Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 28-июнундагы № 383-т тескемесине ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2016-жылдын 16-майы № 208-б
Женева шаарында 1970-жылдын 1-июлунда кол коюлган, эл аралык автомобилдик ташууларды жүргүзгөн транспорттук каражаттардын экипажынын ишине тиешелүү Европалык макулдашууга (мындан ары - ТКЕМ) кошулуу жана андан ары ишке ашыруу боюнча иш-чараларды аткаруу максатында:
1. Ведомстволор аралык комиссия тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
2. Ведомстволор аралык комиссия 2016-жылдын 1-сентябрына чейин ТКЕМге кошулуу жана андан ары ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планын иштеп чыксын жана бекитсин.
3. Ведомстволор аралык комиссияга белгиленген тартипте төмөнкүдөй укук берилсин:
- мамлекеттик органдардын, ишканалардын жана уюмдардын адистерин жана көз карандысыз эксперттерди ишке тартууга;
- иш процессинде келип чыккан маселелерди чечүү үчүн зарыл болгон маалыматты сурап алууга.
4. Ведомстволор аралык комиссиянын ишин уюштуруучулук жана техникалык камсыздоо Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине жүктөлсүн.
5. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын курулуш, транспорт жана коммуникациялар бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | С.Жээнбеков |
Тиркеме
Ведомстволор аралык комиссиянын КУРАМЫ
Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри, ведомстволор аралык комиссиянын жетекчиси;
Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министри, ведомстволор аралык комиссиянын жетекчисинин орун басары.
Ведомстволор аралык комиссиянын мүчөлөрү:
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри;
Кыргыз Республикасынын Юстиция министри;
Кыргыз Республикасынын Экономика министри;
Кыргыз Республикасынын Финансы министри;
Кыргыз Республикасынын Ички иштер министри;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын директору;
Эл аралык автомобилдик ташуучулар ассоциациясынын аткаруучу директору (макулдашуу боюнча).