Редакцияот 28.03.2016
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

БУЙРУК

2016-жылдын 28-марты № 130-б

"Мамлекеттик материалдык резерв жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Кара-Суу районунун Барак эксклавынын тургундарына акысыз гуманитардык жардам көрсөтүү максатында:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фонду:

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратына Ош облусунун Кара-Суу районунун Барак эксклавынын тургундары үчүн 5,0 тонна биринчи сорттогу унду берсин;

- он эки айдын ичинде мамлекеттик материалдык резервдер фондуна фонддун каражаттарынын эсебинен 5,0 тонна биринчи сорттогу унду сактоого койсун.

2. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 2016-жылга Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин бюджетинде каралган министрликтин каражаттарынын эсебинен Ош облусунун Кара-Суу районунун Барак эксклавына гуманитардык жүктү жеткирүүнү камсыз кылсын.

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппараты Ош облусунун Кара-Суу районунун Барак эксклавынын тургундарына гуманитардык жардамды бекер негизде даректүү бөлүштүрүүнү камсыз кылсын.

4. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөр жай комплекси жана экология бөлүмүнө жүктөлсүн.

 

Премьер-министр

Т.А. Сариев