Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2016-жылдын 10-марты № 94-б
1. Кыргыз Республикасы менен Араб экономикалык өнүктүрүүнүн Кувейт фондусунун ортосундагы "Улуттук госпиталдын нейрохирургиялык борборун куруу жана жабдуу" долбоору боюнча Кредиттик макулдашуунун расмий тилдеги (расмий эмес котормо) тиркелген долбоору жактырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрине жогоруда аталган Кредиттик макулдашуунун долбооруна принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
Премьер-министр | Т.А. Сариев |
Долбоор
Расмий эмес котормо
КРЕДИТТИК МАКУЛДАШУУ Кыргыз Республикасы менен Араб Экономикалык Өнүктүрүү Боюнча Кувейт Фондунун ортосунда Улуттук госпиталдын нейрохирургиялык борборун куруу жана жабдуу долбоору боюнча кредиттик макулдашуу
Бул Кредиттик макулдашуу (мындан ары - Макулдашуу) бир тарабынан Кыргыз Республикасы менен (мындан ары - "Зайымчы") экинчи тарабынан Араб экономикалык өнүктүрүүнүн Кувейт фонду (мындан ары - "Фонд") ортосунда _______________ түзүлдү.
Зайымчы кредит берүү жолу менен (мындан ары - Кредит) Улуттук госпиталдын долбоорунун алкагында мазмуну бул Макулдашуунун 2-Тиркемесинде берилген Нейрохирургиялык борборду куруу жана жабдуу боюнча Долбоорду (мындан ары - Долбоор) каржылоого жардам берүү өтүнүчү менен Фондго кайрылгандагына;
Зайымчы Долбоорду жүзөгө ашыруу жана келип чыгуусу мүмкүн болгон кайсы бир артыкбаш чыгашалар үчүн Кредитке толуктоо иретинде зарыл болуусу мүмкүн бардык суммаларды жергиликтүү же чет элдик валютада берүүгө милдеттендирилгендигине;
Фонддун максаты - бул араб жана башка өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдүн экономикасына жардам көрсөтүү жана алардын долбоорлору менен өнүгүү программаларын жүзөгө ашыруу болуп саналгандыгына;
Фонд Долбоордун маанилүүлүгүнө жана анын Зайымчынын өлкөсүнүн экономикасынын өнүгүүсүнө пайдалуу экендигине ынангандыгына; жана
Фонд жогорудагы белгиленгендер менен бирге Зайымчыга бул Макулдашууда баяндалган шарттарда Кредит берүүгө макул болгондугуна байланыштуу,
Бул аркылуу Тараптан төмөндөгүлөр тууралуу макулдашышты:
I статья. Кредит; пайыздан жана башка жыйымдар; жабуу; төлөм орду
1.01-бөлүм. Фонд бул Макулдашууда баяндалган же мындан ары шилтеме жасалуучу шарттарда алты миллион (6,000,000/-) кувейт динарына эквиваленттүү сумманы Зайымчыга берүүгө макул.
1.02-бөлүм. Зайымчы пайыздарды Кредиттин алынган жана жабыла элек негизги суммасы боюнча төлөйт. Пайыздар сумма алынуучу тиешелүү күндөрдөн тартып эсептелет.
1.03-бөлүм. Кредиттен алынган жана жабыла элек сумма боюнча жылдык бир пайыздын бир бөлүгүн (½ от 1%) кошумча жыйноо административдик чыгымдар менен бул Макулдашууну жүзөгө ашыруу боюнча чыгымдарды төлөө үчүн жүргүзүлөт.
1.04-бөлүм. Эгерде Зайымчынын өтүнүчү боюнча Фонд бул Макулдашуунун 3.02-бөлүмүнө ылайык өзгөчө милдеттемелерди кабыл алса, бул өңдүү өзгөчө милдеттеме үчүн болгон төлөм мезгил-мезгили менен төлөнбөй калган бул өңдүү өзгөчө милдеттемелердин жылдык негизги суммасынын бир пайызынын бир бөлүгү (½ от 1%) чени боюнча Зайымчы тарабынан жүргүзүлөт.
1.05-бөлүм. Кредит боюнча пайыздар жана башка суммалар 360 күн, 12 ай жана 30 күндөн турган жыл ичиндеги жылдын толук жарымынан аз мезгилге карата эсептелүүсү зарыл.
1.06-бөлүм. Зайымчы Кредиттин негизги суммасын бул Макулдашуунун 1-Графигинде берилген Кредитти амортизация боюнча жобого ылайык жабат.
1.07-бөлүм. Кредит боюнча пайыздар жана башка чыгашалар ар бир жылдын 15-майында жана 15-ноябрында жарым жылда бир жолу төлөнөт.
1.08-бөлүм. Зайымчы кредит жана башка суммалар боюнча пайыздардын бардык топтолгон суммасын Фонддун эскертүүсүнөн кийинки 45 күндөн кечиктирбей төлөгөн соң мурда бекитилген төлөм мөөнөтү боюнча жабуу укугуна ээ болуусу керек: (а) бул мезгил ичинде төлөнбөй калган Кредиттин бүтүндөй негизги суммасын, жана (б) кандайдыр бир же андан көп карыздык милдеттемелердин бүтүндөй негизги суммасын, мындай ордун жабуу күнүнө мөөнөтүнөн мурда төлөнүүсү керек болгон бөлүк төлөнгөндөн кийин Кредиттин төлөнбөй калган кайсы бир бөлүгү калып калбоо шарты менен.
1.09-бөлүм. Негизги сумма жана пайыздар, жана Кредит боюнча башка төлөмдөр Кувейтте же Фонд талап кылган негизде башка ушул өңдүү жерлерде төлөнөт.
II статья. Валюталык жоболор
2.01-бөлүм. Бул Макулдашуунун шарттарына ылайык ишке ашкан финансылык бүтүмдөрдүн бардык эсептери болуусу керек жана карыз каражаттарынан сумма алуу Кувейт динарынын негизинде жүргүзүлүүсү керек.
2.02-бөлүм. Зайымчынын өтүнүчү боюнча Фонд Зайымчынын агенти катары чыгуу менен бул Макулдашуунун алкагында Кредиттик каражаттардын эсебинен каржылануучу товарлардын наркын жабуу, же кайсы валюта боюнча төлөмдөр жүргүзүлсө, ошол валютада төлөмдөрдү жүргүзүү үчүн керектелүүсү керек болуучу валюталарды сатып алуусу зарыл, Мындай кырдаалдардын биринде Кредиттин эсебинен чыгарып алынган катары эсептелген сумма чет элдик валютада тиешелүү сумманы сатып алуу үчүн талап кылынуучу Кувейт динарынын суммасына дал келүүсү зарыл.
2.03-бөлүм. Кредит боюнча негизги сумманы жабуу же пайыздарды жана жүргүзүлгөн чыгашаларды төлөөдө Фонд Зайымчынын өтүнүчү боюнча жана Зайымчынын агенти катары чыгуу менен Зайымчы тарабынан валюта же валюталар түрүндө мындай сатып алуулар үчүн талап кылынуучу Сумма төлөнгөндүгүнө жараша мезгил-мезгили менен Фонд үчүн ылайыктуу шарттарда мындай төлөмдөр же ордун жабуулар үчүн зарыл болгон Кувейт динарларын сатып алат.
Бул Макулдашуунун алкаганды талап кылынган жана Фонд үчүн жүргүзүлгөн бардык төлөмдөр Фонд тарабынан Кувейт динарлары алынган ошол убакыт жана ошол даражаны эске албаганда жүргүзүлгөн жок деп эсептелет.
2.04-бөлүм. Бул Макулдашуунун максаттары үчүн бир валютанын экинчи бир валютага карата наркын аныктоо зарылчылыгы келип чыкса, анда мындай нарк Фонд тарабынан аныкталат.
III статья. Кредит каражаттарын чыгаруу жана пайдалануу
3.01-бөлүм. Зайымчы бул Макулдашуунун жоболоруна ылайык Кредиттик эсептен Долбоор боюнча чыгымдалган же чыгымдалып жаткан сумманы ала алат.
Эгерде Фонд тарабынан башка нерсе макулдашылбаса, бул Макулдашуу күчүнө киргичекти жүргүзүлгөн чыгымдарды жабуу үчүн бир дагы сумма Кредиттик эсептен чыгарылып алынуусу мүмкүн эмес.
3.02-бөлүм. Зайымчынын өтүнүчү боюнча жана Фонд менен Зайымчынын ортосундагы макулдашылган шарттарга ылайык Фонд Зайымчынын Кредиттик каражаттарды чыгаруу укугунун кезектеги токтоосуна жана токтотулушуна карабастан Зайымчыга бул Макулдашуунун алкагында каржыланууга тийиш болгон товарлардын чыгымдары менен байланышкан сумма же башка суммаларды төлөө боюнча кат жүзүндө атайын милдеттеме берүүсү мүмкүн.
