Сравнение редакций…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2016-жылдын 30-марты № 132-б
"Жер казынасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 24-беренесине ылайык Акарт ак мрамор кенин комплекстүү жана сарамжалдуу өздөштүрүүгө инвестиция тартуу максатында:
1. Акарт ак мрамор кенин иштетүү максатында жер казынасын пайдалануу укугуна конкурс өткөрүүнүн шарттары жана тартиби жана жеңүүчүнү аныктоонун критерийлери тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 23-декабрындагы № 624-б буйругу менен түзүлгөн ведомстволор аралык конкурстук комиссия Акарт ак мрамор кенин иштетүү максатында жер казынасын пайдалануу укугуна белгиленген тартипте конкурс өткөрсүн.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттик Акарт ак мрамор кенин иштетүү максатында жер казынасын пайдалануу укугуна конкурс өткөрүү тууралуу жалпыга маалымдоо каражаттарында кулактандыруу жарыяласын.
4. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын өнөр жай, отун-энергетикалык комплекси жана кен пайдалануу бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | Т.А. Сариев |
Тиркеме
1. Жалпы жоболор
1. Акарт ак мрамор кенин иштетүү максатында жер казынасын пайдалануу укугуна конкурс Кыргыз Республикасы үчүн кыйла пайдалуу шарттарды сунуштаган жеңүүчүнү аныктоо максатында өткөрүлөт.
2. Конкурска Акарт ак мрамор кенин иштетүү максатында, конкурстун жеңүүчүсү тарабынан лицензиялык шарттар аткарылганда техникалык долбоорго ылайык андан ары 20 жылдык мөөнөткө узартуу менен координаттардын тик бурчтуу системасында төмөндөгү бурчтук чекиттер менен жер казынасын пайдалануу укугу коюлат:
Чекиттер № | X | Y |
1 | 13281801 | 4435459 |
2 | 13282117 | 4435295 |
3 | 13281883 | 4434822 |
4 | 13281698 | 4434919 |
S = 14,85 га | ||
2. Жалпы маалыматтар
3. Акарт ак мрамор кени Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Ноокат районунун аймагында, Алай тоо кыркаларынын, түндүк тоо этегинде, Жаңы-Ноокат айылынан 30 км түштүккө карай Чиле өзөнүнүн жанында, Ош - Ноокат авто магистралына түздөн-түз жакын жайгашкан. Жакынкы темир жол станциясына чейин 15 км (Кызыл-Кыя станциясы), абсолюттук белгилери 2700 м. ден 2880 м. ге чейин өзгөрүлүп турат.
4. Экономикалык жактан бул район өнүккөн жана калк жыш жайгашкан. Бул жерде калктуу конуштар жана шаарлар: Кызыл-Кыя шаары (50 км), Ош (90 км), Ноокат айылы (35 км) орун алган.
Негизги гидрографиялык элементи Акарт жана Гезарт куймалары менен Чиле өзөнү болуп саналат. Өзөн суусун жергиликтүү жашоочулар ичүү максатында жана ирригация үчүн колдонушат.
5. Кен чыккан жер Алай тоо кыркаларынын аймагындагы кыйла изилденген аймактардын бирине кирет. Акарт ак мрамор кени биринчи жолу 1980-жылы Ш.С.Закиров тарабынан беттелүүчү чийки зат деп баяндалган. Издөө-баалоо жумуштары 1985-жылы жүргүзүлүп, 1986-жылы алдын ала чалгындоо башталган, 1988-1992-жылдары деталдуу чалгындоо жүргүзүлгөн.
6. Жүргүзүлгөн иштердин натыйжасында орто карбондун пыркаф свитасынын А пачкасы Акарт кенинин өндүрүмдүү калың катмары деп белгиленген. А пачкасынын тоо тектери орто жана ири бүртүктүү массивдүү ак мраморлор түзүмүнөн турат, ал кендин түндүк бөлүгүн Б пачкасынын майда, орто бүртүктүү түзүмүндөгү катмарлуу ала-була жана боз түстөгү мраморлор менен жаап турат.
7. Мрамордун сапатын изилдөө "Беттелүүчү буюмдарды чыгаруу үчүн жаратылыш таштардан жасалган блоктор" 9479-84 - МамСт, "Жаратылыш таштарынан таарылган беттелүүчү плиталар" 9480-77 - МамСт, "Жаратылыш таштарынан көркөмдөлгөн шагыл жана кум" 22856-77 МамСтнын талаптарын канааттандыруучу блокторду жана беттелүүчү плиталарды алуу менен камсыздалган.
8. Акарт кениндеги ак мраморлордун запастары 1985-1987-жылдары жана 1988-1992-жылдары этап менен өткөрүлгөн алдын ала жана толук чалгындоонун натыйжасы боюнча эсептелген. Мраморлордун запастарын эсептөө үчүн 12 блок бөлүнгөн: А категориясы боюнча - 2 блок, В - 4 блок жана С1 - 6 блок. Мындан тышкары мраморлордун запастары жана кенди ачуу үчүн казылган кыртыштын көлөмү биринчи кезекте иштетүү үчүн өзүнчө бөлүнгөн.
9. Запастарды эсептөөнүн натыйжасында А+В+С1 категориялары боюнча өндүрүмдүү калың катмарлардын жалпы запасы 3127 миң м3 экендиги аныкталды, анын ичинде:
- А категориясы боюнча - 346 миң м3;
- В категориясы боюнча - 763 миң м3;
- С1 категориясы боюнча - 2018 миң м3;
А+В+С1 категориясы боюнча биринчи кезекте иштетилүүчү запас 485 миң м3 түздү, анын ичинде:
- А категориясы боюнча - 119 миң м3;
- В категориясы боюнча - 191 миң м3;
- С1 категориясы боюнча - 175 миң м3.
Запастардын жана алардын чалгындалган даражаларынын катышы кен казуучу ишканаларды долбоорлоонун шарттарын канааттандырат. Кен өнөр жайлык өздөштүрүүгө толук даярдалган.
3. Конкурстун катышуучуларына карата негизги талаптар
10. Конкурска катышууга төмөнкүлөргө жол берилет:
- Кыргыз Республикасында катталган юридикалык жактар;
- чет мамлекетте катталган юридикалык жактар (мындан ары - чет өлкөлүк юридикалык жактар);
- жеке жактар, анын ичинде Кыргыз Республикасынын мыйзамдары боюнча жеке ишкер катары катталган чет өлкөлүк жарандар.
11. Ушул Шарттардын 10-пунктунда аталган жактар конкурска катышууга жол берүү үчүн төмөнкүдөй талаптарга шайкеш келүүсү керек:
- геология жана тоо-кен тармактарында иш тажрыйбасына ээ болуу, кен чыккан жерди иштетүүнүн жана пайдалуу кенди кайра иштетүүнүн заманбап технологияларына ээ болуу жана колдонуу;
- Акарт ак мрамор кенин иштетүү үчүн өздүк каражаттарга жана/же керектүү кошумча каржылоону тартуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болуу.
