Сравнение редакций…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ
БУЙРУК
2016-жылдын 6-майы № 254
Адамдарды сатууга каршы күрөшүү маселелерин кошкондо, миграциялык процесстерди жөнгө салуу боюнча мамлекеттик органдардын, коомдук жана эл аралык уюмдардын натыйжалуу өз ара аракеттенүүсүн камсыз кылуу максатында:
1. Тиркемеге ылайык курамда Миграция маселелери боюнча координациялык кеңеш (мындан ары - Координациялык кеңеш) түзүлсүн.
2. Координациялык кеңештин негизги милдеттери болуп, төмөнкүлөр белгиленсин:
- миграция чөйрөсүндөгү мыйзамдарды өркүндөтүү бөлүгүндө сунуштарды иштеп чыгуу, миграция процесстерин жөнгө салуу, адамдарды сатуунун алдын алуу жана ага каршы күрөшүү жана миграция маселелеринде мамлекеттик органдардын өз ара аракеттенүүсүнүн натыйжалуу механизмдерин иштеп чыгуу боюнча мамлекеттик органдардын, коомдук жана эл аралык уюмдардын иштерин координациялоо;
- миграция чөйрөсүндөгү чараларды жүзөгө ашыруу боюнча сунуштамаларды даярдоо.
3. Координациялык кеңештин жумушчу органы болуп Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик миграция кызматы аныкталсын.
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик миграция кызматы бир айлык мөөнөттө Координациялык кеңеш жөнүндө жобонун долбоорун иштеп чыксын жана белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына киргизсин.
5. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык өнүктүрүү бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | С.Жээнбеков |
Тиркеме
Кудайбердиева Г.К. | - | Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри, Координациялык кеңештин төрагасы; |
Адылов Б.А. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик миграция кызматынын төрагасы, Координациялык кеңештин төрагасынын орун басары. |
Координациялык кеңештин мүчөлөрү: | ||
Касымбеков Б.К. | - | Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин төрагасынын орун басары (макулдашуу боюнча); |
Кутуева А.Б. | - | Кыргыз Республикасынын Юстиция министринин орун басары; |
Кармышаков У.Т. | - | Кыргыз Республикасынын Финансы министринин орун басары; |
Мурзалиев А.Дж. | - | Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министринин орун басары; |
Каденова З.А. | - | Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүгүү министринин орун басары; |
Эсенкулов Н.Ж. | - | Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министринин орун басары; |
Жылтыров Б.Ж. | - | Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасынын биринчи орун басары - Башкы штабдын начальниги; |
Сыдыков Д.Б. | - | Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин статс-катчысы; |
Курманова А.Э. | - | Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин статс-катчысы; |
Халитов М.Г. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары; |
Бердалиев Ш.Ш. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын орун басары; |
Асанов У.Ж. | - | Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун төрагасынын орун басары; |
Иманбаев А.С. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун төрагасынын биринчи орун басары; |
Уметова А.Э. | - | Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын бөлүмүнүн эксперти; |
Пратова М.К. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын Калкты жана жарандык абалдын актыларын каттоо департаментинин директору; |
Апышев Э.К. | - | Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин бөлүм начальниги; |
Салимов Р.А. | - | Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин алдындагы Онунчу башкы башкармалыктын начальнигинин орун басары; |
Молдобаева Б. | - | Миграция эл аралык уюмунун Кыргыз Республикасындагы кеңсесинин жетекчиси (макулдашуу боюнча); |
Ишматов А. | - | Бишкектеги ЕККУ борборунун улук программалык ассистенти (макулдашуу боюнча); |
Маркверинг К. | - | БУУнун баңгизаттар жана кылмыштуулук боюнча Кыргыз Республикасындагы башкармалыгынын эл аралык координатору (макулдашуу боюнча); |
Ни А. | - | БУУ КЖКБнын качкындардын укуктарын коргоо боюнча улуттук кеңешчиси (макулдашуу боюнча); |
Тулегабылова Н. | - | "Эл агартуу" коомдук бирикмесинин жетекчиси (макулдашуу боюнча); |
Рыскулова Б.Р. | - | "Сезим" кризистик борбору" коомдук бирикмесинин аткаруучу директору (макулдашуу боюнча). |
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ
БУЙРУК
2016-жылдын 6-майы № 254
(КР Премьер-министринин 2016-жылдын 1-августундагы № 432 буйругунун редакциясына ылайык)
Адамдарды сатууга каршы күрөшүү маселелерин кошкондо, миграциялык процесстерди жөнгө салуу боюнча мамлекеттик органдардын, коомдук жана эл аралык уюмдардын натыйжалуу өз ара аракеттенүүсүн камсыз кылуу максатында:
1. Тиркемеге 1 ылайык курамда Миграция маселелери боюнча координациялык кеңеш (мындан ары - Координациялык кеңеш) түзүлсүн.