3.03-бөлүм. Зайымчы кредиттик эсептен кандайдыр бир сумманы алууну кааласа же 3.02-бөлүмүнө ылайык атайын милдеттемелерди берүү үчүн Фондго сурам жөнөтсө, Зайымчы кат жүзүндө жана Фонд талап кылган формада арыз менен бирге макулдашууларды жана башка документтерди жөнөтүүсү зарыл. Аталган Статьяда баяндалгандай каражат чыгарып алуу үчүн документтер менен бирге берилген арыздар, эгерде Зайымчы менен Фонд ортосунда башка нерселер тууралуу макулдашуулардан сырткары Долбоорго карата чыгашаларга үчүн өз учурунда жөнөтүлүүгө тийиш.
3.04-бөлүм. Эсептен арызда суралган тигил же бул сумма чыгарылгандыгын Фонд тастыктаганга чейин жана кийин дагы Зайымчы Фонддун талабы боюнча Фонддун кароосуна мындай документтерди жана башка күбөлүктөрдү берүүсү зарыл.
3.05-бөлүм. Каражат чыгаруу боюнча ар бир арыз жана коштомо документтер, ошондой эле башка күбөлүктөр Зайымчынын талап кылынып жаткан сумманы алууга укугу бар экендигин жана алынган сумма аталган Макулдашууда бекитилген максаттар үчүн гана жумшалары тууралуу Фондду ынандыруу үчүн жеткиликтүү формада жана мазмунда болуусу зарыл.
3.06-бөлүм. Зайымчы кредиттик каражаттарды бул Макулдашуунун 2-Тиркемесинде баяндалган Долбоор боюнча зарыл товарлардын алгылыктуу наркын каржылоо үчүн гана пайдалануусу зарыл. Кредиттик каражаттардын эсебинен каржылануусу мүмкүн болгон белгилүү бир товарлар, мындай товарларды сатып алуунун методдору жана процедуралары макулдашуу процессинин жүрүшүндө Зайымчы менен Фонд ортосунда аныкталуусу керек.
3.07-бөлүм. Зайымчы Кредиттик каражаттардын эсебинен каржыланган бардык товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр жалаң гана Долбоорду жүзөгө ашыруу үчүн пайдаланылышын камсыз кылуусу керек.
3.08-бөлүм. Зайымчы Фонд каражаттарынын эсебинен чыгарып алууга укуктуу төлөмдөр Зайымчынын заказы боюнча жүзөгө ашырылууга тийиш.
3.09-бөлүм. Кредиттин эсебинен каражаттарды чыгаруу үчүн акыркы мөөнөт болуп 2019-жылдын 31-декабры же Зайымчы менен Фонд ортосунда мезгил-мезгили менен макулдашылып турчу башка күн саналат.
IV статья. Өзгөчө шарттар
Раздел 4.01. Зайымчы милдеттүү: (а) Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги (мындан ары - "Министрлик") Кредиттик эсептен каражат чыгарып алуусу үчүн Фонд үчүн ыңгайлуу чараларды кабыл алууга. Өз кезегинде Министрлик Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба боюнча Мамлекеттик агенттиктик жардамы менен Долбоорду жүзөгө ашыруу, андан кийин эксплуатациялоо жана техникалык тейлөө укугуна ээ болот.
(б) Министрлик же Фонд үчүн алгылыктуу бардык эле мураскер үчүн мындай Ыйгарым укуктарды берүү, ошондой эле ага долбоорду жигердүүлүк жана эффективдүүлүк менен жүзөгө ашыруу үчүн зарыл болгон мындай кызматтарды (талап жооп берүүчү инженерлер менен техникалык адистерди сунуштоо менен бирге) сунуштоо.
4.02-бөлүм. Зайымчы кечиктирилгис тартипте жана зарылчылыгына жараша Долбоорду жүзөгө ашыруу үчүн керектелүүчү башка бардык суммаларды аталган Кредиттин каражаттарына толуктоо катары
Зайымчы зарылчылыгына жараша жана кечиктирилгис тартипте Долбоорду жүзөгө ашыруу үчүн талап кылынуусу мүмкүн болгон башка бардык суммаларды аталган Кредиттик каражаттарга толуктоо иретинде сунуштайт, бул кыяздагы бардык суммалар алгылыктуу шарттарда жана мөөнөттөр боюнча Фонд үчүн жеткиликтүү болуусу зарыл.
4.03-бөлүм. Зайымчы изилдөөлөр жана пландар даяр болгондон кийин Министрлик аларды, ошондой эле Долбоор үчүн спецификацияларды, алардын аткарылуу графигин жана кийинчерээк анда жасалган ар кандай материалдык өзгөрүүлөрдү Фонд мезгил-мезгили менен сурай турган тактыкта дароо Фондго жөнөтүүсүн камсыз кылуусу керек.
4.04-бөлүм. Зайымчы тиешелүү инженердик, медициналык жана каржылык тажрыйбаларды колдонуу, ошондой эле күч-аракет жумшоо менен Министрлик тарабынан Долбоордун жүзөгө ашырылышын камсыз кылуусу керек.
4.05-бөлүм. Мурдагы Бөлүмгө ылайык Зайымчы Долбоорду жүзөгө ашырууда Министрлик үчүн зарыл же ылайыктуу каражаттарды, объектилерди, кызмат көрсөтүүлөрдү жана башка ресурстар менен бирге бардык чараларды кабыл алуусу же кабыл алынуусун камсыздоосу керек, жана Долбоордун аткарылышын же эксплуатациялануусун же бул Макулдашуунун жоболорунун кайсы биринин аткарылышын токтотуучу же аткарылышына жолтоо болуучу кандайдыр бир чараларды кабыл албоосу же кабыл алууга уруксат бербеши керек.
4.06-бөлүм. Долбоорду жүзөгө ашыруу үчүн Зайымчы Фондду канааттандыраарлык шарттарда жана мөөнөт менен Фонд үчүн ылайыктуу консультант-инженерлерди жалдоону камсыз кылуусу зарыл.
4.07-бөлүм. Долбоорду жүзөгө ашыруу боюнча Кредит каражаттарынын эсебинен каржылануусу зарыл болгон контракттарды ыйгаруу, ошондой эле мындай контракттардагы ар бир өзгөрүүлөр Фонд тарабынан жактырылышы керек.
4.08-бөлүм. Зайымчы Кредиттин каражаттарынан каржылана турган товарларды аныктоо үчүн Министрлик тарабынан жазмалардын жүргүзүлүшүн жана Долбоорду ишке ашыруунун жүрүшүн (алардын наркын да) чагылдыруу үчүн Долбоорго пайдаланууга алардын жарыяланышын, жана аларды бухгалтердик эсептин рационалдуу ыкмалары менен колдоого ээ болгон Министрликтин операцияларын жана финансылык абалынын чагылдырылышын камсыздайт, ошондой эле Фонддун аккредитациядан өткөн өкүлдөрү үчүн Долбоорду, товарларды жана кандай болбосун тийиштүү жазмаларды, документтерди текшерүү үчүн Кредитке байланыштуу максаттарда сапарларга чыгууларына мүмкүнчүлүк берет. Фондго Кредиттин, долбоордун каражаттарын, товарларын сарптоого байланыштуу жана Долбоор боюнча Министрликтин операциялары, финансылык абалы боюнча сураган каалаган маалыматтарды берет.
4.09-бөлүм. Зайымчы Кредиттин каражаттарынан каржылана турган товарларды бардык товарлардын ишенимдүү камсыздандыруу кампаниясынын көмөгү менен Министрлик тарабынан камсыздандыруу ишин камсыздайт. Мындай камсыздандыруу товарларды сатып алууда жана Зайымчынын аймагына киргизүүдөгү жана Долбоордун ишке ашырылып жаткан жайына жеткирүүдөгү деңиздеги, транзиттик жана башка тобокелдиктерди, ошондой эле соода практикасына каршы келбеген мындай суммалардын берилишиндеги тобокелдиктерди жабат. Мындай камсыздандыруу камсыздандырылган товарлардын наркы төлөнө турган валютада же эркин алмашымдуу валютада төлөнүүгө тийиш.
Зайымчы тийиштүү коммерциялык практикага ылайык боло турган суммада, Министрлик Долбоордун ишке ашырылышына байланыштуу тобокелдиктерден камсыздандырууну ала тургандай жана тийиштүү түрдө кармап ала тургандай кылып камсыздап берүүгө тийиш.
4.10-бөлүм. Фонд жана Зайымчы Кредиттин максаттарына жетүү үчүн бири-бири менен тыгыз кызматташуусу зарыл. Бул максаттар үчүн Зайымчы бул Макулдашууга кол коюлган күндөн тартып ар бир үч ай сайын долбоордун аткарылышы жана Кредиттин жалпы макамы боюнча мезгил-мезгили менен Министрликтин Фондго отчёт, ошондой эле Фонддун өтүнүчү менен Долбоор жана Кредитке байланышкан башка маалыматтарды англис тилинде берип турууга милдеттүү.