Аталган жактар өзүнүн ишинде өнөр жай коопсуздугу, экологиялык коопсуздук, жер казынасын коргоо жана жер казынасын сарамжалдуу пайдалануу жаатындагы эл аралык стандарттарды жана Кыргыз Республикасынын стандарттарын сакташы керек.
12. Конкурстун катышуучулары конкурстук комиссиянын кароосуна адистердин квалификациясынын деңгээли, өндүрүштүк, финансылык жана Акарт ак мрамор кенин иштетүү максатында жер казынасын пайдалануу укугун ишке ашыруу үчүн керектүү болгон башка мүмкүнчүлүктөр жөнүндө кошумча маалыматты жана документтерди берүүгө укуктуу.
4. Кенди пайдалануунун негизги шарттары
13. Конкурстун жеңүүчүсү деп таанылган жана Акарт ак мрамор кенин иштетүү максатында жер казынасын пайдалануу укугуна лицензия (мындан ары - лицензия) алган жактын бир катар милдеттенмелерди аткаруусу жер казынасын пайдалануунун негизги шарттары болуп саналат, анын ичинде:
1) конкурстук объектинин жер казынасын пайдалануу укугуна бааны (мындан ары - конкурстук объектинин жер казынасын пайдалануу укугу үчүн баа) конкурска катышууга тийиштүү өтүнмөдө көрсөтүлгөн, бирок 412000 (төрт жүз он эки миң) АКШ долларынан кем эмес өлчөмдө төлөө;
2) лицензия берилген датадан тартып 1 жылдан кечиктирбей Акарт ак мрамор кенин иштетүүнүн өнөр жай, экологиялык коопсуздук жана жер казынасын коргоо боюнча оң эксперттик корутунду менен техникалык долбоорун даярдоону жана ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар менен макулдашууну камсыздоо;
3) кенди иштетүүнүн техникалык долбоорунда өнөр жай жана экологиялык коопсуздукту (айлана-чөйрөгө таасирди баалоо (АЧТБ) боюнча документацияны) камсыздоо боюнча, жер казынасын коргоо жана сарамжалдуу пайдалануу боюнча чараларды, тийиштүү фондду түзүү менен бузулган жерлерди рекультивациялоо жана андан ары мониторинг жүргүзүүнүн долбоорун, тоо-кен мүлкүн жоюу долбоорун иштеп чыгууну, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген Кыргыз Республикасы катышуучу болгон эл аралык келишимдерде жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген эл аралык стандарттарга жооп берген жер казынасын кыйла сарамжалдуу, коопсуз жана натыйжалуу пайдалануу үчүн керектүү болгон лицензиаттын башка аракеттерин сүрөттөөнү кароо;
4) кенди иштетүүнүн техникалык долбоорун ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар жана тийиштүү ведомстволор менен макулдашылган датадан тартып 3 айдан кечиктирбей таш кесүүчү жабдууну колдонуу менен казылып алынган чийки затты кайра иштетүү боюнча цехти куруу. Курулушту баштоо мөөнөтүн бузган учурда лицензиат "Жер казыналары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында аныкталган форс-мажордук жагдайлардан тышкары, мөөнөттү бузуунун ар бир толук айы үчүн конкурстук объектинин жер казынасын пайдалануу укугуна акыркы баанын 2%ы өлчөмүндө (50%ы - республикалык бюджетке, 30%ы - Кыргыз Республикасынын Ош облусун өнүктүрүү фондуна, 10%ы - Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетине) айып төлөөгө макул болот. Ошол эле учурда кайра иштетүү боюнча цехтин курулушун баштоо кыш мезгилине туура келсе жана аба-ырайынын шарттарынан улам курулуш иштерин жүргүзүү мүмкүн болбогон учурда курулушту баштоо мөөнөтү кийинкиге жылдырылат;
5) кенди иштетүүнүн техникалык долбоорун ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жана тийиштүү ведомстволор менен макулдашкан датадан 1 жылдан ашпаган билдирилген мөөнөттө өнөр жайлык эксплуатациялоого таш кесүү жабдуусун колдонуу менен казылып алынган чийки затты кайра иштетүү боюнча цехтин ишке киришин камсыз кылуу. Өнөр жайлык эксплуатациялоого киргизүү мөөнөтүн бузган учурда лицензиат "Жер казыналары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында аныкталган форс-мажордук жагдайлардан тышкары, мөөнөттү бузуунун ар бир толук айы үчүн конкурстук объектинин жер казынасын пайдалануу укугуна акыркы баанын 2%ы өлчөмүндө (50%ы - республикалык бюджетке, 30%ы - Кыргыз Республикасынын Ош облусун өнүктүрүү фондуна, 10%ы - Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетине) айып төлөөгө макул болот.
6) кенди иштетүүнү баштоо мөөнөтүн бузган учурда лицензиат "Жер казыналары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында аныкталган форс-мажордук жагдайлардан тышкары, мөөнөттү бузуунун ар бир толук айы үчүн конкурстук объектинин жер казынасын пайдалануу укугуна акыркы баанын 2%ы өлчөмүндө (50%ы - республикалык бюджетке, 30%ы - Кыргыз Республикасынын Ош облусун өнүктүрүү фондуна, 10%ы - Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетине) айып төлөөгө макул болот.
7) ушул Шарттардын 19-пунктунда аталган конкурстук объектинин жер казынасын пайдалануу укугу үчүн бааны, жана лицензия берилген датадан тартып алгачкы 3 жыл үчүн лицензиялык төлөмдөрдү кошпогондо инвестициялардын салымын, анын ичинде долбоорго ылайык банк жана финансы институттары тарабынан каржылоону тартуу менен камсыз кылуу;
8) ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар менен макулдашылган техникалык долбоордун жоболорун сактоо жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарын, жер казынасын сарамжалдуу пайдалануу, айлана-чөйрөнү коргоо жана өнөр жай коопсуздугунун талаптарын кошо аткаруу;
9) лицензия алган датадан тартып 2 айдан кечиктирбей жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жергиликтүү коомдоштукту жана аймакты социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн программасын, жергиликтүү инфраструктураны өнүктүрүүгө инвестициялардын программасын, иш жүргөн райондо жашаган калк үчүн жумушчу орундарын уюштурууну, кенди өздөштүрүүдө жергиликтүү эмгек ресурстарын максималдуу пайдаланууну, калкты кенди өздөштүрүү менен байланышкан иштерге тартуу максатында аларды кесиптик даярдоону уюштурууну, Ноокат районун социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасына байланыштуу башка маселелерди чечүүгө көмөктөшүүнү камтыган социалдык пакетти (мындан ары - Макулдашуу) даярдоо жана андан ары кароо жана жактыруу үчүн берүү. Мында жергиликтүү коомдоштукту өнүктүрүүгө ар жылдык инвестициялардын өлчөмү акчалай эквивалентте 500000 (беш жүз миң) сомдон кем болбошу керек;
10) Кыргыз Республикасында өндүрүлбөгөн, аткарылбаган жана көрсөтүлбөгөн товарларды, иштерди жана кызматтарды сатып алуудан тышкары, лицензиаттын ишин камсыздоо үчүн керектүү болгон, сапаттын белгиленген стандарттарына шайкеш келген товарларды (товардык-материалдык баалуулуктарды), иштерди жана кызматтарды Кыргыз Республикасынын аймагында сатып алууну ишке ашыруу. Мында башка бирдей шарттарда Ош областынын аймагында өндүрүлгөн товарларды, иштерди жана кызматтарды сатып алууну артыкчылыктуу ишке ашыруу керек;
11) подряддык жана субподряддык уюмдарды эске алуу менен чет өлкөлүк адистерди лицензиаттын кызматкерлеринин жалпы санынын 10%дан көп эмесин тартуу.
