Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2016-жылдын 16-январы № 12-б
"Көзөмөлчүлүк кеңеши жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 17-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:
1. Социалдык чөйрөнүн көзөмөлчүлүк кеңешти түзүү максатка ылайыксыз болгон мекемелеринин тизмеги тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | Т.А. Сариев |
Тиркеме
Социалдык чөйрөнүн көзөмөлчүлүк кеңешти түзүү максатка ылайыксыз болгон мекемелеринин ТИЗМЕГИ
№ | Мекемелердин аталышы |
1. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигине караштуу мекемелер | |
1 | Үй-бүлө тибиндеги балдар үйлөрү |
2 | Төмөнкү илим-изилдөө институттары: - К.И.Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинин алдындагы Кыргыз мал чарбачылыгы жана жайыттар илимий-изилдөө институту; - К.И.Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинин алдындагы А.Дүйшеев атындагы Кыргыз ветеринария илим-изилдөө институту; - К.И.Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинин алдындагы Кыргыз дыйканчылык илим-изилдөө институту; - К.И.Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинин алдындагы Кыргыз ирригация илим-изилдөө институту; - И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин алдындагы Кыргыз физика-техникалык проблемалар илим-изилдөө институту; - И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин алдындагы Кыргыз энергетика жана байланыш илим-изилдөө институту; - Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин алдындагы Кыргыз минералдык-сырьелор илим-изилдөө институту; - Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин алдындагы Кыргыз фундаменталдык илимдер илим-изилдөө институту; - Рыскулбеков Муса Рыскулович атындагы Кыргыз экономикалык университетинин алдындагы Кыргыз инновациялык экономика илим-изилдөө институту |
2. Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигине караштуу мекемелер | |
3 | Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарды реабилитациялоо борбору |
4 | Республикалык протездик-ортопедиялык буюмдар мекемеси |
3. Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлигине караштуу мекемелер | |
5 | Республикалык медицина-маалыматтык борбору |
6 | Республикалык соттук-медициналык экспертиза борбору |
7 | Республикалык патологоанатомиялык бюро |
4. Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигине караштуу мекемелер | |
8 | Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тарых музейи |
9 | М.В.Фрунзенин мамлекеттик мемориалдык үй-музейи |
10 | А.Осмонов атындагы Улуттук китепкана |
5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигине караштуу мекемелер | |
11 | Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекция |
12 | Спорттун олимпиадалык эмес түрлөрү боюнча дирекция |
13 | Спорттун улуттук түрлөрү боюнча дирекция |