Зайымчы менен Фонд Кредиттин максаттарына жана кызматтарды төлөөгө байланыштуу маселелер боюнча мезгил-мезгили менен өз өкүлдөрү аркылуу ойлору менен бөлүшүп турушу керек. Зайымчы Кредиттин максаттарына жетүү үчүн жана кызматтарды төлөө үчүн тоскоол боло турган же тоскоолдуктардын түзүлүшүнө коркунуч болуп эсептеле турган кандай болбосун шарттар (мунун ичинен Долбоордун наркынын маанилүү өсүп кетүүсү) жөнүндө Фондго өз убагында билдирип турушу керек.
Долбоорду аткаруу аяктаганда жана ушул Макулдашуунун 3.09-бөлүгүнө ылайык Кредиттик эсептен каражаттарды алууга Зайымчынун укугу бүткөн күндөн тартып алты айдан кечикпеген мөөнөттө Зайымчы Министрлик тарабынан Фондго Долбоордун аякталышы жөнүндөгү отчеттун англис тилинде берилишин камсыздоого тийиш, отчетто Долбоордун сарптоолорунун жана узактыгынын баштапкы бааланган Долбоордун сарптоолоруна жана узактыгына карата салыштыруусу камтылат. Отчетто Долбоорго эсептелген баштапкы сарптоолордон кийинки сарптоолордун кандай болбосун өзгөрүлүп кетүүсү же Долбоорду ишке ашыруунун кармалып калуусу түшүндүрүлүп берилиши керек жана чыккан көйгөйлөр, тоскоолдуктар жана аны узартууга көрүлгөн чаралар көрсөтүлүүгө тийиш.
4.11-бөлүм. Зайымчы Министрлик долбоорду ишке ашыруу бөлүмүнүн (мындан ары - ДИБ) жетекчиси болушу үчүн 2016-жылдын 1-мартынан кечиктирбестен же Зайымчы менен Фонддун ортосунда макулдашылган күндөн тартып конкурстук негизде Фондго алгылыктуу болгон квалификациядагы жана тажрыйбадагы Долбоордун менеджерин дайындоосун камсыз кылат. Мындай менеджер Долбоордун тендердик жол-жоболорун уюштурат жана координациялайт жана анын аткарылышына көзөмөл кылат жана анын жүрүшүнө сереп салып турат. Зайымчы Долбоордун менеджерине жардам берүү үчүн жана Долбоордун эффективдүү жана өз убагында аткарылышын камсыздоо үчүн Министрлик тарабынан тийиштүү, квалификациялуу жана тажрыйбалуу кызматкердин дайындалышын камсыз кылат үчүн.
4.12-бөлүм. Зайымчы министрлик тарабынан Долбоорду ишке ашырууда керектүү медициналык жабдууларды орнотууга зарыл болгон электр тогу, суу жана телефон сыяктуу же башка кызматтар сыяктуу мамлекеттик коммуналдык ведомстволор тарабынан көрсөтүлүүчү кызматтар боюнча зарыл чараларды кабыл алуусун камсыз кылууга милдеттүү, ал чаралар мындай ишке ашыруунун графигине ылайык координациялоодо каралат.
4.13-бөлүм. Зайымчы Министрлик Долбоор аяктаган соң аны эксплуатациялоого жана техникалык тейлөөгө тиешеси бар кызматкерлер керек болгон анын органынын керектөөлөрүн аныктоо үчүн изилдөө жүргүзүүсүн камсыздап бериши керек, ошондой эле Долбоордун ишке ашырылышы аяктаганча жетиштүү сандагы даярдалган кызматкерлердин болушун камсыздоого тийиш.
4.14-бөлүм. Зайымчы Долбоордун эффективдүү иштөөсү үчүн дарыгер, фармацевт, медайым, техникалык кызматкерлер жана клиникалык кызматкерлер сыяктуу кызматкерлердин тийиштүү деңгээлин Министрлик колдоп турушун камсыз кылат.
4.15-бөлүм. Зайымчы Долбоорго зарыл болгон медициналык жабдуулардын жеткирилиши Долбоорго киргизилген медициналык имараттардын аякташы менен туш келишин камсыздашы керек.
4.16-бөлүм. Зайымчы курулуш жана электромеханикалык иштер Долбоор үчүн зарыл болгон медициналык жабдуулардын өзгөчөлүктөрүнө ылайык келишин камсыздоого тийиш.
4.17-бөлүм. Зайымчы ар жылдык эксплуатациялык сарптоолорду канааттандыруу үчүн керектүү сумманы өз каражаттарынын эсебинен бөлүп бериши керек жана Долбоордун алкагында зарыл болгон негизги материалдарды берүүгө тийиш.
4.18-бөлүм. Зайымчы Министрлик тарабынан Долбоорду ишке ашыруу аймагында курчап турган чөйрөнү коргоо боюнча бардык зарыл чараларды көрүлүшүн жана Долбоорду ишке ашырууда, иштетүүдө жана аны техникалык тейлөөдө курчап турган чөйрөгө тийгизүүчү терс таасиринин минималдуу болушун кепилдешин камсыз кылууга тийиш. Буга байланыштуу Зайымчы Министрлик төмөнкүлөрдө камсыздоосу керек деп милдеттенет:
(a) Долбоордун объектилерин долбоорлоо жана куруу тиешелүү медициналык спецификация жана стандарттарга дал келүүсү зарыл;
(b) тийиштүү коопсуздук стандарттары жана механизмдери, санитарияны, гигиенаны; жакшыртуу үчүн жана медициналык калдыктарды жок кылуу үчүн, анын ичинен суунун коопсуздугун жана сапатын камсыздоо;
(c) гигиенаны жана коопсуздукту камсыздоо боюнча тийиштүү чаралар Долбоордун объектилерин орнотууда жана техникалык тейлөөдө кабыл алынат.
4.19-бөлүм. Зайымчы Министрлик тарабынан Долбоордун башкарылышын жана колдоо көрсөтүлүшүн, мунун ичинен (а) дарыларды жана медициналык жабдууларды тейлөө; (б) шаймандардын тийиштүү тетиктери; жана имараттарды жана шаймандарды пландуу профилактикалык тейлөө үчүн дары каражаттарын сактоону, эсепке алууну, пландоону, контролдоону, пайдаланууну жана акылга ылайык пайдаланууну жакшыртуу менен Долбоорго киргизилбеген бирок тийиштүү инженердик, медициналык, финансылык практикасына ылайык алардын тиешелүү түрдө жана майнаптуу иштөөсү үчүн зарыл болгон түзүмдөрдү, иштерди жана объектилерди башкарышын жана колдоо көрсөтүшүн камсыздап берүүгө милдеттүү.
4.20-бөлүм. Зайымчы Министрлик тарабынан Долбоордун медициналык мекемелеринде кызматтар үчүн зарыл дарылар жана медициналык шаймандар жетиштүү көлөмдө болушун кепилденишин камсыздоосу керек.
4.21-бөлүм. Зайымчы Министрлик тарабынан бардык мезгилде ченемдерге жана эрежелерге ылайык иштөөсүн жана Долбоордун тийиштүү жана эффективдүү иштөөсүнө керектүү болгон администрлештирүү, башкаруу сыяктуу укуктарынын болушун камсыздап берүүгө тийиш.
Зайымчы эки тараптын ортосундагы жакшы кызматташтык кылуу ниетинде Министрликтин маңызына жана түзүлүшүнө кесепетин тийгизүүсү мүмкүн болгон ар кандай аракеттер тууралуу Фондго маалымдоо менен мындай иш-аракеттерди кабыл алаардан мурда бул максаттар үчүн Фонддун Зайымчы менен пикир алышуусуна бардык мүмкүнчүлүктөрдү берүүсү зарыл.
4.22-бөлүм. Зайымчы жана Фонд Зайымчынын активдерине салынган кармап калуу укугу менен бир дагы сырткы карыз Кредиттин үстүнөн кандайдыр бир артыкчылыктарга ээ болбой тургандыгы тууралуу өз макулдуктарын ырасташты. Ушул максаты үчүн Зайымчы, эгерде Фонд башкасын макулдашпаса, Зайымчынын кайсы бир активдерине ар кандай тышкы карызы үчүн күрөө түрүндө кармап калуу укугу салынса, ушундай кармап калуу укугу фактынын өзүнө жараша жана бирдей, пропорциялуу түрдө Кредиттин негизги суммасын, кредиттер боюнча пайыздарын жана башка чыгымдарды төлөөнү камсыз кылууга милдеттенет жана ушундай кармап калуу укугу келип чыккан учурда ушул тууралуу түздөн-түз айтылган жобо жасалат; бирок ушул Бөлүмдүн параграфында келтирилген милдеттенме кийинкилерге колдонулбайт:
(i) күрөө катары мүлктүн сатып алынуучу баасын төлөө үчүн, бир мүлктү сатып алуу мезгилинде мүлккө салынган кармап калууларга карата бардык укуктарды;
(ii) карызды бир жылдан көп эмес жабдуу мөөнөтү менен камсыз кылуу үчүн коммерциялык товарлар үчүн кармап калууларга карата болгон бардык укуктарды; мында төлөм баштапкы ирет жүргүзүлгөн жана бул өңдүү коммерциялык товарларды сатуу каражаттарынын ичинен төлөөгө таандык болгон күн эске алынат.