14. Жер казынасын пайдалануу укугун берүүнүн шарттары, жогоруда баяндалган негизги шарттарды кошо конкурстун жеңүүчүсүнө берилүүчү лицензияга карата лицензиялык макулдашууда бекитилет. Жер казынасын пайдалануунун жогоруда аталган шарттарын аткарбоо Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган, жоопкерчилик чараларын колдонуу үчүн негиз болуп саналат.
15. Конкурстун катышуучусунун жер казынасын пайдалануунун жогоруда саналган негизги шарттарын тааныгандыгы жана конкурстун жеңүүчүсүнө берилүүчү лицензиялык макулдашууга аларды кошууга макул болушу конкурска катышууга өтүнмө берүүнүн фактысы катары саналат.
5. Жыйымдын, кепилдик төгүмдүн, баанын, салыктардын жана башка төлөмдөрдүн өлчөмдөрү, төлөө тартиби жана мөөнөттөрү
16. Геологиялык кыскача маалыматтардын пакети үчүн акы:
1) комиссиянын жумушчу органы ар бир арыз ээсине геологиялык кыскача маалыматтар пакетин берет. Конкурска катышуу үчүн арыз ээлери аталган геологиялык кыскача маалыматтар пакетин 249000 (эки жүз кырк тогуз миң) сом өлчөмүндөгү акыга сатып алууга милдеттүү;
2) ушул пункттун 1-пунктчасында аталган геологиялык кыскача маалыматтар пакети үчүн төлөм конкурстук объектинин жер казынасын пайдалануу укугунун акыркы баасына кошулат жана документтерди кароонун жыйынтыктарына жана/же конкурс өткөрүүнүн жыйынтыктарына карабастан кайтарылып берилбейт;
3) конкурстун жеңүүчүсү аныкталгандан кийин ага наркы 460822 (төрт жүз алтымыш миң сегиз жүз жыйырма эки) сом турган геологиялык маалыматтар пакети (геологиялык кыскача маалыматтар пакетинин баасын эске алуу менен) берилет. Бул пакеттин наркы конкурстук объектинин жер казыналарын пайдалануу укугунун акыркы баасына кошулат.
Геологиялык маалымат үчүн төлөм Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиктин, (мындан ары - Геология агенттиги) - конкурстук комиссиянын жумушчу органына, ушул шарттардын 20-пунктунда аталган реквизиттер боюнча атайын эсебине келип түшөт жана анын тескөөсүндө калат.
Геологиялык маалымат анын наркы төлөнгөндөн кийин билдирүүчүгө берилет.
17. Конкурска катышуу үчүн жыйым.
Конкурстун катышуучулары конкурска катышкандыгы үчүн 100000 (жүз миң) сом же Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төлөө күнүнө карата курсу боюнча АКШ доллары менен эквиваленттеги өлчөмүндө (мындан ары - катышуу үчүн жыйым) төлөөгө милдеттүү. Конкурска катышуу үчүн жыйым конкурстук объектинин жер казынасын пайдалануу укугунун акыркы баасына кошулбайт жана документтерди кароонун жыйынтыктарына жана/же конкурс өткөрүүнүн жыйынтыктарына карабастан кайтарылып берилбейт. Аталган каражаттар ушул Шарттардын 20-пунктунда көрсөтүлгөн конкурстук комиссиянын жумушчу органынын атайын эсебине түшөт жана анын тескөөсүндө калат.
18. Катышуучунун кепилдик төгүмү.
Конкурстун катышуучулары 10% (41200 (кырк бир миң эки жүз) АКШ доллары) өлчөмүндө кепилдик төгүмүн төлөөгө милдеттүү. Ушул Шарттардын 19-пунктунда каралгандай конкурстун жеңүүчүсү тарабынан пайдалануу укугу үчүн баа кийин төлөнгөндө кепилдик төгүмү конкурстук объектинин жер казынасын пайдалануу укугу үчүн акыга кошулуп эсептелет. Кепилдик төгүм эгерде конкурстун жеңүүчүсү ушул Шарттардын 19-пунктунда каралган мөөнөттө конкурстук объектинин жер казынасын пайдалануу укугу үчүн бааны толук же жарым-жартылай төлөбөсө, конкурстун жеңүүчүсүнө кайтарылбайт жана республикалык бюджетке которулат.
19. Конкурстук объектинин жер казынасын пайдалануу укугу үчүн акы.
1) Конкурстук объектинин жер казынасын пайдалануу укугу үчүн акынын өлчөмү 412000 (төрт жүз он эки миң) АКШ долларын түзгөн минималдуу чектен кем болбошу керек. Баа өзүнө бонус суммасын (жер казынасын пайдалануу укугуна салык) жана жер казыналары жөнүндө геологиялык кыскача маалыматтар пакети үчүн бааны камтыйт, мында конкурсанттар тарабынан жогорку баа сунушталышы мүмкүн. Бонусту жана жер казыналары жөнүндө геологиялык кыскача маалыматтар пакети үчүн бааны алып салгандагы жалпы сумма Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 14-декабрындагы № 834 токтому менен бекитилген Жер казыналарын пайдалануу укугуна конкурс өткөрүүнүн тартиби жана шарттары жөнүндө жобого ылайык бөлүштүрүлөт. Конкурстук объектинин жер казынасын пайдалануу укугу үчүн баа бир жолку жана кайтарылбас төлөм болуп саналат;
2) конкурстун жеңүүчүсүн аныктоо жөнүндө конкурстук комиссиянын чечими Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Геология агенттигинин расмий веб-сайттарында жарыяланган күндөн тартып конкурстун жеңүүчүсү 30 жумушчу күндүн ичинде конкурстук объектинин жер казынасын пайдалануу укугуна ал сунуштаган бааны (кепилдик төгүмдү эсептен чыгаруу менен) төлөөгө милдеттүү.
20. Төлөө үчүн реквизиттер.
