Редакцияот 13.05.2016
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

БУЙРУК

2016-жылдын 13-майы № 202-б

"Роза Отунбаеванын демилгеси" эл аралык коомдук фондго мамлекеттик колдоо көрсөтүү жана иши үчүн шарттарды түзүп берүү максатында "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:

1. Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн Иш башкармасы Бишкек шаары, Чүй проспекти 106 дареги боюнча жайгашкан жалпы аянты 210,7 кв. метр болгон мамлекеттик имараттагы "Роза Отунбаеванын демилгеси" эл аралык коомдук фонду ээлеп турган 6 кабинетти (№ 108, 110, 113, 114, 115, 118) коммуналдык кызмат көрсөтүүлөрдү жана пайдаланууга кеткен чыгымдарды төлөө менен бекер пайдалануу келишиминин шарттарында бекитип берсин.

2. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык өнүктүрүү бөлүмүнө жүктөлсүн.

 

Премьер-министр

С.Жээнбеков