(iii) кадимки банктык транзакциялар учурунда келип чыгуучу кармап калуулар жана жүзөгө ашырылган күндөн тартып карызды бир жылдан ашпаган жабуу мөөнөтү менен камсыз кылуунун бардык укуктары;
Бул бөлүмдө пайдаланылгандай эле "Зайымчынын активдери" деген термин Зайымчынын же Зайымчыга таандык же контролдукка алынуучу ар кандай саясий бөлүмдөрдүн же ар кандай агенттиктердин, же Зайымчынын Борбордук банкы менен бирге ушул өңдүү саясий бөлүмдөрдүн же Зайымчынын Борбордук банкынын функцияларын аткарган башка мекеменин активдерин өзүнө камтыйт. Ошондой эле кармап калуу укуктарынын шарттары өзүнө күрөөлүктү, милдеттемелерди, чыгашаларды, артыкчылыктуу укуктарды жана ар кандай түрдөгү приоритеттерди камтыйт.
4.23-бөлүм. Негизги сумма, кредит боюнча пайыздар жана башка суммалар эсептен чыгарууларсыз төлөнүүсү жана Зайымчынын мыйзамдарына же анын территориясында учур чакта иштеп жаткан же келечекте иштей турчу мыйзамдарына ылайык алынуучу бардык салыктардан бошотулуусу керек.
4.24-бөлүм. Бул Макулдашуу Зайымчынын мыйзамдарына же анын территориясында учур чакта иштеп жаткан же келечекте иштей турчу мыйзамдарына ылайык же басып чыгаруу, аткаруу, жеткирүү же каттоо менен байланыштуу алынуучу бардык салыктардан бошотулуусу керек; жана Зайымчы, эгерде алар бар болсо, Кредит валютасынын негизинде жабылуучу өлкө же өлкөлөрдүн мыйзамына ылайык алынуучу мындай салык, кармап калуу, алым жана жыйымдарды төлөөсү керек.
4.25-бөлүм. Негизги суммаларга, кредит боюнча пайыздарга же Кредит боюнча башка суммаларга болгон төлөмдөр Зайымчынын мыйзамы же анын территориясында иштеп жаткан мыйзамдардын негизинде киргизилген валюталык чектөөлөр менен бирге бардык чектөөлөрдөн бошотуулусу керек.
4.26-бөлүм. Фонддун бардык документтери, жазуу иштери, корреспонденциялары, ошондой эле башка материалдары конфиденциалдуу болуп эсептелиши керек жана Зайымчы Фонддун цензура жана басылмалардын контролунан толук корголушун камсыздоосу зарыл.
4.27-бөлүм. Фонддун бардык активдери жана кирешелери улутташтыруу, алуу жана камакка алуулардан бошотулуусу керек.
V берене. Жокко чыгаруу жана токтотуу
5.01-бөлүм. Зайымчы Фондго билдирип, Зайымчы албаган Кредиттин ар кандай суммасын жокко чыгарышы мүмкүн, ушул Макулдашуунун 3.02-бөлүмүнө ылайык Фонд Кредиттин кайсы болбосун суммасына атайын милдеттенмени алгандыгын кошпогондо, ал сумма, демек, Зайымчы тарабынан алынууга тийиш эмес.
5.02-бөлүм. Эгерде төмөндөгү окуялардын кайсы бири орун алса жана улантылып жатса, Фонд Зайымчыга билдирип Кредиттик эсептен суммаларды Зайымчы тарабынан алуу укугун бүтүндөй же жарым-жартылай токтотушу мүмкүн:
(а) Зайымчы ушул Макулдашууга ылайык же Фонд менен Зайымчы ортосундагы башка ар кандай Кредиттик Макулдашууга ылайык бериле турган Кредиттин негизги суммасын, Кредиттин пайыздарын же башка суммаларды төлөө милдетин аткара албаганда;
(б) Зайымчы ушул Макулдашуу боюнча кайсы бир башка милдетти аткара албаганда;
(в) Фонд Зайымчынын макулдашуу боюнча өз ар кандай милдеттерин аткарууга жөндөмсүздүгүнөн Фонд менен ар кандай кредиттик макулдашуунун алкагында Кредиттик эсептен каражаттарды Зайымчынын алуу укугун толугу менен же жарым-жартылай токтоткондо;
(г) Кредиттик Макулдашуу датасынан кийин орун алган окуянын натыйжасында өзгөчө кырдаал болгон, ал Долбоордун ишке ашыруу мүмкүндүгүн жокко чыгарып, Зайымчы ушул Макулдашуу боюнча өз милдеттерин аткара албай калганда.
Кредиттик Макулдашуунун кол коюлган датасынан кийин жана анын күчүнө кирүү датасына чейин ар кандай окуя орун алган, ал Фондго, эгерде Кредиттик Макулдашуу ушундай окуя орун алган датасына күчүнө кирсе, Кредиттик эсептен Зайымчынын сумманы алуу укугун токтотууга укук берет.
Зайымчынын Кредиттик эсептен каражаттарды алуу укугу, эгерде Фонд Зайымчыны каражаттарды алуу укугу калыбына келтирилди деп билдирбесе, ошол токтотууну чакырган учур же учурлар токтотулганча толугу менен же жарым-жартылай токтотулат; каражаттарды алуу укугун калыбына келтирүү жөнүндө билдирме, ошол билдирмеде айтылган шарттарга жараша жана даражада гана укугу калыбына келтирилсе жана бир ушундай билдирме Фонддун ушул бөлүмдө айтылган кийинки ар кандай учурларына карата ар кандай укугун, ыйгарым укуктарын же каражаттарын азайтпашы керек же таасир бербеши зарыл.
5.03-бөлүм. Эгерде 5.02-бөлүмдүн (а) параграфында көрсөтүлгөн касы бир окуя орун алса же Фонд Зайымчыны билдирүүдөн кийин отуз күн ичинде улантылса, же 5.02-бөлүмдүн (б), (в) жана (г) параграфтарында көрсөтүлгөн ар убакта орун алса же Фонд Зайымчы билдиргенден кийин 60 күндүн ичинде улантылса, анда мезгилдин ар убагында Фонд өз ниети боюнча Кредиттин негизги суммасын ошол замат төлөп берүүнү талап кылышы мүмкүн.
5.04-бөлүм. Эгерде (а) Зайымчынын Кредиттик эсептен каражат алуу укугу отуз күндүн ичинде Кредиттин кайсы бир суммасына карата токтотулса, же (б) эгерде Кредиттин бөлүгү 3.09-бөлүмдө көрсөтүлгөн Кредиттин каражаттарын алуунун акыркы датасынан кийин Кредиттин эсебинен алынбай калса, Фонд Зайымчыны билдирип ошол суммага карата Зайымчынын каражаттарды алуу укугун жокко чыгарышы мүмкүн. Кредиттин аталган бөлүгү ушундай билдирме алынгандан кийин жокко чыгарылган болуп эсептелет.
5.05-бөлүм. Фонд тарабынан жокко чыгаруу же токтотуу Фонд тарабынан 3.02-бөлүмүнө ылайык кабыл алынган кайсы бир атайын милдеттенменин предмети болуп саналбаган каражаттарга тийиштүү эмес, ушундай милдеттенмеде өзгөчө айтылган учурларды кошпогондо.
5.06-бөлүм. Эгерде Фонд жана Зайымчы ортосунда башкасы макулдашылбаса, ар кандай жокко чыгаруулар Кредиттин негизги суммасынын, алар боюнча төлөм мөөнөтү ушундай жокко чыгаруудан кийин келген бир нече төлөм мөөнөттөрүнө пропорциялуу колдонулууга тийиш.
5.07-бөлүм. Кайсы бир жокко чыгаруу же токтото турууларга карабастан Макулдашуунун бардык жоболору бул Статьяда каралган учурларды эске албаганда толук кандуу жана натыйжалуу түрдө аткарылышы керек.
VI статья. Кредиттик Макулдашууну соттук тартипте мажбурлоо түрүндө аткаруу; укуктардын жүзөгө ашырылышынын мүмкүн эместигинин натыйжасы; арбитраж
6.01-бөлүм. Ушул Макулдашуунун алкагында Фонддун жана Зайымчынын укуктары жана милдеттери күчүндө калат жана алардын шарттарына ылайык, Зайымчынын мамлекетинин мыйзамдарында тескериси белгиленгенине карабай аткарылууга тийиш. Фонд да, Зайымчы да ушул берене боюнча ар кандай териштирүүдө ушул Макулдашуунун кайсы бир жоболору анык эмес же кандайдыр бир себептерден аткарылууга тийиш эмес деген кайсы бир доолорду коюуга укуктары жок.
