдө каршы пикирлер пайда болгон учурда Макулдашуучу Тараптар англис тилиндеги текстти жетекчиликке алышат.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү үчүн | Таиланд Королдугунун Өкмөтү үчүн |