(КР Премьер-министринин 2016-жылдын 1-августундагы № 432 буйругунун редакциясына ылайык)
2. Координациялык кеңештин негизги милдеттери болуп, төмөнкүлөр белгиленсин:
- миграция чөйрөсүндөгү мыйзамдарды өркүндөтүү бөлүгүндө сунуштарды иштеп чыгуу, миграция процесстерин жөнгө салуу, адамдарды сатуунун алдын алуу жана ага каршы күрөшүү жана миграция маселелеринде мамлекеттик органдардын өз ара аракеттенүүсүнүн натыйжалуу механизмдерин иштеп чыгуу боюнча мамлекеттик органдардын, коомдук жана эл аралык уюмдардын иштерин координациялоо;
- миграция чөйрөсүндөгү чараларды жүзөгө ашыруу боюнча сунуштамаларды даярдоо.
3. Координациялык кеңештин жумушчу органы болуп Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик миграция кызматы аныкталсын.
4. Миграция маселелери боюнча координациялык кеңеш жөнүндө жобо 2-тиркемеге ылайык бекитилсин.
(КР Премьер-министринин 2016-жылдын 1-августундагы № 432 буйругунун редакциясына ылайык)
5. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык өнүктүрүү бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | С.Жээнбеков |
Тиркеме 1
Миграция маселелери боюнча координациялык кеңештин КУРАМЫ
(КР Премьер-министринин 2016-жылдын 1-августундагы № 432 буйругунун редакциясына ылайык)
Кудайбердиева Г.К. | - | Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри, Координациялык кеңештин төрагасы; |
Адылов Б.А. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик миграция кызматынын төрагасы, Координациялык кеңештин төрагасынын орун басары. |
Координациялык кеңештин мүчөлөрү: | ||
Касымбеков Б.К. | - | Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин төрагасынын орун басары (макулдашуу боюнча); |
Кутуева А.Б. | - | Кыргыз Республикасынын Юстиция министринин орун басары; |
Кармышаков У.Т. | - | Кыргыз Республикасынын Финансы министринин орун басары; |
Мурзалиев А.Дж. | - | Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министринин орун басары; |
Каденова З.А. | - | Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүгүү министринин орун басары; |
Эсенкулов Н.Ж. | - | Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министринин орун басары; |
Жылтыров Б.Ж. | - | Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасынын биринчи орун басары - Башкы штабдын начальниги; |
Усенов А.Э. | - | Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министринин орун басары; |
Курманова А.Э. | - | Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин статс-катчысы; |
Халитов М.Г. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары; |
Бердалиев Ш.Ш. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын орун басары; |
Асанов У.Ж. | - | Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун төрагасынын орун басары; |
Иманбаев А.С. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун төрагасынын биринчи орун басары; |
Уметова А.Э. | - | Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын бөлүмүнүн эксперти; |
Пратова М.К. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын Калкты жана жарандык абалдын актыларын каттоо департаментинин директору; |
Апышев Э.К. | - | Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин бөлүм начальниги; |
Салимов Р.А. | - | Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин алдындагы Онунчу башкы башкармалыктын начальнигинин орун басары; |
Молдобаева Б. | - | Миграция эл аралык уюмунун Кыргыз Республикасындагы кеңсесинин жетекчиси (макулдашуу боюнча); |
Ишматов А. | - | Бишкектеги ЕККУ борборунун улук программалык ассистенти (макулдашуу боюнча); |
Маркверинг К. | - | БУУнун баңгизаттар жана кылмыштуулук боюнча Кыргыз Республикасындагы башкармалыгынын эл аралык координатору (макулдашуу боюнча); |
Ни А. | - | БУУ КЖКБнын качкындардын укуктарын коргоо боюнча улуттук кеңешчиси (макулдашуу боюнча); |
Тулегабылова Н. | - | "Эл агартуу" коомдук бирикмесинин жетекчиси (макулдашуу боюнча); |
Рыскулова Б.Р. | - | "Сезим" кризистик борбору" коомдук бирикмесинин аткаруучу директору (макулдашуу боюнча). |
2-тиркеме
Кыргыз Республикасынын Миграция маселелери боюнча координациялык кеңеши жөнүндө ЖОБО
1. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын Миграция маселелери боюнча координациялык кеңеши (мындан ары - Координациялык кеңеш) бирдиктүү миграциялык саясатты ишке ашыруу боюнча кызыкдар мамлекеттик органдардын макулдашылган иш-аракеттерин камсыз кылуу үчүн түзүлгөн ведомстволор аралык координациялык орган болуп саналат.
