Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2016-жылдын 28-марты № 128-б
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматы менен Корея Республикасынын Финансылык чалгындоо бөлүмүнүн ортосунда кызматташтыкты өнүктүрүү максатында, "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесине ылайык:
Кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу (изин жашыруу), предикаттык кылмыштар жана терроризмди каржылоо менен байланышкан маалыматтарды алмашуу боюнча кызматташуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматы менен Корея Республикасынын Финансылык чалгындоо бөлүмүнүн ортосундагы Өз ара түшүнүшүү тууралуу меморандумдун расмий тилде тиркелген долбооруна принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен макулдук берилсин.
Премьер-министр | Т.А. Сариев |