6.02-бөлүм. Кредиттик Макулдашууда көрсөтүлгөн кайсы бир укугун жүзөгө ашырууда кармалуу, же аларды жүзөгө ашырууда өз укуктарын же милдеттерин кармануу мүмкүн эместиги, же ушул Макулдашуу боюнча ар кандай ыйгарым укуктары аткарууга жөндөмсүздүгү анын укуктарына зыян келтирбеши керек же укуктан баш тартуу, жүзөгө ашырылбаган ыйгарым укуктарынын күчү, жүзөгө ашырууда кармалуу орун алган катары чечмеленбеши керек. Аталган макулдашуулар боюнча ар бир тарап көргөн ар кандай аракеттер ушул Макулдашуу боюнча уруксат берилген ар кандай башка аракетке зыян келтирбеши керек.
6.03-бөлүм. Бул Макулдашуу боюнча тараптар ортосундагы ар бир маселе, ошондой эле бул Макулдашуу боюнча пайда болгон мындай тараптын экинчи тарапка карата болгон бардык дооматтары тараптардын макулдугу боюнча жөнгө салынууга тийиш, жөнгө салынбаган пикир келишпестиктер жана дооматтар аталган Бөлүмдө көрсөтүлгөн Арбитраждык Соттун арбитражына өткөрүлөт.
6.04-бөлүм. Арбитраждык сот төмөнкү тартипте дайындалган үч арбитрден туруусу керек: бир арбитр Зайымчы тарабынан дайындалат; экинчи арбитр Фонд тарабынан дайындалат; жана үчүнчү арбитр (мындан ары - Рефери) тараптардын өз ара макулдашуусунун негизинде дайындалышы керек. Эгерде бул Бөлүмгө ылайык дайындалган кайсы бир арбитр өз ыйгарым укуктарын тапшырып, иш алып бара албаса, анда анын мураскери баштапкы арбитр сыяктуу эле тартипте дайындалат жана мындай мураскер биринчи арбитр сыяктуу эле ыйгарым укуктарга жана милдеттерге ээ болуусу зарыл.
Арбитраждык процедура карама-каршы тарап үчүн мындай процедураны бекиткен тараптын билдирүүсүнөн кийин бул Бөлүмдүн алкагында бекитилиши зарыл. Мындай билдирүү пикир келишпестиктердин же дооматтардын мүнөзүн аныктоочу арыздан, ошондой эле көрсөтүлгөн жардамдын мүнөзү жана мындай процедураны бекиткен тарап дайындаган арбитрдин аты-жөнүнөн туруп, арбитраждын кароосуна сунушталуусу керек.
Мындай билдирүүдөн кийинки 30 күн ичинде башка тарап процедураны бекиткен тарапка башка тарап дайындаган арбитрдин аты-жөнүн маалымдоосу зарыл, мындай иш-чара аткарылбаган учурда аталган арбитр процедураны бекиткен тараптын суроо-талабынан кийин БУУнун Эл аралык сотунун Президенти тарабынан дайындалышы керек.
Эгерде арбитраждын жол-жоболорун бекитүүчү мындай билдирүүдөн кийинки 60 күн ичинде тараптар Рефери тууралуу өз ара бир пикирге келе албаса, анда тараптын кимиси болбосун Реферини дайындоо боюнча БУУнун Эл аралык сотунун Президентине кайрыла алат.
Арбитраждык сот Рефери белгилеген мөөнөттө жана жайда чакырылуусу керек. Ошондуктан Арбитраждык сот качан жана кайда чогулуш өткөрөөрүн аныктап алуусу зарыл.
Ушул Бөлүмдүн шарттарына ылайык жана тараптар башкача келишкен учурларды кошпогондо, Арбитраждык сот өз компетенциясына байланыштуу бардык маселелерди чечүүгө тийиш жана анын жол-жобосун ар бир тарапка акыйкаттуу соттук териштирүүгө жардам бергендей аныкташы керек жана, эгерде сотко бир тарап келбей калса же эки тарап тең анын башталышына чейин келсе, ага коюлган маселелерди аныкташы зарыл. Арбитраждык соттун бардык чечимдери көпчүлүк добуш менен кабыл алынат жана ал өз чечимин жазуу жүзүндө чыгарууга тийиш. Мындай чечимге, минимум Арбитраждык соттун көпчүлүгү кол коюшат жана кол коюлган чечимдин көчүрмөсү ар бир тарапка берилет. Арбитраждык соттун ушул Бөлүмдүн жоболоруна ылайык чыгарылган чечими акыркы жана тараптар үчүн милдеттүү болуп эсептелет, ушул чечимди алар аткарууга тийиш.
Тараптар арбитраж жол-жоболорун өткөрүүгө керектүү арбитрлардын жана башка адамдардын гонорар же акы төлөө суммаларын аныкташы керек. Эгерде тараптар Арбитраждык сотту чакырууга чейин суммасы тууралуу келишпесе, Арбитраждык сот ушул жагдайларга негизделген сумманы аныкташы зарыл. Ар бир тарап арбитраж жол-жоболорун өткөрүүгө өз чыгымдарын өздөрү жабууга тийиш. Арбитраждык соттун чыгымдары тараптар ортосунда бөлүштүрүлүп, тең төлөнүүгө тийиш. Арбитраждык соттун чыгымдарын бөлүштүрүү тууралуу ар кандай маселелер жана ошол чыгымдарды жабуу жол-жоболорун Арбитраждык сот аныктоосу зарыл.
Арбитраждык Сот Карыз алуучунун жана Кувейт Мамлекетинин акыркы мыйзамдарына, ошондой эле адилеттүүлүк принциптерине ылайык жоболорду кабыл алуусу керек.
6.05-бөлүм. Буга чейинки бөлүмдө аныкталган арбитраждын шарттары ушул Макулдашуу боюнча тараптар ортосундагы талаштарды же ушул Макулдашуунун алкагында келип чыккан ар башка тарапка каршы ар ушундай тараптын ар кандай доолорун жөнгө салуу боюнча ар кандай башка жол-жоболордун ордуна иштөөгө тийиш.
6.06-бөлүм. Ушул беренеге ылайык ар кандай өндүрүшкө байланыштуу ар билдирмени же чакыруу кагазын берүү 7.01-бөлүмдө каралган ыкма менен жүргүзүлүшү мүмкүн. Тараптар ушул Макулдашуу боюнча ушуга окшогон билдирмени же чакыруу кагазын берүүгө коюлган кандайдыр бир талаптардан баш тартышат.
VII статья. Башка шарттар
7.01-бөлүм. Ушул Макулдашуу боюнча берилген же берүүгө уруксат берилген же талап кылынган ар кандай билдирме же суроо-талап жазуу жүзүндө көрсөтүлүүгө тийиш. Эгерде 8.03-бөлүмү боюнча башкасы каралбаса, ушундай билдирме же суроо-талап талаптагыдай берилген же жүзөгө ашырылган болуп саналат, эгерде алар колдон колго, электрондук почта менен, телеграмма, факс, телекс же радиограмма менен талап кылынган тарапка, же ушундай билдирмени, суроо-талапты берген тарап аныктаган дарек боюнча ушул Макулдашууда көрсөтүлгөн дарек боюнча ошол билдирмени же суроо-талапты берүүгө уруксат алса жеткирилген болуп саналат.
7.02-бөлүм. Зайымчы Фондго керектүү расмий документтерди көрсөтүүгө тийиш, алар Зайымчынын атынан кандайдыр бир аракет жасаган же III берененин тиркемелерине же ушул Макулдашуунун алкагында Зайымчы кол коюшун же жүзөгө ашырылышын талап кылуучу же уруксат берүүчү ар кандай документтерге койгон адамдардын ыйгарым укуктарын күбөлөшү керек жана ар биринин күбөлөндүргөн колунун көчүрмөлөрүн берет.