Геологиялык маалыматтар үчүн акы, конкурска катышуу үчүн жыйым, конкурстун жеңүүчүсүнүн кепилдик төгүмү, ошондой эле конкурстук объектинин жер казынасын пайдалануу укугу үчүн баа тийиштүү дайындоону көрсөтүү менен төмөндөгү реквизиттер боюнча Геология агенттигинин алыш-бериш эсебине киргизилиши керек:
Алуучу: Бишкек шаарынын Октябрь РОК
Банк: "РСК Банк" ААК Октябрь райондук филиалы, Бишкек шаары
БИК 129053
а-б/э 1290534132810077
ө/э 4402032100002327
Төлөмдү дайындоо: [геологиялык маалымат үчүн Геология агенттигинин өздүк эсебине]/[конкурска катышуу үчүн Геология агенттигинин өздүк эсебине жыйым]/[конкурстун жеңүүчүсүнүн кепилдик төгүмү Геология агенттигинин өздүк эсебине]/[жер казынасын пайдалануу укугу үчүн акы Геология агенттигинин өздүк эсебине (конкурстук объектинин жер казынасын пайдалануу укугу үчүн баа)].
21. Конкурстун жеңүүчүсү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык лицензиялык төлөмдөрдү, салыктарды, салыктык эмес төлөмдөрдү, ошондой эле башка милдеттүү төлөмдөрдү, чегерүүлөрдү жана жыйымдарды төлөөгө милдеттүү.
6. Конкурстун этаптары жана конкурстун катышуучулары берүүчү документтер
22. Конкурс эки этапта өткөрүлөт. Биринчи этапта конкурстук комиссия конкурстун катышуучулары берген документтерди кабыл алууну жана экинчи этапка өткөрүү же өткөрүүдөн баш тартуу максаттарында, алардын ушул Шарттар менен белгиленген талаптарга шайкештигин баалоону ишке ашырат. Экинчи этапта конкурстук комиссия конкурстун катышуучулары берген конкурстун экинчи этабына өткөн документтерди кабыл алууну жана алардын ушул Шарттар менен белгиленген талаптарга шайкештигин баалоону ишке ашырат жана белгиленген критерийлерге ылайык конкурстун жеңүүчүсүн аныктайт.
23. Конкурстун биринчи этабы.
Биринчи этапта конкурстун катышуучулары расмий басма сөз органдарында конкурс өткөрүү жөнүндө кулактандыруу жарыяланган учурдан тартып 30 календардык күндөн кечиктирбей, 2 нускада төмөндөгү документтерди Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Эркиндик бульвары, 2, № 306 кабинет дареги боюнча Геология агенттигине беришет:
1) 1-тиркемеге ылайык форма боюнча конкурстук комиссиянын төрагасынын наамына конкурска катышууга өтүнмө;
2) геологиялык кыскача маалымат пакети үчүн акы төлөнгөндүгүн ырастаган документтин көчүрмөсү (жана салыштырып текшерүү үчүн түп нускасы);
3) конкурска катышуу үчүн жыйымдын төлөнгөндүгүн ырастаган документтин көчүрмөсү (жана салыштырып текшерүү үчүн түп нускасы);
4) кепилдик төгүмү төлөнгөндүгүн ырастаган документтин көчүрмөсү (жана салыштырып текшерүү үчүн түп нускасы).
Чапталган конвертте ошондой эле төмөндөгү документтер берилет:
а) Кыргыз Республикасында катталган (кайра катталган) юридикалык жактар үчүн - мамлекеттик каттоо жөнүндө күбөлүктүн нотариалдык күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрү жана өзүнүн мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн уставынын жана уюмдаштыруу келишиминин көчүрмөлөрү;
б) чет өлкөлүк юридикалык жактар үчүн - уюмдаштыруу документтеринин жана каттоо жөнүндө күбөлүктүн көчүрмөлөрү, ошондой эле ал өз өлкөсүнүн мыйзамы боюнча иштеп жаткан юридикалык жак болуп саналаарын күбөлөндүрүүчү, мамлекеттик реестрден апостилдештирилген же легалдаштырылган көчүрмөсү же башка документ. Чет өлкөлүк юридикалык жактар берген чет тилиндеги уюмдаштыруу документтери жана каттоо жөнүндө күбөлүк мамлекеттик же расмий тилге нотариалдык күбөлөндүрүлгөн котормосу менен берилиши керек. Мамлекеттик реестрден же өз өлкөсүнүн мыйзамы боюнча иштеп жаткан юридикалык жак болуп саналаарын күбөлөндүрүүчү башка документтерден берилген көчүрмөлөрүнүн колдонуу мөөнөтү, аталган документтерди берген күндөн тартып 6 (алты) айдан ашпоосу керек.
Эскертүү:
Документтерди легалдаштыруу талап кылынбайт:
- 1961-жылдын 5-октябрындагы Чет өлкөлүк расмий документтерди легалдаштыруу талабын жокко чыгаруучу конвенцияга ("Гаага конвенциясы") катышуучу өлкөлөр үчүн, Гаага конвенциясына Кыргыз Республикасынын кошулуусуна каршы болгон катышуучу өлкөлөрдөн тышкары, жана
- 2002-жылдын 7-октябрындагы Жарандык, үй-бүлөлүк жана жазык иштери боюнча укуктук жардам жана укуктук мамилелер жөнүндө конвенциянын катышуучу өлкөлөрү үчүн ("Кишинев конвенциясы");
в) жеке жактар үчүн - паспортунун жана жеке ишкер катары каттоо жөнүндө күбөлүктүн көчүрмөлөрү. Чет өлкөлүк жеке жактар кошумча паспорттун мамлекеттик же расмий тилге нотариалдык күбөлөндүрүлгөн котормосун беришет;
г) 2-тиркемеге ылайык форма боюнча, конкурстун катышуучусунун ээси жана/же бенефициарлары болуп саналган жактарды ачыктаган маалымат жана документтер;
д) юридикалык жактын жетекчисинин же юридикалык жактын ыйгарым укуктуу өкүлүнүн ыйгарым укуктарын ырастоочу документтер;
е) 3-тиркемеге ылайык форма боюнча төмөндөгүлөрдү караган жазуу түрүндөгү милдеттенме:
- конкурстун катышуучусу ал конкурстун жеңүүчүсү деп аныкталган учурда, ушул Шарттар менен каралган бардык айыптарды төлөөгө макул болот;
- конкурстун катышуучусу ал конкурстун жеңүүчүсү деп аныкталган учурда, конкурстук объектинин жер казынасын пайдалануу укугу үчүн ал сунуштаган баа кайтарылбас төлөм болуп саналаарына макул болот;
- конкурстун катышуучусу өзүнүн ишинин жыйынтыгында айлана-чөйрөгө келтирген зыяндын ордун толтурууга жана эгерде мындай зыян экологиялык укук бузуулардын жыйынтыгында келтирилсе, айлана-чөйрөнүн бузулган абалын калыбына келтирүү боюнча иш-чараларды жүргүзүүгө макул болот.
