Сравнение редакций…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2016-жылдын 16-майы № 209-б
Мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын кызмат көрсөтүүлөрүн ченемдик каржылоо моделин пилоттук апробациялоо максатында, "Билим берүү жөнүндө", "Мектепке чейинки билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
- 2016-2017-жылдары ченемдик каржылоо моделин пилоттук апробациялоого катышуучу мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын тизмеги 1-тиркемеге ылайык;
- 2016-2017-жылдары ченемдик каржылоо моделин пилоттук апробациялоого катышуучу мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын кызмат көрсөтүүлөрүн каржылоо стандарттарын аныктоонун убактылуу методикасы 2-тиркемеге ылайык;
- 2016-2017-жылдарга ченемдик каржылоо шарттарында бир балага эсебинде мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын кызмат көрсөтүүлөрүн (коммуналдык кызмат көрсөтүүлөрсүз) каржылоонун убактылуу стандарты 3-тиркемеге ылайык;
- 2016-2017-жылдарга ченемдик каржылоо шарттарында мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын чыгымдарын түзүүнүн жана аткаруунун убактылуу тартиби 4-тиркемеге ылайык.
2. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги:
- 2016-жылдын 1-июнунан тартып 2017-жылдын 1-июнуна чейин ушул буйруктун 1-тиркемесинде аталган мектепке чейинки билим берүү уюмдарында мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын кызмат көрсөтүүлөрүн ченемдик каржылоо моделине пилоттук апробация жүргүзсүн;
- пилоттук мектепке чейинки билим берүү уюмдары үчүн балдарды тамактандырууга жана кароого акы төлөөдөн, ошондой эле кошумча билим берүү жана ден соолукту чыңдоо кызматтарын көрсөтүүдөн түшкөн каражаттарды эсепке алуу жана тейлөө үчүн казыналыкта эсептерди ачсын;
- жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен бирге жалпыга маалымдоо каражаттары жана калкты маалымдоону башка жолдору аркылуу мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын кызмат көрсөтүүлөрүн ченемдик каржылоонун принциптери жөнүндө калк арасында кеңири түшүндүрүү иштерин туруктуу негизде жүргүзсүн.
3. Ченемдик каржылоо моделин пилоттук апробациялоо убагында төмөнкүлөр белгиленсин:
- мектепке чейинки билим берүү уюмдарын каржылоо ушул буйруктун 1-пункту менен бекитилген 2016-2017-жылдарга ченемдик каржылоо шарттарында мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын чыгымдарын түзүүнүн жана аткаруунун убактылуу тартибине ылайык ишке ашырыла тургандыгы;
- мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын кызмат көрсөтүүлөрүн каржылоо төмөнкүлөр тарабынан камсыздала тургандыгы;
мамлекеттик органдар тарабынан - билим берүү кызмат көрсөтүүлөрүн каржылоонун ченеминин өлчөмүндө;
мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан - мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын инфратүзүмдөрүн, имараттарын жана жайларын күтүүгө чыгымдарды каржылоо өлчөмүндө;
ата-энелер (мыйзамдуу өкүлдөр) тарабынан - мектепке чейинки билим берүү уюмдарында балдарды тамактандырууга жана багууга чыгымдарды каржылоонун ченеминин өлчөмүндө;
- жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары муниципалдык мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын билим берүү ишин кошумча каржылоону жергиликтүү бюджеттин каражаттарынын эсебинен ишке ашырууга укуктуу экендиги;
- мектепке чейинки билим берүү уюмдары мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын кызмат көрсөтүүлөрүн ченемдик каржылоонун шарттарында ушул буйруктун 1-пункту менен бекитилген 2016-2017-жылдарга ченемдик каржылоо шарттарында бир балага эсебинде мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын кызмат көрсөтүүлөрүн (коммуналдык кызмат көрсөтүүлөрсүз) каржылоонун убактылуу стандарты боюнча аныкталган эмгек акынын жалпы фондунун чегинде, ошондой эле уюштуруу түзүмүн жана штаттарды оптималдаштыруунун натыйжасында бошотулган каражаттардын эсебинен эмгек акынын өбөлгөлөөчү фондун түзө алыша тургандыгы. Мында мектепке чейинки билим берүү уюмунун эмгек акысынын өбөлгөлөөчү фондунун каражаттары персоналды иштин жыйынтыгы жана сапаты үчүн сыйлоого жана материалдык дем берүүгө жумшалат;
- мектепке чейинки билим берүү уюмдарында балдарды тамактандыруу жана кароо үчүн ата-энелер (мыйзамдуу өкүлдөр) тарабынан төлөнүүчү акынын суммасы баланын мектепке чейинки билим берүү уюмуна иш жүзүндө барган күндөрүнө корректировкалоо менен, ушул буйруктун 1-пункту менен бекитилген 2016-2017-жылдарга ченемдик каржылоо шарттарында бир балага эсебинде мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын кызмат көрсөтүүлөрүн (коммуналдык кызмат көрсөтүүлөрсүз) каржылоонун убактылуу стандартынын негизинде эсептеле тургандыгы.