7.03-бөлүм. Кабыл алууну талап кылуучу же кабыл алууга уруксат берилген бардык иш-аракеттер, ошондой эле бул Макулдашууга ылайык Зайымчынын атынан кол коюну талап кылган же ага уруксат берген бардык документтер Финансы министрлиги тарабынан же Зайымчы тарабынан ыйгарым укукка ээ кылынган кандайдыр бир жак тарабынан кат жүзүндө кабыл алынуусу же кол коюлуусу ыктымал; Бул Макулдашуунун жоболоруна киргизилүүчү мындай өзгөртүүлөр бул кыязда дайындалган өкүл же ыйгарым укукка ээ кылынган кандайдыр бир жак тарабынан Зайымчынын атынан макулдашуусу мүмкүн. мындай шартта бул өңдүү өзгөртүүлөр жана толуктоолор түзүлгөн кырдаалда талапка ылайык экендиги жана Зайымчынын бул Макулдашуу боюнча милдеттемелерин көбөйтпөй тургандыгы тууралуу Зайымчы өкүлүнүн пикири эске алынат. Фонд бул өңдүү өкүл тарабынан аткарылган бардык документтерди мындай өзгөрүүлөр же бул Макулдашуунун жобосуна киргизилип жаткан кеңейтүүлөр талапка жооп берээрин жана бул Макулдашуу боюнча Зайымчынын милдеттерин көбөйтпөй тургандыгын ырастоочу корутунду сертификат катары кабыл алуусу мүмкүн.
VIII статья. Күчүнө кирүү убактысы; Кредиттик Макулдашуунун токтошу
8.01-бөлүм. Бул Макулдашуу Зайымчынын атынан ушул Макулдашууну түзүү жана аткаруу Өкмөттүн бардык керектүү аракеттери менен талаптагыдай санкцияланганы же ратификацияланганы Фонд үчүн канааттандырарлык күбөлөндүрүүлөр Фонд тарабынан көрсөтүлмөйүнчө күчүнө кирбейт.
8.02-бөлүм. Зайымчы Фондго 8.01-бөлүмгө ылайык зарыл к-бөлөндүрүүнүн бөлүгү катары компетенттүү бийлик тарабынан ушул Макулдашуу талаптагыдай ыйгарым укуктуу же ратификацияланды, Зайымчынын атынан аткарылды жана жеткирилди жана Зайымчынын анын шарттарына ылайык мыйзамдуу жана байланыштырган милдеттенмесин түзгөндүгү тууралуу юридикалык тыянак же корутунду берүүгө тийиш.
8.03-бөлүм. Фонд менен Зайымчы ортосунда башка келишкендик орун алган учурларды кошпогондо, ушул Макулдашуу 8.01-бөлүмгө ылайык талап кылынган күбөлөндүрүүнү кабыл алуу жөнүндө билдирмени Фонд Зайымчыга жиберген датада күчүнө кирет.
8.04-бөлүм. Эгерде 8.01-бөлүмгө ылайык аткарылууга тийиш бардык аракеттер Макулдашууга кол коюлгандан кийин 90 күндүн ичинде аткарылбаса, Фонд ар убакта Зайымчыга билдирип ушул Макулдашууну токтотушу мүмкүн. Ушундай билдирмени бергенден кийин ушул Макулдашуу жана тараптардын бардык милдеттенмелери токтотулат.
8.05-бөлүм. Эгерде Кредиттин бардык негизги суммасы жана кредит боюнча бардык төлөмдөр төлөнгөндөн кийин Макулдашуу, ошондой эле тараптардын макулдашуу боюнча бардык милдеттемелери ошол замат токтотулууга тийиш.
8.06-бөлүм. Бул Макулдашуу 2016-жылдын "__" ___________ ______________ шаарында англис, кыргыз жана орус тилдеринде ар бири эки нускада кол коюлду, бардык тексттер бирдей юридикалык күчкө ээ. Макулдашуунун жоболорун интерпретациялоо учурунда пикир келишпестиктер келип чыкса, англис тилиндеги текст негиз катары алынат.
IX статья. Аныктамалар
9.01-бөлүм. Контекст боюнча башкасы талап кылынбаса, төмөндө берилген терминдер Макулдашуунун кайсы жеринде колдонулса да төмөнкүдөй мааниде болот:
(1) "Долбоор" ушул Макулдашуунун 2-тиркемесине ылайык Кредит берилген жана мезгил-мезгили менен Фонд жана Зайымчы ортосундагы келишимдик боюнча өзгөртүлүшү мүмкүн долбоорду билдирет.
(2) "Товарлар" Долбоор үчүн талап кылынган иштерди, жабдууларды, жеткирүүлөрдү жана кызматтарды билдирет. Кайсы бир товарлардын наркына кайсы жерде болбосун шилтеме берилсе, ошол наркы Зайымчынын аймагына ошол товарларды алып кирүү наркын камтыган болуп эсептелет.
Төмөнкү даректер 7.01-бөлүмдүн максаттары үчүн берилет:
Зайымчы үчүн:
Финансы министрлиги Эркиндик бульвары, 58 Бишкек
Кыргыз Республикасы
Факс жана электрондук билдирүүлөр үчүн альтернативдик дарек:
Факс | Электрондук почта |
+996 (312) 660504 | minfin@mf.gov.kg |
Фонд үчүн:
Араб экономикалык өнүктүрүү Кувейт фонду
п/я 2921, Сафат
Кувейт 13030
Кувейт Мамлекети
Факс жана электрондук билдирүүлөр үчүн альтернативдик дарек:
Факс | Электрондук почта |
+965-22999190 | operations@kuwait-fund.org |
+965-22999091 |
|
КҮБӨЛӨНДҮРҮҮ МЕНЕН, бул Макулдашуунун тараптары тиешелүү негизде ыйгарым укукка ээ кылынган өз өкүлдөрү аркылуу Бишкек шаарында жогоруда белгиленген күнү, белгиленген айда бул Макулдашууга эки нускада кол коюшту, Макулдашуунун ар бир көчүрмөсү түп нуска болуп саналат.
Кыргыз Республикасынын атынан |
| Араб экономикалык өнүктүрүү боюнча Кувейт фондунун атынан |
______________________ |
| ______________________ |
(Ыйгарым укуктуу өкүл) |
| (Ыйгарым укуктуу өкүл) |
1-тиркеме
Ордун жабуу боюнча жобо
Кредиттик каражаттардан чыгарып алынган негизги сумма ар жылкы төрт (44) жарым жылдык мөөнөт менен жабылат, сумма жана ар бир төлөмдүн ырааттуулугу тиркемеде көрсөтүлгөндөй болуусу кажет. Биринчи төлөм бул Макулдашуунун жоболоруна ылайык төрт (4) жылдык жеңилдетилген мезгил аяктагандан кийин, башкача айтканда Зайымчы тарабынан жасалган сурамга ылайык Фонд Кредит каражаттарын төлөгөн күндөн тартып, же бул Макулдашуунун 3.02. Бөлүмүнө ылайык Фонд милдеттеме берген же биринчи сурам учурунда каражаттарды чыгарып алуу үчүн мындай милдеттеме суралган мезгилден тартып жүргүзүлөт.
1-тиркемеге толуктоо
Амортизация графиги
№ | Негизги сумманы төлөө (Кувейт динары менен) |
1 | 137,000 |
2 | 137,000 |
3 | 137,000 |
4 | 137,000 |
5 | 137,000 |
6 | 137,000 |
7 | 137,000 |
8 | 137,000 |
9 | 137,000 |
10 | 137,000 |
11 | 137,000 |
12 | 137,000 |
13 | 137,000 |
14 | 137,000 |
15 | 137,000 |
16 | 137,000 |
17 | 137,000 |
18 | 137,000 |
19 | 137,000 |
20 | 137,000 |
21 | 137,000 |
22 | 137,000 |
23 | 137,000 |
24 | 137,000 |
25 | 137,000 |
26 | 137,000 |
27 | 137,000 |
28 | 137,000 |
29 | 137,000 |
30 | 137,000 |
31 | 137,000 |
32 | 137,000 |
33 | 137,000 |
34 | 137,000 |
35 | 137,000 |
36 | 137,000 |
37 | 137,000 |
38 | 137,000 |
39 | 137,000 |
40 | 137,000 |
41 | 137,000 |
42 | 137,000 |
43 | 137,000 |
44 | 109,000 |
БАРДЫГЫ | 6,000,000 (алты миллион кувейт динары) |
2-тиркеме
Долбоордун мазмуну
Долбоор адистештирилген нейрохирургиялык кызматтарга карата болгон суроо-талаптарды канааттандыруу, ошондой эле сапатын арттыруу жана бүтүндөй өлкө боюнча оорукана кызматтары менен камсыз кылуу жолу аркылуу Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо секторун өнүктүрүүнү чыңдоого багытталган. Долбоор тиешелүү инфраструктура жана техникалык каражаттарды, ошондой эле сапаттуу нейрохирургиялык кызмат көрсөтүү жана өлүм санын кыскартуу максатында заманбап медициналык техника менен адистештирилген диагностикалык жана дарылоочу кызматтарга карата болгон талаптарды камсыз кылат. Ошентип, калктын ден соолугунун абалын жакшыртууга шарт түзүү менен өлкөнүн социалдык-экономикалык көрсөткүчтөрүнө жакшы таасир этет.
