Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2016-жылдын 14-марты № 96-б
Бишкек шаарынын Ленин райондук сотунун 2013-жылдын 29-июлундагы № КИ-1178/12б1 өкүмүн аткаруунун алкагында, Бишкек шаарынын Ленин райондук сотунун сот аткаруучулар кызматы түзүлүшүнүн сот аткаруучусу Канат Абдиллаевич Осмоновдун кайрылуусун, Тулеев Нарынбек Ташболотовичтин атынан "ЭкспоСтрой" жоопкерчилиги чектелген коомдун 2015-жылдын 25-майындагы чыг. № 141 арызын, Бишкек шаарынын Ленин райондук сотунун 2015-жылдын 6-июлундагы СГ-263/15г.Б1 аныктамасын эске алуу менен, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17- беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонд белгиленген тартипте:
- Бишкек шаары, Москва көчөсү 191 - Шевченко көчөсү 27/1 дареги боюнча жайгашкан турак үйдөгү 11 (он бир) батир кыймылсыз мүлктү 2013-жылдын 26-июлундагы соттун № УД-1178/12б1 өкүмүнө ылайык, мамлекеттин кирешесине өндүрүлүүчү, мамлекетке биргелешип келтирген зыяндын ордун төлөөдөн калган 48 352 323 (кырк сегиз миллион үч жүз элүү эки миң үч жүз жыйырма үч) сом өлчөмүндөгү сумманын эсебинен Тюлеев Нариман Ташболотовичтен жана Кожебергенов Медет Тургунбековичтен мамлекеттин менчигине кабыл алсын;
- 2013-жылдын 26-июлундагы № УД-1178/12б1 соттун өкүмүнө ылайык Тюлеев Нариман Ташболотовичтен жана Кожебергенов Медет Тургунбековичтен мамлекетке биргелешип келтирген зыяндын ордун төлөөнүн эсебинен мамлекеттин кирешесине өндүрүлүп жаткан кыймылсыз мүлктү өткөрүп берүү тууралуу "Экспо Строй" жоопкерчилиги чектелген коомдун 2016-жылдын 26-февралындагы чыг. № 33 кайрылуусун эске алуу менен "Экспо Строй" жоопкерчилиги чектелген коом менен жарандык-укуктук келишимди түзсүн;
- ушул пунктта аталган кыймылсыз мүлккө карата укуктарды каттоону жүргүзсүн;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына ушул пунктта аталган кыймылсыз мүлктү андан ары пайдалануу боюнча сунуштарды киргизсин.
2. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика жана инвестициялар бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | Т.А. Сариев |