24. Конкурстун катышуучусу бир конвертте конкурстун катышуучусунун толук аталышын жана дарегин, конкурстун биринчи этабынын алкагында катышууга көрсөтмөнү, берилген документтердин толук тизмегин камтыган документтерди бериши керек. Берилген документтер тигилип, ажыраткычтар менен бөлүнүшү керек, конвертте камтылган бардык беттер номерлениши керек. Документтер мамлекеттик жана/же расмий тилде берилет. Документтерди чет тилде берген учурда аларга карата мамлекеттик же расмий тилге нотариалдык күбөлөндүрүлгөн котормо тиркелиши керек. Конкурстук комиссия мамлекеттик же расмий тилдерде берилген документтерди карайт. Документтерди берүү мөөнөтү аяктагандан кийин конкурстун катышуучулары берген документтерге өзгөртүүлөр жана толуктоолор кабыл алынбайт. Берилген документтер кайтарылбайт жана Геология агенттигинде сакталат.
25. Документтер салынган конверттерди ачуу конкурстук комиссия тарабынан документтерди кабыл алуунун белгиленген мөөнөтү аяктагандан кийин кийинки жумушчу күнү жүргүзүлөт жана протокол менен таризделет, анда конкурстун катышуучуларынын аталышы жана алар берген документтердин бетинин саны көрсөтүлөт. Кворум болбогон учурда конверттерди ачуу датасы кийинки жумушчу күнгө жылдырылат. Конкурстук комиссия конверттерди ачкандан кийин 5 жумушчу күндүн аралыгында берилген документтерди карайт жана конкурстун экинчи этабына жол берүү же жол берүүдөн баш тартуу жөнүндө чечим кабыл алат. Конкурстун экинчи этабына жол берилген жана жол берилбеген конкурстун катышуучулары кабыл алынган чечимдер жөнүндө 3 жумушчу күндүн ичинде конкурстук комиссиянын катчысы тарабынан кабарланат. Конкурстун катышуучуларына алар берген документтер ушул Шарттар менен белгиленген талаптарга шайкеш келген шартта экинчи этапка катышууга жол берилет. Берилген документтердин тизмегине, түрүнө жана формасына карата талаптарга байланыштуу суроолор жаралган учурда конкурстук комиссия протокол формасында таризделген кошумча түшүндүрмөлөрдү берүүгө укуктуу.
26. Конкурстук комиссиянын экинчи этапка жол берүү же жол берүүдөн баш тартуу жөнүндө чечими Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Геология агенттигинин расмий сайттарында, ошондой эле башка расмий басма сөз басылмаларында жарыяланат.
27. Конкурстун экинчи этабы.
Экинчи этапка катышууга жол берилген конкурстун катышуучулары жол берилгендиги жөнүндө чечим кабыл алынган учурдан тартып 10 календардык күндөн кечиктирбей, төмөнкү: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Эркиндик бульвары, 2 дареги боюнча, Геология агенттигинин № 306 кабинетине чапталган конвертте төмөнкүдөй документтерди берет:
1) төмөнкүлөр боюнча алдын ала сунуштарды камтыган, Акарт ак мрамор кенин иштетүүнүн программасы:
- капиталдык салымдарга, эксплуатациялык чыгымдарга жана долбоордун рентабелдүүлүгүнө байланыштуу техникалык-экономикалык эсептөөлөр;
- цехти куруунун жана эксплуатациялоо киргизүүнүн мөөнөттөрүн, жумуштарды жүргүзүүнүн этаптарын сактоо;
- жер казынасын пайдалануу укугун алгандан кийин пайдалуу казылмалар кенин эксплуатациялоо киргизүүнүн эң кыска мөөнөтү;
- бузулган жерлерди рекультивациялоо боюнча иш-чаралар;
- талап кылынган инвестициялардын эсеби;
- Акарт ак мрамор кенин иштетүүдө колдонулуучу кен жана башка мүлктөрдү жоюу же консервациялоо боюнча иш-чаралар планы;
- цехти иштетүүнүн жыйынтыгында республикалык жана жергиликтүү бюджеттерге салыктык жана салыктык эмес келип түшүүлөрдүн төлөмдөрүнүн эсеби;
- кенди иштетүүнүн жыйынтыгында республикалык жана жергиликтүү бюджеттерге салыктык жана салыктык эмес келип түшүүлөрдүн төлөмдөрүнүн эсептери;
- конкурстун катышуучусунун каалоосу боюнча башка кошумча маалыматтар;
2) пайдалуу кенди чалгындоодо, казууда жана пайдалуу кенди кайра иштетүүдө заманбап технологияларды колдонуу, өнөр жай жана экологиялык коопсуздукту, жер казынасын коргоону жана сарамжалдуу пайдаланууну камсыздоо боюнча сунуштар жана иш-чаралар комплекси;
3) геологиялык чалгындоо жана кенди иштетүү жаатында эки жылдан кем эмес иш тажрыйбасы бар экендиги жөнүндө күбөлөндүргөн маалымат жана документтер;
4) баштапкы капиталдык салымдар үчүн өздүк каражаттардын болушун жана/же финансы каражаттарын тартуу мүмкүнчүлүгү жөнүндө ырастоо, анын ичинде акыркы 2 жылдагы бухгалтердик отчёттордун, банктык маалымдамалардын көчүрмөлөрү, кредиттерди алуу жөнүндө келишимдер, салыктарды төлөө боюнча карызынын жоктугун күбөлөндүрүүчү документтер жана башка ушундай документтер;
5) жергиликтүү коомдоштукту жана аймакты социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасын, жергиликтүү инфратүзүмдү өнүктүрүүгө инвестициялардын программасын, иштер жүргүзүлгөн региондо жашаган калк үчүн жумушчу орундарды уюштурууну, кенди өздөштүрүүдө жергиликтүү эмгек ресурстарын максималдуу пайдаланууну, калкты кенди өздөштүрүү менен байланышкан иштерди жүргүзүүгө тартуу максатында калкты кесиптик даярдоону уюштурууну камтыган социалдык пакет боюнча сунуштарды, Ноокат районун социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасы менен байланышкан башка маселелерди чечүүгө көмөктөшүү;
6) ушул Шарттардын 19-пунктунда көрсөтүлгөн сумманын минималдуу өлчөмүнөн кем эмес конкурстук объектинин жер казынасын пайдалануу укугу үчүн бааны сунуштоо;
7) тоо-кен тармагындагы иш тажрыйбасы, адистердин квалификациясынын деңгээли, конкурстун катышуучусунун өндүрүштүк, финансылык жана Акарт ак мрамор кенин иштетүү үчүн керектүү башка мүмкүндүктөрү жөнүндө күбөлөндүргөн башка бардык кошумча маалыматтар жана документтер.
