Редакцияот 06.04.2016
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

БУЙРУК

2016-жылдын 6-апрели № 145-б

Кыргыз Республикасынын Талас облусуна караштуу Талас районундагы картошка иштетүүчү ишкананы ишке киргизүү жана региондун экономикалык өнүгүшүн жакшыртуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонд төмөндөгү маселелерди белгиленген тартипте "Кыргыз агроөнөр жай азык-түлүк  корпорациясы" ачык акционердик коомунун жетекчи органдарынын кароосуна койсун:

- Индиянын "Lark Logistics Pvt. Ltd" компаниясынын катышуусу менен, ар бир катышуучунун үлүшүн аныктап "Таластагы картошка иштетүүчү завод" биргелешкен ишканасын түзүү жөнүндө;

- Талас облусунун Талас шаарында жайгашкан Таластагы картошка иштетүүчү заводдун мүлктүк комплексин түзүлүп жаткан юридикалык жактын уставдык капиталына кошуу жөнүндө.

2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонд менен бирдикте "Кыргыз агроөнөр жай азык-түлүк корпорациясы" ачык акционердик коомунун бюджеттик ссуда боюнча карызын жоюу механизмин иштеп чыксын.

3. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөр жай комплекси жана экология бөлүмүнө жүктөлсүн.

 

Премьер-министр

Т.А. Сариев