Долбоор төмөнкү компоненттерден турат:
1. Курулуш иштери: автоунаа токтотуу жана абаттоо кызматтары үчүн инфраструктурага кошумча түрдө аянты болжол менен 12500 чарчы метр жер төлөөлүү, 8 кабаттан турган, 180 жатак орундуу жана бир нече медициналык бөлүмдөр жана имараттардан турган жаңы Нейрохирургиялык борбордун имаратын куруу үчүн зарыл болгон курулуш иштери жана электромеханикалык инженердик иштерди камтыйт.
2. Жаңы Нейрохирургиялык борбор үчүн медициналык жана кошумча жабдууларды ташып келүү жана орнотуу иштери өзүнө төмөнкүлөрдү камтыйт:
a) Диагностика өткөрүүчү жабдуулар.
b) Операциялык блоктор үчүн жабдуулар.
c) Медициналык эмерек.
3. Институционалдык колдоо (ОРП): бир автоунаа, кеңсе эмереги жана жабдуулардан, ошондой эле медициналык долбоор боюнча эксперт менен болгон контракттан турат.
4. Консультациялык кызматтар: (а) эскиздик долбоор, техникалык спецификация жана зарыл болгон медициналык жабдуулардын контракттык документтерин даярдоо; (б) тендердик документтерди жана сунуштарды даярдоо, кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алууну баалоо учурунда жардам көрсөтүү үчүн;
5. Тендердик документтерди даярдоо жана сунуш, кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алууда жардам көрсөтүү; (в) жабдууларды орнотуу менен бирге Долбоордун жүзөгө ашырылышына көзөмөлдүк кылуу.
Долбоор 2018-жылдын аягында бүтөөрү күтүлүүдө.
№ 1 Кошумча кат
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ
Күнү: _________
Араб экономикалык өнүктүрүү Кувейт фонду
п/я 2921, Сафат
Кувейт 13030
Кувейт Мамлекети
Урматтуу мырзалар:
Тема: | Кредит каражаттарынын эсебинен каржылануучу товарлардын тизмеси, Сатып алуулардын ыкмасы жана жол-жоболору |
1. Биз тараптан бүгүн кол коюлган Улуттук госпиталдын долбоорунун алкагында Нейрохирургиялык борбордун курулушун жана жабдылышын каржылоо үчүн Кредиттик Макулдашуунун 3.06 жана 4.06 Бөлүмүнө шилтөө жасоо менен катка Кредит каражаттарынын эсебинен каржылануучу позицияларды жана ар бир позиция үчүн бөлүнүүлөрдү, ошондой эле каржылануусу керек болгон чыгымдардын пайызын көрсөтүүчү товарлардын Тизмеси тиркелет. Эгерде Араб Экономикалык Өнүктүрүү боюнча Кувейт Фонду ар бир позиция үчүн бөлүнүүлөр Товарлардын тизмесинде көрсөтүлгөн пайыздарды каржылоо үчүн ар бир позициянын күтүлгөн наркынан алганда жетишсиз деп эсептесе, төмөнкү чаралар кабыл алына тургандыгына макулбуз:
(а) Көрсөтүлгөн пайыздардын негизинде каржылоодогу кемчиликти жабуу максатында Товарлардын Тизмесиндеги күтүлбөгөн чыгымдар үчүн бөлүштүрүү же башка позициялар үчүн бөлүштүрүү алдында аталган статья үчүн зарыл болгон сумманын чегинде кошумча сумма бөлүү, эгерде Фонд бул бөлүштүрүүдө артып калган каражат бар деп эсептесе;
(b) Жогоруда баяндалгандарга ылайык ошол позиция үчүн кошумча бөлүштүрүүлөр жогоруда көрсөтүлгөн каражаттардын кем жерин жабуу үчүн жетишсиз болсо, же Фонд өз кезегинде бул позиция үчүн Кредит каражаттарынын эсебинен кандай гана болбосун кошумча каражаттарды бөлүү мүмкүн эмес жана мындай азайтуунун кесепети катары Кредит каражаттарын чыгаруу жалпы нарк толугу менен жабылмайынча бул позицияга киргизилген товарлардын, иш жана кызмат көрсөтүүлөрдүн наркын жабуу үчүн улана берет деп эсептесе, белгилүү бир позициянын жалпы наркынан алынган Кредиттик каражаттар эсебинен каржылоолордун үлүшүн азайтуу.
2. Биз Кредит каражаттары Кыргыз Республикасынын иштиктүү мыйзамдарынын негизинде алынуучу кайсы бир салык, алым, жыйымдарды төлөө үчүн пайдаланылбашы керектигин ырастайбыз.
3. Долбоор үчүн зарыл болгон консультациялык кызматтар бул катта аныкталган жол-жоболорго ылайык сатылып алынат. Бул негизде сунуш берүү үчүн чакырылуучу консультациялык фирмалардын кыскача тизмеги Фонд менен макулдашуу боюнча даярдалат. Мындай тизме кувейт жана кыргыз консультациялык фирмалардын биргелешкен ишканаларынан турат. Кыска тизмедеги консультанттардын ичинен сунуш берүү үчүн чакыруу Фонд менен макулдашылган техникалык тапшырмалардын негизинде жасалат. Чакыруу катында консультанттардын биргелешкен ишканасы үчүн өз-өзүнчө конверттер менен өз техникалык жана каржылык сунуштарын жөнөтүү, ошондой эле көчүрмөлөрүн Фондго берүү тапшырмасы болот. Биз конверттерди ачып, техникалык сунуштарды баалап, андан соң каржылык сунуштарды ачып, сунуштардын техникалык жана финансылык аспектилерине комбинациялык баалоолорду аткарабыз. Ар бир баскычтагы баалоо иштери Фонд менен алдын ала макулдашылган критерийлерге ылайык жүзөгө ашырылат жана баалоо аяктаган соң биз сиздердин ырастооңуздар үчүн консультанттардын сунуш кылынган тандоосу менен бирге отчёт беребиз.
4. Эгерде Фонд башка тууралуу макулдашпаган болсо, Долбоор боюнча курулуш иштерин аткаруу үчүн талапкерлер МКТ жоболоруна ылайык тендерге катышууга чакырылаардан мурда баштапкы квалификциядан өтүүлөрү зарыл. Кызыктар болгон тараптарды баштапкы квалификациядан өтүүгө катышууга чакыруу жөнүндө билдирүү жок эле дегенде бир мезгилдүү эл аралык жана Кыргызстандын жергиликтүү гезитинде, ошондой эле кувейттик күн сайын чыгуучу гезит беттеринде жарыяланат жана көчүрмөсү комментарий жана ырастоолор үчүн Фондго көрсөтүлөт. Баштапкы квалификацияны колдонууну баалоо боюнча отчёт даярдалган соң карап чыгуу жана ырастоолор үчүн Фондго берилет. Тендердик сунуштарды кабыл алган соң, ыйгаруу жөнүндө сунуш менен бирге баалоо тууралуу отчёт даярдалат жана карап чыгуу жана жактыруу үчүн Фондго берилет.
5. Эң аз бааланган сунуштун наркынан алынган 5%дык преференциалдык скидка кыргыз-кувейт көтөрмөлөөчүлөрү ортосундагы ассоциациялар тарабынан берилген сунуштар үчүн жеткиликтүү болот. Бул жобонун максаты үчүн көтөрмөлөөчү эгерде 50% кыргыз же кувейт жарандарынан турган жагымдуу баскычка таандык болсо, кыргыз же кувейт тараптык катары каралат.
6. Товарлардын же кызмат көрсөтүүлөрдүн аталган тизмесинде көрсөтүлгөн позицияда (2) сөз болгон медициналык жабдуу жана эмеректерди сатып алуу боюнча, сатып алуулар адистештирилген жабдуучулар тарабынан өткөрүлүүчү эл аралык конкурстардын негизинде жүргүзүлүшү зарыл. Мындай позициялар эл аралык конкурстук негизде бул өңдүү товарлардын жок эле дегенде үч атайын жабдуучулары/өндүрүүчүлөрүнөн арыз алууну жеңилдетүү үчүн түр жана көлөм жаатынан алганда тиешелүү пакеттерде топтолушу керек.
7. Кызыктар болгон жабдуучуларды/өндүрүүчүлөрдү тендерге катышууга арыз таштоо үчүн чакыруу жөнүндө билдирүү жергиликтүү жана эл аралык басылмаларда жарыяланат жана көчүрмөсү комментарий жана ырастоолор үчүн Фондго көрсөтүлөт.
8. Жогоруда көрсөтүлгөн 4.07 Бөлүмүн колдонуу, Кредиттик каражаттардын эсебинен каржылануучу бардык позицияларды сатып алуулар боюнча, биз сиздерге карап чыгуу жана жактыруу үчүн тендерге катышууга чакыруу үчүн процедураларды, ошондой эле бул өңдүү товар жана кызматтарды сатып алууга тендердик документтердин черновой вариантын беребиз жана сиздердин сурам боюнча мындай документтер менен тендердик процедураларга тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизебиз. Мындан сырткары, биз ыйгаруу боюнча сунуштар менен бирге ар учур боюнча тендердик сунуштарды баалоолордун деталдык отчётун кароого жана жактырууга жөнөтөбүз. Тандалып алынган талапкер менен сүйлөшүүлөрдү өткөрүү зарылчылыгы келип чыкса, биз сиздерге мындай сүйлөшүүлөрдүн натыйжасында түзүлгөн келишимдин акыркы черновой вариантын жактырууга беребиз.
