Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2016-жылдын 4-апрели № 139-б
Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусундагы Ноокен районунун аймагында жайгашкан "Дружба", "Маданият", "50 лет Октября" (1, 2 жогорулатуу) насостук станцияларын үзгүлтүксүз электр энергиясы менен камсыз кылуу максатында, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 1994-жылдын 12-январындагы № 1404-XII токтому менен ратификацияланган Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигине катышкан мамлекеттердин ортосундагы Менчик мамилелерди жана укуктарын өз ара таанууну жөнгө салуу жөнүндө макулдашуунун жоболоруна, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонд белгиленген тартипте:
- төмөнкү объекттерди мамлекеттик менчикке кабыл алсын:
ВЛ-35кВ Избаскент-Кокон-Кишлак электр өткөрүү чубалгысын (№ 1 таянычтан № 13 таянычка чейин жана № 26 таянычтан № 29 таянычка чейин, Кыргыз Республикасынын аймагандагы жалпы узундугу 5,4 км); ВЛ-6кВ М-2 электр өткөрүү чубалгысын (ПС 110/35/6 кВ "50 лет Октября" көмөк чордонунан тарта узундугу 1,8 км); ВЛ-110 кВ "Уч-Коргон ГЭС - Юлдуз" электр өткөрүү чубалгысын (№ 109 таянычтан № 192 таянычка чейин Кыргыз Республикасынын аймагындагы жалпы узундугу 24 км);
ПС 35/0.4 кВ "Насосная Сакалды" көмөк чордонун 1,0 MBA трансформатору менен; ПС 110/6кВ "Дружба" көмөк чордонун; ПС 110/35/6кВ "50 лет Октября" көмөк чордонун;
- жогоруда көрсөтүлгөн объекттерди белгиленген тартипте "Жалалабатэлектро" жана "Кыргызстандын улуттук электр тармактар" ачык акционердик коомдорунун убактылуу пайдалануусуна өткөрүп берсин.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясы "Кыргызстандын улуттук электр тармактар" жана "Жалалабатэлектро" ачык акционердик коомдору менен бирге ушул буйруктун 1-пунктунда көрсөтүлгөн объекттердин техникалык абалдарына экспертиза жүргүзсүн.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы белгиленген тартипте ушул буйруктун 1-пунктунда көрсөтүлгөн объекттерди убактылуу пайдалануу укугун "Жалалабатэлектро" жана "Кыргызстандын улуттук электр тармактар" ачык акционердик коомдоруна каттасын.
4. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын өнөр жай, отун-энергетикалык комплекси жана кен пайдалануу бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | Т.А. Сариев |