28. Конкурстун экинчи этабына жол берилген катышуучу бир же бир нече конвертте, бир нускада конкурстун катышуучусунун толук аталышын жана дарегин, конкурстун экинчи этабына катышуунун алкагында документтерди бергендиги жөнүндө көрсөтмөнү, берилген документтердин толук тизмесин камтыган документтерди бериши керек. Берилген документтер тигилип, ажыраткычтар менен бөлүнүшү керек, конвертте камтылган бардык беттер номерлениши керек. Документтер мамлекеттик жана/же расмий тилде берилет. Документтер чет тилде берилген учурда аларга карата нотариалдык күбөлөндүрүлгөн мамлекеттик же расмий тилдеги котормосу тиркелиши керек. Документтерди берүүнүн конкурстук комиссия белгилеген мөөнөтү аяктагандан кийин конкурстун катышуучулары берген документтерге өзгөртүүлөр жана толуктоолор кабыл алынбайт. Берилген документтер кайтарылып берилбейт жана Геология агенттигинде сакталат.
29. Документтер салынган конверттерди ачуу конкурстук комиссия тарабынан документтерди кабыл алуунун белгиленген мөөнөтү аяктагандан кийинки жумушчу күнү жүргүзүлөт жана протокол менен таризделет, анда конкурстун катышуучуларынын аталышы жана даректери, алар берген документтердин бетинин саны жана конкурстук объектинин жер казынасын пайдалануу укугу үчүн сунушталган баа көрсөтүлөт. Конкурстун катышуучулары конверттерди ачууда катышууга укуктуу. Кворум болбогон учурда конверттерди ачуу кийинки жумушчу күнгө которулат.
30. Конверттерди ачуу жөнүндө конкурстук комиссиянын протоколу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Геология агенттигинин расмий веб-сайттарына жарыяланат.
7. Конкурстун жеңүүчүсүн аныктоонун критерийлери
31. Конкурстук комиссия конверттерди ачкандан кийин 5 жумушчу күндүн ичинде конкурстун катышуучуларынын сунуштарын карайт, конкурстун экинчи этабын өткөрүүнүн жыйынтыктары боюнча добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколду тариздейт жана бул протоколдун негизинде конкурстун жеңүүчүсү жөнүндө чечим чыгарат. Конкурстун катышуучулары берген документтерди кароодо, конкурстук комиссия берилген документтердин алкагында кошумча түшүндүрмө берүү үчүн конкурстун катышуучусунун ыйгарым укуктуу өкүлүн чакырууга укуктуу.
32. Конкурстун жеңүүчүсү берилген документтерди жана маалыматты баалоо аркылуу аныкталат. Документтерди баалоо төмөнкүдөй критерийлер менен упай системасы боюнча конкурстук комиссия тарабынан жүргүзүлөт:
№ | Критерийлердин аталышы | Упайлар |
1 | Ушул Шарттар менен белгиленген талаптарга анын шайкештигин кошо алганда Акарт ак мрамор кенин иштетүүнүн сунушталган программасынын сапаты | 3 упайга чейин |
2 | Пайдалуу кен чыккан жерди чалгындоодо, казууда жана пайдалуу кенди кайра иштетүүдө заманбап технологияларды колдонуу, өнөр жай коопсуздугун, экологиялык коопсуздукту, жер казынасын коргоону жана сарамжалдуу пайдаланууну камсыздоо боюнча сунуштар | 10 упайга чейин |
3 | Акарт ак мрамор кенин өздөштүрүү үчүн финансылык мүмкүндүктөр (өздүк жана тартылган каражаттар) | 5 упайга чейин |
4 | Ушул Шарттардын 13-пунктунун 9-пунктчасында көрсөтүлгөн суммадан ашыкча социалдык пакетке бөлүнүүчү финансылык каражаттардын көлөмү (суммасы) | 3 упайга чейин |
5 | Конкурстук объектинин жер казынасын пайдалануу укугу үчүн акынын минималдуу чегинен ашканы | конкурстук объектинин жер казынасын пайдалануу укугу үчүн минималдуу баадан ашкан төлөмдүн белгиленген өлчөмүнөн ашыкча төлөнгөн, ар бир кийинки 10000 (он миң) АКШ доллары үчүн 1 упай |
6 | Кен чыккан жерди иштетүүнү баштоонун, ошондой эле инфраструктуралык объекттерди куруунун мөөнөтү | 6 айга чейин - 6 упай; бир жылдын ичинде - 4 упай |
7 | Юридикалык жактын - келечектеги лицензиаттын уставдык капиталдагы катышуу үлүшүн Кыргыз Республикасына акысыз берүү | Ар бир 10% үчүн - 5 упай |
Эскертүү. Конкурска юридикалык жак 100%дык мамлекеттик менчик менен катышкан учурда 7-критерий боюнча упайлар чет өлкөлүк инвестор менен биргелешип иштөө тууралуу макулдашуудан кийин аныкталат.
33. Ар бир катышуучу үчүн конкурстук комиссия тарабынан ар бир критерий боюнча катышуучу алган упайларды жана катышуучунун жалпы упайын көрсөтүү менен упайларды эсептөө протоколу түзүлөт.
34. Катышуучулардын бардык сунуштарын талдоонун жана белгиленген критерийлер боюнча упайларды аныктоонун негизинде комиссия конкурстун экинчи этабын өткөрүүнүн жыйынтыктары боюнча добуш берүүнүн жыйынтыктары тууралуу протоколду тариздейт жана бул протоколдун негизинде конкурстун жеңүүчүсү жөнүндө чечим кабыл алат.
35. Эң көп упай топтогон катышуучу конкурстун жеңүүчүсү деп таанылат. Эки жана андан көп катышуучуларда упайлар тең болгондо комиссиянын төрагасы ачык добуш берүүнүн жол-жобосун дайындайт. Добуш берүү ар бир катышуучу боюнча өзүнчө өткөрүлөт. Мында комиссиянын ар бир мүчөсү өзүнүн добушун бир гана катышуучу үчүн берүүгө укуктуу. Эң көп добуш алган катышуучу жеңүүчү деп таанылат. Эгерде эки жана андан көп катышуучуга бирдей сандагы добуштар берилсе, анда мындай катышуучулар боюнча конкурстун жеңүүчүсүн аныктаганга чейин биринчи турдун эрежелери боюнча добуш берүүнүн кошумча турлары өткөрүлөт. Комиссиянын мүчөлөрүнүн добуш берүүгө катышпай коюуга укугу жок. Добуш берүүнүн бардык турларында конкурстук комиссиянын мүчөлөрүнүн добуштары тең болгондо конкурстук комиссиянын төрагасынын добушу чечүүчү болуп саналат.
36. Конкурстук комиссиянын чечими жазуу түрүндө таризделет жана ага конкурстук комиссиянын бардык мүчөлөрү жана конкурстун жеңүүчүсү кол коюшат, конкурстун катышуучуларын жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүн чакыруу менен комиссиянын жыйынында жарыяланат. Конкурстун жеңүүчүсүн аныктоо жөнүндө конкурстук комиссиянын чечими расмий басма сөз органдарында жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Геология агенттигинин расмий веб-сайттарында жарыяланат.
37. Конкурстук комиссиянын протоколдору эгерде аларга конкурстук комиссиянын мүчөлөрүнүн жалпы санынын көпчүлүгү тарабынан кол коюлса, жарактуу деп эсептелет.