4. Ушул буйруктун 1-тиркемесинде аталган жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын инфратүзүмдөрүн, имараттарын жана жайларын күтүүгө чыгымдарды каржылоону ушул буйруктун 1-пункту менен бекитилген 2016-2017-жылдарга ченемдик каржылоо шарттарында бир балага эсебинде мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын кызмат көрсөтүүлөрүн (коммуналдык кызмат көрсөтүүлөрсүз) каржылоонун убактылуу стандартына ылайык ишке ашыруу сунушталсын.
5. Чүй, Ысык-Көл жана Ош облустарынын жергиликтүү мамлекеттик администрациялары мектепке чейинки билим берүү уюмдарын ченемдик каржылоого өткөрүүдө колдоо жана практикалык жардам көрсөтүшсүн.
6. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги 2017-жылдын 1-июнуна карата мектепке чейинки билим берүү уюмдарын ченемдик каржылоо моделин ишке киргизүү боюнча пилоттук долбоордун жыйынтыктарын жалпыласын жана пилоттук долбоорду апробациялоо оң натыйжа берген учурда мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын кызмат көрсөтүүлөрүн ченемдик каржылоо моделин Кыргыз Республикасынын мектепке чейинки билим берүү уюмдарында ишке киргизүү боюнча сунуштарды белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына киргизсин.
7. Ушул буйрук 2016-жылдын 1-июнунан тартып күчүнө кирет.
8. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү жана маданият жана спорт бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | С.Жээнбеков |
1-тиркеме
Райондун аталышы | Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын аталышы | Балдар бакчасынын аталышы |
Чүй облусу | ||
Аламүдүн | Аламүдүн айыл аймагынын айыл өкмөтү | "Жомок" балдар бакчасы |
Аламүдүн | Лебединовка айыл аймагынын айыл өкмөтү | № 42 балдар бакчасы |
Аламүдүн | Лебединовка айыл аймагынын айыл өкмөтү | "Баластан 2" балдар бакчасы |
Аламүдүн | Лебединовка айыл аймагынын айыл өкмөтү | "Нур 3" балдар бакчасы |
Аламүдүн | Лебединовка айыл аймагынын айыл өкмөтү | № 2 балдар бакчасы |
Москва | Садовое айыл аймагынын айыл өкмөтү | "Солнышко" балдар бакчасы |
Ысык-Ата | Кант шаарынын шаардык башкармасы | № 1 "Солнышко" балдар бакчасы |
Ысык-Ата | Кант шаарынын шаардык башкармасы | № 2 "Ручеек" балдар бакчасы |
Ысык-Ата | Кант шаарынын шаардык башкармасы | № 20 "Улыбка" балдар бакчасы |
Ысык-Ата | Кант шаарынын шаардык башкармасы | № 29 "Родничок" балдар бакчасы |
Ысык-Ата | Кант шаарынын шаардык башкармасы | № 32 балдар бакчасы |
Ысык-Ата | Кант шаарынын шаардык башкармасы | "Ак-Кайың" балдар бакчасы |
Ысык-Ата | Ново-Покровка айыл аймагынын айыл өкмөтү | Сакебаев атындагы орто мектептин алдындагы балдар бакчасы |
Сокулук | Сокулук айыл аймагынын айыл өкмөтү | № 1 балдар бакчасы |
Сокулук | Сокулук айыл аймагынын айыл өкмөтү | № 3 балдар бакчасы |
Сокулук | Сокулук айыл аймагынын айыл өкмөтү | "Алтын балалык" балдар бакчасы |
Ош облусу | ||
Кара-Суу | Кара-Суу шаарынын шаардык башкармасы | "Мөлтүр булак" балдар бакчасы |
Кара-Суу | Кара-Суу шаарынын шаардык башкармасы | "Мээрим" балдар бакчасы |