2. Координациялык кеңеш өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын жана башка ченемдик укуктук актыларды, ошондой эле ушул Жобону жетекчиликке алат.
3. Координациялык кеңеш жөнүндө жобо жана анын курамы Кыргыз Республикасынын Премьер-министри тарабынан бекитилет.
2. Координациялык кеңештин милдеттери жана максаттары
4. Координациялык кеңештин максаттары болуп төмөнкүлөр саналат:
- Кыргыз Республикасынын бирдиктүү мамлекеттик миграциялык саясатын иштеп чыгуу жана ишке ашыруу боюнча мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын макулдашылган чечимдерин жана иш-аракеттерин иштеп чыгуу, анын ичинде миграциялык процесстерин жөнгө салуу боюнча иш-аракеттерди координациялоо;
- миграция маселелери боюнча мамлекеттик органдардын өз ара аракеттенүүсүнүн натыйжалуу механизмин иштеп чыгуу.
5. Координациялык кеңештин милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:
- миграция чөйрөсүндөгү мыйзамдарды өркүндөтүү бөлүгүндө мамлекеттик органдардын, коомдук жана эл аралык уюмдардын сунуштарды иштеп чыгуу боюнча ишин координациялоо;
- миграция чөйрөсүндөгү чараларды ишке ашыруу боюнча сунуштарды даярдоо.
3. Координациялык кеңештин функциялары
6. Координациялык кеңеш өзүнө жүктөлгөн милдеттерди аткаруу үчүн төмөнкүдөй функцияларды ишке ашырат:
- Кыргыз Республикасындагы миграциялык кырдаалдын абалына талдоо жүргүзөт жана бирдиктүү мамлекеттик миграциялык саясатты ишке ашыруу маселелери боюнча практикалык сунуштарды иштеп чыгат;
- мамлекеттик миграциялык саясатты, миграциялык процесстерди жөнгө салуу концепцияларын, миграция жаатындагы эл аралык келишимдерди ишке ашыруу бөлүгүндөгү мыйзамдардын, башка ченемдик укуктук актылардын, максаттуу программалардын долбоорлорун кароого алат;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө Кыргыз Республикасындагы миграциялык кырдаалдын абалы, Кыргыз Республикасындагы миграциялык процесстерди жөнгө салуу чөйрөсүндөгү мамлекеттик органдардын иши тууралуу билдирет жана ушул иштин натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча сунуштарды киргизет;
- миграция жаатындагы эл аралык байланыштарды өнүктүрүү боюнча мамлекеттик органдардын ишин координациялайт.