38. Конкурстук комиссиянын протоколу конкурстун жеңүүчүсүнө Акарт ак мрамор кенин иштетүү максатында кенди пайдалануу укугуна лицензия берүү үчүн негиз болуп саналат. Лицензияга карата лицензиялык макулдашуулар конкурсту өткөрүү үчүн белгиленген шарттарды камтышы керек.
39. Чет өлкөлүк юридикалык жак конкурстун жеңүүчүсү болуп таанылганда лицензия конкурстун жеңүүчүсү Акарт ак мрамор кенинин жайгашкан орду боюнча Кыргыз Республикасынын аймагында чет өлкөлүк юридикалык жак тарабынан түзүлгөн жана катталган туунду компанияга берилет. Чет өлкөлүк юридикалык жак түзгөн туунду компания чет өлкөлүк юридикалык жакты конкурстун жеңүүчүсү деп жарыялаган күндөн тартып бир айдан кечикпей катталышы керек. Туунду компания 100% чет өлкөлүк юридикалык жакка - конкурстун жеңүүчүсүнө таандык болушу керек. Чет өлкөлүк жеке жак конкурстун жеңүүчүсү катары таанылган учурда ал Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жеке ишкер катары катталууга милдеттүү.
40. Лицензия конкурстун жеңүүчүсүнө ал конкурстук объектинин кенин пайдалануу укугу үчүн сунуштаган бааны төлөгөндөн кийин 5 жумушчу күндүн ичинде берилет. Эгерде конкурстун жеңүүчүсү катары чет өлкөлүк юридикалык жак таанылса, анда лицензияны берүү (а) конкурстук объектинин жер казынасын пайдалануу укугу үчүн ал сунуштаган баа төлөнгөндөн кийин жана (б) чет өлкөлүк юридикалык жактын туунду компаниясы Акарт ак мрамор кенинин жайгашкан орду боюнча Кыргыз Республикасынын аймагында катталгандыгы жөнүндө күбөлүктүн түп нускасын же нотариалдык күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсүн бергенден кийин, көрсөтүлгөн даталардын кайсынысы кечирээк болгонуна жараша 5 жумушчу күндүн ичинде берилет.
41. Конкурстун жеңүүчүсү конкурстун жыйынтыгы жөнүндө протоколго кол коюудан баш тарткан же конкурстук объектинин жер казынасын пайдалануу укугу үчүн ал билдирген бааны белгиленген мөөнөттө төлөбөгөн учурда конкурстун жеңүүчүсү лицензия алуу укугун жоготот жана конкурстун жеңүүчүсү катары баш тарткан жеңүүчүдөн кийин башка катышуучуларга салыштырмалуу көп упай топтогон же эгерде конкурстук комиссия тарабынан башкача чечим кабыл алынбаса, кошумча добуш берүүдө көп добуш алган катышуучу таанылат.
8. Конкурсту жокко чыгаруу жана өткөн жок, жараксыз деп таануу
42. Жалпыга маалымдоо каражаттарында конкурсту өткөрүү жөнүндө кулактандыруу жарыяланганга жана конкурстук комиссия жеңүүчүнү аныктоо жөнүндө чечим чыгарганга чейин Кыргыз Республикасынын Өкмөтү конкурсту жокко чыгарууга укуктуу. Мында конкурстук комиссия таратылууга тийиш. Эгерде конкурс жарыялангандан кийин болбой калса Кыргыз Республикасынын Өкмөтү конкурстук комиссияны жоюуга жана жаңы конкурстук комиссия менен жаңы конкурсту жарыялоого укуктуу.
43. Конкурска катышууга өтүнмөлөр болбогондо же эгерде конкурска катышууга бир катышуучудан гана өтүнмө келип түшсө, же эгерде конкурстун бардык катышуучулары берген документтер конкурстун катышуучуларына коюлган негизги шарттарга жана талаптарга жооп бербесе, конкурс протокол менен таризделген жана расмий басма сөз органдарында жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Геология агенттигинин расмий веб-сайттарында жарыяланган конкурстук комиссиянын чечиминин негизинде өткөн жок деп таанылат.
44. Конкурстун катышуучусу конкурстун экинчи этабына документтерди берүү мөөнөтү аяктаганга чейин конкурска катышууга өзүнүн өтүнмөсүн артка чакырып алууга укуктуу. Мында конкурска катышуу үчүн 100000 (жүз миң) сом өлчөмүндөгү жыйым жана 249758 (эки жүз кырк тогуз миң жети жүз элүү сегиз) өлчөмүндөгү геологиялык кыскача маалымат пакети үчүн төлөм кайтарылбайт, ал эми кепилдик төгүмү кайтарылууга тийиш.
Сурап-билүү үчүн телефондор: (+996 312) 909876, 909864.
Бул маалымат менен Геология агенттигинин расмий сайтынан таанышууга болот: www.geology.kg.
|
| Акарт ак мрамор кенин иштетүү максатында жер казынасын пайдалануу укугуна конкурс өткөрүүнүн шарттарынын жана тартибинин жана жеңүүчүнү аныктоонун критерийлеринин 1-тиркемеси |
Форма
Мен, ___________________________________________________________________________
(аты-жөнү)
________________________________________________________________________________
(ким экендигин күбөлөндүрүүчү документ)
________________________________________________________________________________
(документтин түрү, сериясы, номери, ким тарабынан жана качан берилген)
________________________________________________________________________________
(юридикалык жактын толук аталышы, каттоо номери, датасы жана каттоо органынын
________________________________________________________________________________,
дареги, банк реквизиттери)
атынан чыгуу менен:
________________________________________________________________________________
(негизи боюнча жак аракеттенген документ, эгерде өкүл ишеним кат
________________________________________________________________________________
боюнча аракеттенсе - анда ишеним каттын реквизиттери)
________________________________________________________________________________
________________________________________________________________________________
негизинде аракеттенүү менен,
Ишеним кат боюнча:
Мен, ___________________________________________________________________________
(аты-жөнү)
________________________________________________________________________________
(ким экендигин күбөлөндүрүүчү документ)
________________________________________________________________________________
(документтин түрү, сериясы, номери, ким тарабынан жана качан берилген)
төмөндөгү дарек боюнча жашаган:
________________________________________________________________________________
(шаар, айыл, көчө, үй жана батир №)
Ушуну менен:
________________________________________________________________________________
________________________________________________________________________________
(орду жана убактысы)
________________________________________________________________________________
объект (-тер) боюнча
________________________________________________________________________________
_________________________________________________________________ лот (-тор) боюнча
боло турган конкурска катышуу ниетим жөнүндө билдирем.
________________________________________________________________________________
Бул ниетке ылайык төмөндөгү төгүмдөр төлөндү.
1. 249758 (эки жүз кырк тогуз миң жети жүз элүү сегиз) сом өлчөмүндө географиялык кыскача маалыматтар пакети үчүн акы.
2. 100000 (жүз миң) сом өлчөмүндөгү конкурска катышуу үчүн жыйым.