Кара-Суу | Кара-Суу шаарынын шаардык башкармасы | "Айданек" балдар бакчасы |
Кара-Суу | Мады айыл аймагынын айыл өкмөтү | "Нургүл" балдар бакчасы |
Кара-Суу | Мады айыл аймагынын айыл өкмөтү | "Перизат" балдар бакчасы |
Кара-Суу | Мады айыл аймагынын айыл өкмөтү | "Аксаамай" балдар бакчасы |
Кара-Суу | Мады айыл аймагынын айыл өкмөтү | "Гүлпери" балдар бакчасы |
Кара-Суу | Мады айыл аймагынын айыл өкмөтү | "Ак-Чөлмөк" балдар бакчасы |
Кара-Суу | Мады айыл аймагынын айыл өкмөтү | "Элнурай" балдар бакчасы |
Кара-Суу | Мады айыл аймагынын айыл өкмөтү | "Достук Наристе" балдар бакчасы |
Кара-Суу | Мады айыл аймагынын айыл өкмөтү | "Ынтымак бир" балдар бакчасы |
Кара-Суу | Сарай айыл аймагынын айыл өкмөтү | "Эркин" балдар бакчасы |
Кара-Суу | Сарай айыл аймагынын айыл өкмөтү | "Бал береке" балдар бакчасы |
Кара-Суу | Сарай айыл аймагынын айыл өкмөтү | "Нурданек" балдар бакчасы |
Кара-Суу | Савай айыл аймагынын айыл өкмөтү | "Арзуу" балдар бакчасы |
Кара-Суу | Савай айыл аймагынын айыл өкмөтү | "Балаты" балдар бакчасы |
Кара-Суу | Савай айыл аймагынын айыл өкмөтү | "Савай" балдар бакчасы |
Ысык-Көл облусу | ||
Ысык-Көл | Чолпон-Ата шаарынын шаардык башкармасы | "Солнышко" балдар бакчасы |
Ысык-Көл | Чолпон-Ата шаарынын шаардык башкармасы | Г.Гмайнер балдар бакчасы |
Ысык-Көл | Чолпон-Ата шаарынын шаардык башкармасы | "Ай-Данек" балдар бакчасы |
Ысык-Көл | Бостери айыл аймагынын айыл өкмөтү | "Келечек башаты" балдар бакчасы |
Ысык-Көл | Бостери айыл аймагынын айыл өкмөтү | "Чынар" балдар бакчасы |
Ысык-Көл | Ананьев айыл аймагынын айыл өкмөтү | "Солнышко" балдар бакчасы |
Ысык-Көл | Ананьев айыл аймагынын айыл өкмөтү | "Келечек" балдар бакчасы |
Эскертүү: Ченемдик каржылоо моделин пилоттук апробациялоо аталган айыл аймактарында, шаарларда ачылуучу жаңы мамлекеттик мектепке чейинки билим берүү уюмдарына да жайылтылат.
2-тиркеме
2016-2017-жылдары ченемдик каржылоо моделин пилоттук апробациялоого катышуучу мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын кызмат көрсөтүүлөрүн каржылоо стандарттарын аныктоонун убактылуу методикасы
1. Жалпы жоболор
1. Мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын кызмат көрсөтүүлөрүн каржылоо стандарттарын аныктоонун убактылуу методикасы (мындан ары - Методика) бир балага эсебинде 2016-2017-жылдарга ченемдик каржылоо моделин пилоттук апробациялоого катышуучу мектепке чейинки билим берүү уюмдарын (мындан ары - МЧБУ) каржылоонун өлчөмүн аныктоо тартибин белгилейт. Бул Методика 2016-2017-жылдары ченемдик каржылоо моделин пилоттук апробациялоого катышуучу мектепке чейинки билим берүү уюмдарында колдонулат.
2. МЧБУнун кызмат көрсөтүүлөрүн каржылоо стандарты (мындан ары - стандарт) - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 23-октябрындагы № 742 "Кыргыз Республикасынын "Мектепке чейинки билим берүү жана балдарды багуу" мамлекеттик билим берүү стандартын бекитүү жөнүндө" токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын "Мектепке чейинки билим берүү жана балдарды багуу" мамлекеттик билим берүү стандартын ишке ашыруу.
