КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2016-жылдын 21-апрели № 179-б
Ош шаарында катуу таштандыларды иштетүү системасын өнүктүрүү жана жакшыртуу максатында "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык:
1. Төмөнкү расмий тилде тиркелгендер жактырылсын:
- "Ош шаарында катуу таштандыларды иштетүү системасын жакшыртуу" долбоору боюнча Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы Насыялык макулдашуунун долбоору;
- "Ош шаарында катуу таштандыларды иштетүү системасын жакшыртуу" долбоору боюнча Кыргыз Республикасы жана Ош шаарынын мэриясы, "Ош Тазалык" адистештирилген муниципиалдык ишканасы жана Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосунда Гранттык макулдашуунун долбоору.
2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрине ушул буйруктун 1-пунктунда аталган макулдашууларга принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги "Ош шаарында катуу таштандыларды иштетүү системасын жакшыртуу" долбоору боюнча грант-элементти эсептөөдө бардык тартылган инвестицияларды эске алсын.
Премьер-министр | С.Жээнбеков |