3. 41200 (төрт жүз он эки миң) АКШ доллары өлчөмүндөгү кепилдик төгүмү.
Конкурста жеңген учурда төмөнкүлөргө милдеттенем:
1) конкурстун жыйынтыктары жөнүндө протоколго кол коюу;
2) жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик саясатты ишке ашыруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга конкурста сатылып алынган объектинин жер казынасын пайдалануу укугунун баасын конкурстун шарттары менен аныкталган мөөнөттө төлөө;
3) жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик саясатты ишке ашыруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык керектүү төлөмдөрдү төлөө;
4) жер казынасынын объектисин конкурска коюунун ажырагыс шарттары болуп саналган, конкурстун уюштуруучусу тарабынан жер казынасынын объектисин пайдаланууга карата белгиленген талаптарды аткаруу, ал эми аларды аткарбаган учурда - Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн "__" ___________ 2016-жылдагы № ________ буйругу менен бекитилген Акарт ак мрамор кенин иштетүү максатында жер казынасын пайдалануу укугуна конкурс өткөрүүнүн шарттарында жана тартибинде белгиленген айып санкцияларын төлөө;
Конкурс өткөн жок деп таанылган учурда, эгерде билдирилген сунуштардын бири дагы конкурстун шарттарына жооп бербесе, же өтүнмөлөрү болгондо же бир гана өтүнмө келип түшкөндө, конкурстун жыйынтыктары жөнүндө протоколго мен кол коюуга макулмун, мында геологиялык кыскача маалыматтар пакети үчүн төлөнгөн сумма жана конкурска катышуу үчүн жыйым кайтарылбайт жана жер казынасын пайдалануу боюнча саясатты ишке ашыруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда калат.
Конкурска катышуу үчүн ушул арызга кошумча төмөнкүлөрдү тиркейм:
1. __________________________________________________________________________;
2. __________________________________________________________________________;
3. __________________________________________________________________________;
4. __________________________________________________________________________;
5. __________________________________________________________________________;
6. __________________________________________________________________________;
7. __________________________________________________________________________;
8. __________________________________________________________________________.
Паспорт өтүнмөнү берүүдө жеке талапкер тарабынан көрсөтүлөт.
Арыз ээсинин (ыйгарым укуктуу адамдын) колу: ___________________________________
Дата 2016-жыл "___" _____________
Кабыл алынды:
____________________________________________________________________________
(өтүнмөнү кабыл алган адамдын кызматы)
____________________________________________________________________________
(так убакытта көрсөтүү менен, өтүнмө кабыл алынган дата)
____________________________________________________________________________
(өтүнмөнү кабыл алган адамдын аты-жөнү жана колу)
|
| Акарт ак мрамор кенин иштетүү максатында жер казынасын пайдалануу укугуна конкурс өткөрүүнүн шарттарынын жана тартибинин жана жеңүүчүнү аныктоонун критерийлеринин 2-тиркемеси |
Форма
1. Компаниянын толук аталышы
2. Компаниянын юридикалык дареги (жайгашкан орду)
3. Мамлекеттик каттоо датасы жана орду
4. Компания □ жеке менчик □ мамлекеттик болуп саналат
5. Компания 100% акцияга/катышуу үлүшүнө ээ болгон туунду компанияларды сананыз
6. Компания катышуу үлүшү 5% жана андан көп акцияга ээ болгон башка компанияларды санаңыз
7. Компаниянын менчик ээлери жөнүндө маалымат (акционерлер/компаниянын катышуучулары):
№ | Юридикалык жактын аталышы/Менчик ээсинин аты-жөнү | Катышуу үлүшү | Юридикалык дареги/каттоо дареги | Ырастоочу документтер |
1 |
|
|
|
|
2 |
|
|
|
|
3 |
|
|
|
|
... |
|
|
|
|
8. Компаниянын менчик ээлери акционерлери/катышуучулары жөнүндө маалымат:
№ | Юридикалык жактын аталышы/Менчик ээсинин аты-жөнү | Катышуу үлүшү | Юридикалык дареги/каттоо дареги | Ырастоочу документтер |
1 |
|
|
|
|
2 |
|
|
|
|
3 |
|
|
|
|
... |
|
|
|
|
9. 8-пунктта көрсөтүлгөн компаниянын менчик ээлери жөнүндө маалымат:
№ | Юридикалык жактын аталышы/Менчик ээсинин аты-жөнү | Катышуу үлүшү | Юридикалык дареги/каттоо дареги | Ырастоочу документтер |
1 |
|
|
|
|
2 |
|
|
|
|
3 |
|
|
|
|
... |
|
|
|
|
Компания ушул маалымдамада көрсөтүлгөн маалыматтар толук, так жана ишенимдүү экендигин кепилдейт.
Колу: | ______________________________________________ | М.О. |
Аты-жөнү: | ______________________________________________ |
|
Кызматы: | ______________________________________________ |
|
Дата: | ______________________________________________ |
|
|
| Акарт ак мрамор кенин иштетүү максатында жер казынасын пайдалануу укугуна конкурс өткөрүүнүн шарттарынын жана тартибинин жана жеңүүчүнү аныктоонун критерийлеринин 3-тиркемеси |
Форма
Милдеттенме
_________________________________, мындан ары "Катышуучу" деп аталган _______________________________ атынан, ____________________________________ негизинде аракеттенип, ушуну менен Акарт ак мрамор кенин иштетүү максатында жер казынасын пайдалануу укугуна конкурсту өткөрүүнүн шарттарында жана тартибинде жана жеңүүчүнү аныктоо критерийлеринде (мындан ары - Шарттар) каралган бардык талаптарды сактоого жана аткарууга милдеттенет.
Катышуучу Акарт ак мрамор кенин иштетүү максатында жер казынасын пайдалануу укугуна конкурстун жеңүүчүсү деп аныкталган учурда катышуучу төмөнкүдөй милдеттенмелерди өзүнө алат:
- Шарттарда каралган бардык айыптарды төлөөгө;
- конкурстун объектисинин жер казынасын пайдалануу укугуна ал сунуштаган баа кайтарылбас төлөм болуп саналарына;
- өзүнүн ишинин натыйжасында айлана-чөйрөгө келтирилген зыяндын ордун толтуруу, жана эгерде мындай зыян экологиялык укук бузуулардын жыйынтыгында келтирилсе, айлана-чөйрөнүн бузулган абалын калыбына келтирүү боюнча иш-чараларды өткөрүүгө.
Катышуучу жогоруда саналган милдеттенмелер Акарт ак мрамор кенин иштетүү максатында жер казынасын пайдалануу укугуна конкурсту өткөрүүнүн шарттарынын жана тартибинин жана жеңүүчүнү аныктоо критерийлеринин бир бөлүгү болуп саналаарын түшүнөт жана макул болот жана аларды сактоого жана аткарууга милдеттенет.
Колу: | ______________________________________________ |
Ф.И.О: | ______________________________________________ |
Кызматы: | ______________________________________________ |
Дата: | ______________________________________________ |