9. Товар жана кызмат көрсөтүүлөрдүн ОРП компонентинин институционалдык колдоосунун алкагында каржылануучу кеңсе эмерегин жана жабдууларды, ошондой эле бир автоунааны сатып алуу боюнча, мындай позициялар саны жагынан үчтөн ашпаган жабдуучулардын акылга сыйган санынан алынган котировкага сурам жасоо жолу аркылуу сатылып алынат. Бардык контракттар заказ жайгаштырылгыча же контракт түзүлгөнгө чейин Фонд берилет. Медициналык долбоор боюнча эксперт менен контракт түзүү тууралуу айтсак, мындай контракт жактыруу үчүн контракт түзүлгүчөктү Фондго берилет.
10. Кандай гана контракт болбосун кол коюлгандан кийин биз сиздердин жазып турууңуздар жана Кредит каражаттарын төлөөңүздөр үчүн мындай контракттын түп нускасын же макулдашылган жана күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсүн беришибиз керек. Эгерде контрактка олуттуу өзгөртүүлөрдү киргизүү сунушталса, анда сунушталып жаткан өзгөртүүлөр дагы жактыруу үчүн сиздерге берилет.
11. Эгерде биз Кредиттик Макулдашуунун 3.02 Бөлүмүнө ылайык Фонд үчүн Долбоор боюнча чыгымдарды төлөө үчүн ар кандай документалдык милдеттемелерди чыгаруу боюнча сурам вариантын колдонсок, анда мындай сурам Кувейт территориясында же чет өлкөдө иштеп жаткан Кувейт Банкы үчүн Фонддун атайын милдеттемесинин аткарылуусунун негизинде жасаларын түшүнөбүз.
Тиркелген "Товарлардын жана кызматтардын тизмеси" менен өз макулдугуңуздарды маалымдап жана бул катка тиркелген нусканын ырастоо формасына кол коюу менен жогорудагылардын бардыгы ортобузда жетишилген келишимдерди чагылдыраарын тактап коюңуздарды өтүнөбүз.
|
| Кыргыз Республикасы |
|
| _____________________________ (Ыйгарым укуктуу өкүл) |
Такталды:
Араб экономикалык өнүктүрүүнүн Кувейт фонду
________________________
(Ыйгарым укуктуу өкүл)
Товар жана кызматтардын тизмеси
№ | Позиция | Бөлүштүрүлгөн сумма (кувейт динары менен) | Позициясын жалпы наркынан алынган үлүш |
1 | Курулуш иштери | 1,400,000 | 76% |
2 | Медициналык жабдууларды жана эмеректерди ташып келүү жана орнотуу | 4,000,000 | 100% |
3 | Консультациялык кызматтар | 295,000 | 100% |
4 | ОРП институционалдык колдоосу | 40,000 | 100% |
5 | Күтүлбөгөн чыгашалар | 265,000 | - |
| Бардыгы | 6,000,000 |
|
(алты миллион кувейт динары) | |||
№ 2 Кошумча кат
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ
Күнү: _________
Араб экономикалык өнүктүрүү Кувейт фонду
п/я 2921, Сафат
Кувейт 13030
Кувейт Мамлекети
Урматтуу мырзалар:
Улуттук госпиталдын долбоорунун алкагында Нейрохирургиялык борбордун курулушун жана жабдылышын каржылоо боюнча ортобузда кол коюлган ошол эле күндөгү Кредиттик Макулдашууга шилтеме жасайбыз. Ошондой эле Кувейт мамлекетинин территориясында иштеп жаткан токтомдорго ылайык бул жоболордун алкагында мамлекеттик каражаттарды бойкотко кабылган кайсы бир фирма же юридикалык жактын катышуусундагы операцияларга карата пайдаланууга тыюу салынары тууралуу жетишерлик түрдө маалымат алгандыбызды ырастайбыз.
Муну менен биз Жогоруда баяндалган Кредиттик каражаттар Кувейт мамлекетинин территориясында иштеп жаткан токтомдорго ылайык бойкот таасири алдында калуучу кайсы бир мамлекет, фирма же юридикалык жак тарабынан өндүрүлгөн же коюлган кайсы бир товарларды же кызмат көрсөтүүлөрдү түз же кыйыр түрдө каржылоо үчүн колдонулбай тургандыгына кепилдик беребиз.
Бул катта тиркелген нускага кол коюп жана бизге кайрадан кайтаруу менен биздин жогорудагы ынандырууларыбыз менен макул экендигиңиздерди ырастап коюңуздарды өтүнөбүз.
|
| Кыргыз Республикасы |
|
| _____________________________ (Ыйгарым укуктуу өкүл) |
Такталды:
Араб экономикалык өнүктүрүүнүн Кувейт фонду
________________________
(Ыйгарым укуктуу өкүл)
№ 3 Кошумча кат
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ
Күнү: _________
Араб экономикалык өнүктүрүү Кувейт фонду
п/я 2921, Сафат
Кувейт 13030
Кувейт Мамлекети
Урматтуу мырзалар:
Улуттук госпиталдын долбоорунун алкагында Нейрохирургиялык борбордун курулушун жана жабдылышын каржылоо боюнча ортобузда кол коюлган ошол эле күндөгү Кредиттик Макулдашуунун 2.04 Бөлүмүнө шилтеме жасайбыз. Өз кезегинде биз Кредит алкагындагы карызды тейлөө боюнча каражаттарды же төлөмдөрдү төлөө үчүн пайдаланылган кувейт динары менен башка валюта же валюталар ортосундагы алмашуу курс төмөнкүдөн шартта аныкталуусу керектигин түшүнөбүз:
(a) Каражаттарды төлөө максатында пайдаланылуучу курс кувейт динарынан башка бардык валютада Кредит эсебинен төлөм жүргүзүүчү банк тарабынан сунушталган курс болуусу керек.
(b) Кувейт динарынан сырткары, Фонд үчүн ылайыктуу валютада карызды тейлөө боюнча төлөм жүргүзүлсө, мындай валюта менен кувейт динарынын ортосундагы алмашуу курсу төлөм алуу күнүндө Кувейт Борбордук банкы тарабынан жарыяланган курс болууга тийиш.
Бул катта тиркелген нускага кол коюп жана бизге кайрадан кайтаруу менен биздин жогорудагы ынандырууларыбыз менен макул экендигиңиздерди ырастап коюңуздарды өтүнөбүз.
|
| Кыргыз Республикасы |
|
| _____________________________ (Ыйгарым укуктуу өкүл) |
Такталды:
Араб экономикалык өнүктүрүүнүн Кувейт фонду
________________________
(Ыйгарым укуктуу өкүл)
Товар жана кызматтардын тизмесине карата тиркеме
№ | Позиция | Бөлүштүрүлгөн сумма (АКШ доллары менен) | Позициянын жалпы наркынын үлүшү |
1 | Курулуш иштери | 4,760,000 | 76% |
2 | Медициналык жабдууларды жана эмеректерди жеткирүү жана орнотуу | 13,600,000 | 100% |
3 | Консультациялык кызматтар | 1,003,000 | 100% |
4 | ОРП институционалдык колдоосу | 136,000 | 100% |
5 | Күтүлбөгөн чыгашалар | 901,000 | - |
| Бардыгы | 20,400,000 |
|
(жыйырма миллион төрт жүз миң АКШ доллары) | |||
№ 4 Кошумча кат
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ
Күнү: _________
Араб экономикалык өнүктүрүү Кувейт фонду
п/я 2921, Сафат
Кувейт 13030
Кувейт Мамлекети
Урматтуу мырзалар:
Улуттук госпиталдын долбоорунун алкагында Нейрохирургиялык борбордун курулушун жана жабдылышын каржылоо боюнча ортобузда кол коюлган Кредиттик Макулдашууга шилтеме жасоо менен биз зайым каражаттарынын эсебинен каржыланган жабдуу, машина жана материалдарды Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык бажылык алымдардан бошотуу үчүн бардык чараларды кабыл алабыз деп ишендиребиз.
Бул катта тиркелген нускага кол коюп жана бизге кайрадан кайтаруу менен биздин жогорудагы ынандырууларыбыз менен макул экендигиңиздерди ырастап коюңуздарды өтүнөбүз
|
| Кыргыз Республикасы |
|
| _____________________________ (Ыйгарым укуктуу өкүл) |
Такталды:
Араб экономикалык өнүктүрүүнүн Кувейт фонду
________________________
(Ыйгарым укуктуу өкүл)