Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2016-жылдын 31-марты № 134-б
"Көзөмөлчүлүк кеңеши жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу, бюджеттен тышкаркы каражаттардын натыйжалуу жана ачык-айкын пайдаланылышын камсыздоо максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:
1. 2016-жылдын 1-мартынан тартып 31-декабрына чейин мамлекеттик жана муниципалдык мектепке чейинки билим берүү жана жалпы билим берүү уюмдарынын бюджеттен тышкаркы каражаттарын жөнгө салуу механизмин пилоттук апробациялоо жүргүзүлсүн.
2. Пилоттук мамлекеттик жана муниципалдык мектепке чейинки билим берүү жана жалпы билим берүү уюмдарына бюджеттен тышкаркы каражаттарды эсепке алуу жана тейлөө үчүн мамлекеттик үлүш катышкан коммерциялык банктарда эсептерди ачууга уруксат берилсин.
3. Төмөнкүлөр белгиленсин:
- ыктыярдуу жардамдар, демөөрчүлүк каражаттар, максаттуу төгүмдөр, мамлекеттик жана муниципалдык мектепке чейинки билим берүү жана жалпы билим берүү уюмдарынын кошумча билим берүү кызматтарын көрсөтүүлөрү үчүн төлөөлөр бюджеттен тышкаркы каражаттар болуп саналаары;
- пилоттук мамлекеттик жана муниципалдык мектепке чейинки билим берүү жана жалпы билим берүү уюмдарынын бюджеттен тышкаркы каражаттарын эсепке алуу жана алар боюнча отчет берүү бюджеттик мекемелер үчүн мыйзамдарда белгиленген тартипте ишке ашырылаары.
4. Мамлекеттик жана муниципалдык мектепке чейинки билим берүү жана жалпы билим берүү уюмдарына ата-энелеринин (мыйзамдуу өкүлдөрүнүн) мүмкүнчүлүгү жоктугунан улам балдарын кабыл алуудан жарандарга баш тартууга, максаттуу төгүмдөрдү, ыктыярдуу жардамдарды ишке ашырууга тыюу салынат.
5. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги:
- бир жумалык мөөнөттө пилоттук апробациялоого катышуу үчүн мамлекеттик жана муниципалдык мектепке чейинки билим берүү жана жалпы билим берүү уюмдарынын тизмегин аныктасын;
- бир айлык мөөнөттө мамлекеттик жана муниципалдык мектепке чейинки билим берүү жана жалпы билим берүү уюмдарынын көзөмөлчүлүк кеңешинин алдында отчет берүү механизмдерин иштеп чыксын жана бекитсин;
- мамлекеттик жана муниципалдык мектепке чейинки билим берүү жана жалпы билим берүү уюмдарынын бюджеттен тышкаркы каражаттарды тартуу принциптерин жана тартибин жалпыга маалымдоо каражаттарында кеңири чагылдырсын;
- 2017-жылдын 1-январына чейин мамлекеттик жана муниципалдык мектепке чейинки билим берүү жана жалпы билим берүү уюмдарынын бюджеттен тышкаркы каражаттарын жөнгө салуу механизмин пилоттук апробациялоонун жыйынтыктарын жалпыласын;
- апробациялоо оң натыйжа берген учурда аларды Кыргыз Республикасынын баардык билим берүү уюмдарына андан ары жайылтуу боюнча сунуштарды белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына киргизсин.
6. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | Т.А. Сариев |