4. Координациялык кеңештин укуктары
7. Координациялык кеңеш өзүнө жүктөлгөн милдеттерди аткаруу үчүн төмөнкүлөргө укуктуу:
- өзүнүн жыйындарында бирдиктүү мамлекеттик миграциялык саясатты ишке ашыруу боюнча, анын ичинде ички миграция маселелери боюнча максаттуу жана мамлекеттик программалардын алкагында тагылган милдеттердин аткарылышы жөнүндө Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын өкүлдөрүн угууга;
- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынан жана уюмдарынан Координациялык кеңештин компетенциясына кирген маселелер боюнча маалыматтарды жана башка материалдарды белгиленген тартипте сурап алууга;
- бирдиктүү мамлекеттик миграциялык саясатты ишке ашыруу маселелери боюнча координациялык кеңешмелерди жана жумушчу жолугушууларды белгиленген тартипте өткөрүүгө;
- Кыргыз Республикасынын кызыкдар мамлекеттик органдарынын, илимий-изилдөө жана билим берүү мекемелеринин, уюмдарынын жана коомдук бирикмелердин адистерин Координациялык кеңештин ишине белгиленген тартипте тартууга;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечимин талап кылган миграция чөйрөсүндөгү мамлекеттик башкарууну өркүндөтүү маселелери боюнча сунуштарды белгиленген тартипте киргизүүгө.
5. Координациялык кеңештин иш тартиби
8. Координациялык кеңеш өз ишин бекитилген пландын негизинде жүргүзөт.
9. Координациялык кеңештин маалыматтык материалдары Координациялык кеңештин мүчөлөрүнө жыйын өткөнгө чейин 5 жумуш күн мурда берилет. Координациялык кеңештин жыйындары өткөрүлө турган жерди жана убактысын Координациялык кеңештин төрагасы же төраганын тапшырмасы менен төраганын орун басары белгилейт.
10. Координациялык кеңештин жыйындары жарым жылда жок дегенде бир жолу өткөрүлөт. Зарыл учурларда Координациялык кеңештин кезексиз жыйындары өткөрүлөт. Координациялык кеңештин жыйындары, анын мүчөлөрүнүн жарымынан көбү катышкан учурда ыйгарым укуктуу болуп саналат.
11. Координациялык кеңештин жыйындарын Координациялык кеңештин төрагасы же анын тапшырмасы боюнча Координациялык кеңештин төрагасынын орун басары алып барат.
12. Координациялык кеңеш жыйындын жыйынтыгы боюнча чечим кабыл алат. Координациялык кеңештин чечими Координациялык кеңештин жыйынга катышкан мүчөлөрү ачык добуш берип, жөнөкөй көпчүлүк добуштар менен кабыл алынат жана Координациялык кеңештин төрагасы же жыйынга төрагалык кылган адам тарабынан кол коюлат.
Координациялык кеңештин чечимдери сунуштоо мүнөзүндө берилет жана белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары тарабынан каралып, чечим кабыл алынган күндөн тартып бир айдан кечикпеген мөөнөттө кароонун жыйынтыгы тууралуу Координациялык кеңешке маалымат берилет.
13. Координациялык кеңештин чечимдерин аткарууну Координациялык кеңештин төрагасынын орун басары контролдойт.
6. Координациялык кеңештин катчылыгынын милдеттери жана функциялары
14. Координациялык кеңештин жумушчу органы болуп Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик миграция кызматы эсептелет (мындан ары - катчылык).
15. Катчылыктын милдеттери болуп Координациялык кеңештин максаттарына жана милдеттерине ылайык ишин уюштуруу техникалык жактан камсыз кылуу, Координациялык кеңештин мүчөлөрүнүн жыйындарын өткөрүүнү уюштуруу эсептелет.
16. Катчылык төмөнкүдөй функцияларды аткарат:
- Координациялык кеңештин жыйындарына материалдарды даярдайт жана катышуучуларды чакырат, Координациялык кеңештин жыйындарынын протоколдорун жүргүзөт жана тариздейт, документтерди таратууну, сактоону жана эсепке алууну уюштурат;
- Координациялык кеңештин чечимдеринин, бекитилген пландардын жана программалардын аткарылышына көмөктөшөт, кабыл алынган чечимдерди аткаруунун жүрүшүн контролдойт;
- жумушчу топтордун жана комиссиялардын жетекчилерине Координациялык кеңештин материалдарын жана чечимдеринин долбоорлорун оперативдүү жана сапаттуу даярдоо үчүн аларга берилген тапшырмаларды аткарууга көмөктөшөт;
- Координациялык кеңештин иш кагаздарын жүргүзөт;
- Координациялык кеңештин жетекчилигинин айрым тапшырмаларын аткарат.