3. Стандартты аныктоодо "Билим берүү жөнүндө", "Мектепке чейинки билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдары, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 23-октябрындагы № 742 "Кыргыз Республикасынын "Мектепке чейинки билим берүү жана балдарды багуу" мамлекеттик билим берүү стандартын бекитүү жөнүндө", 2011-жылдын 19-январындагы № 18 "Билим берүү уюмдарынын кызматкерлерине эмгек акы төлөөнүн жаңы шарттарын киргизүү жөнүндө", 1995-жылдын 30-сентябрындагы № 404 "Билим берүү мекемелеринин болжолдуу типтүү штаттарын бекитүү жөнүндө" 2008-жылдын 26-августундагы № 471 "Командировкалык чыгымдардын нормаларын белгилөө жана алардын ордун толтуруунун тартиби жөнүндө", 1997-жылдын 25-июнундагы № 377 "Кыргыз Республикасынын бийик тоолуу жана алыскы зоналарында жашаган жана иштеген адамдарга мамлекеттик колдоо көрсөтүү жөнүндө" токтомдору менен бекитилген ченемдер колдонулат.
II. Мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын кызмат көрсөтүүлөрүн каржылоо стандартынын түзүмү
4. Стандар МЧБУнун күндөлүк чыгымдарын камтыйт.
5. Стандарт МЧБУнун төмөнкү чыгымдарын каржылоонун ченемдеринен турат:
1) билим берүү кызмат көрсөтүүлөрүнүн чыгымдарын каржылоонун ченеми;
2) балдарды тамактандырууга жана кароого жумшалуучу чыгымдарды каржылоонун ченеми;
3) МЧБУнун инфратүзүмдөрүн, имараттарын жана жайларын күтүүгө жумшалуучу чыгымдарды каржылоонун ченеми.
6. МЧБУнун билим берүү кызмат көрсөтүүлөрү мамлекеттик кепилдик болуп саналат жана аларды көрсөтүү боюнча чыгымдар республикалык бюджеттен каржыланат. Билим берүү кызмат көрсөтүүлөрүнүн чыгымдарын каржылоонун ченеми төмөнкүлөргө жумшалуучу чыгымдарды камтыйт:
1) МЧБУнун персоналына эмгек акыны төлөөгө;
2) педагогикалык персоналдын квалификациясын жогорулатууга;
3) окуу куралдарын, көрсөтмө материалдарын сатып алууга.
7. Балдарды тамактандырууга жана кароого чыгымдарды каржылоонун ченеми ата-энелердин (мыйзамдуу өкүлдөрдүн) каражаттарынын эсебинен каржыланат жана төмөнкүлөргө жумшалуучу чыгымдарды камтыйт:
1) тамактандырууга;
2) чарбалык муктаждыктарга буюмдарды сатып алууга.
8. МЧБУнун инфратүзүмдөрүн, имараттарын жана жайларын күтүүгө жумшалуучу чыгымдарды каржылоо имараттар менен жайлардын менчик ээсинин функциясы болуп саналат: муниципалдык менчикте болгон учурда - жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын (мындан ары - ЖӨБО), мамлекеттин менчигинде болгон учурда - мамлекеттик органдардын. МЧБУнун инфратүзүмдөрүн, имараттарын жана жайларын күтүүгө каралган чыгымдарды каржылоонун ченеми төмөнкүлөргө жумшалуучу чыгымдарды камтыйт:
3) имараттарды күндөлүк оңдоо иштерине;
4) чарбалык муктаждыктарга товарларды сатып алууга.
Коммуналдык кызмат көрсөтүүлөр стандартка киргизилбейт жана ЖӨБО тарабынан кызмат көрсөтүүлөрдүн иш жүзүндө керектелиши боюнча жергиликтүү бюджеттин каражаттарынын эсебинен, мамлекеттик органдар тарабынан - республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен каржыланат.
1. Стандартты эсептөө төмөнкүлөр боюнча жүргүзүлөт:
1) балдардын жаш курактык топтору боюнча:
- 1,5 жашка чейинки балдардын наристе топтору;
- 1,5 жаштан 3 жашка чейинки балдардын наристе топтору;
- 3 жаштан жогорку балдардын мектепке чейинки топтору;
2) айыл жергесинде жана шаарларда жайгашкан МЧБУлар үчүн;
3) балдардын МЧБУда болуу убактысына жараша МЧБУнун типтери боюнча: 3 саат, 10 саат, 24 саат.
III. Мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын кызмат көрсөтүүлөрүн каржылоо стандартын эсептөө
1. Билим берүү кызмат көрсөтүүлөрүнүн чыгымдарын каржылоонун ченемин эсептөө
§ 1. МЧБУнун персоналына эмгек акы төлөөгө жумшалуучу чыгымдарды каржылоонун ченемин эсептөө
10. МЧБУнун персоналына эмгек акы төлөөгө жумшалуучу чыгымдарды каржылоонун ченемин эсептөө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 19-январындагы № 18 "Билим берүү уюмдарынын кызматкерлерине эмгек акы төлөөнүн жаңы шарттарын киргизүү жөнүндө" токтому менен бекитилген билим берүү уюмдарынын кызматкерлерине эмгек акы төлөө боюнча негизги жоболорго ылайык түзүлгөн.
11. МЧБУнун персоналына эмгек акы төлөөгө жумшалуучу чыгымдарды каржылоонун ченеми төмөнкү көрсөткүчтөрдүн негизинде аныкталат:
1) МЧБУнун тибине жараша топко тарбиячылардын ставкаларынын ченемдик саны;
2) тарбиячынын 1 ставкасына ченемдик сааттык жүктөм;
3) топтордун орточо иш жүзүндө толушу;
4) тарбиячылардын саат боюнча төлөнүүчү эмгек акысынын орточо өлчөмү;
5) тарбиячылардын негизги эмгек акысына кошумча акылардын, кошумча төлөмдөрдүн орточо иш жүзүндө түзүлгөн үлүшү;
6) МЧБУнун жалпы эмгек акы фондунда административдик, чарбалык жана көмөкчү персоналдын эмгек акы фондунун иш жүзүндө түзүлгөн орточо үлүшү.
12. МЧБУнун персоналына эмгек акы төлөөгө чыгымдарды каржылоонун ченемин эсептөөдө төмөнкүлөр колдонулат:
1) 1-таблицада келтирилген көрсөткүчтөргө ылайык МЧБУ үчүн 1 топко тарбиячылардын ставкаларынын ченемдик саны;
1-таблица
1 топко тарбиячылардын ставкаларынын ченемдик саны
МЧБУ тиби | 1 топко тарбиячылардын ставкаларынын саны | |
Бир жумадагы иш күндөрдүн саны | Балдардын болуу сааттарынын саны | |
5 күн | 3 саат | 0,75 |
5 күн | 10 саат | 1,55 |
5 күн | 24 саат | 3,0 |
2) тарбиячынын жумасына 36 саат өлчөмүндө болгон 1 ставкасына жүктөмдүн көрсөткүчү;
3) 2-таблицада келтирилген балдардын жаш курагына жараша топтордун орточо иш жүзүндөгү толушу;
2-таблица
МЧБУ топторунун орточо иш жүзүндөгү толушу
МЧБУнун жайгашкан жери | 1,5 жашка чейинки наристе топтору | 1,5 жаштан 3 жашка чейинки наристе топтору | 3 жаштан жогорку мектепке чейинки топтор |
Айыл жеринде | 20 | 25 | 30 |
Шаар жеринде | 30 | 35 | 37 |
4) тарбиячылардын саат боюнча төлөнүүчү эмгек акысынын республикада түзүлгөн орточо өлчөмү 58,9 сом;
5) төмөнкүлөр үчүн иш жүзүндө түзүлгөн пропорциялардын негизинде тарбиячылардын саат боюнча төлөнүүчү негизги эмгек акысына кошумча акылар менен кошумча төлөмдөрдүн катышы:
- айыл жеринде жайгашкан МЧБУ үчүн - 21,9 пайыз;
- шаар жеринде жайгашкан МЧБУ үчүн - 10,7 пайыз.
Бул төлөмдөрдүн суммасына педагогикалык иш стажы, айыл жеринде иштегендиги үчүн кошумча төлөмдөр менен кошумча акылар киргизилген;
6) 3-таблицада келтирилген МЧБУнун жалпы эмгек акы фондунда административдик, чарбалык жана көмөкчү персоналдын эмгек акы фондунун республика боюнча иш жүзүндө түзүлгөн орточо үлүшү.
3-таблица
МЧБУнун жалпы эмгек акы фондунда административдик, чарбалык жана көмөкчү персоналдын эмгек акы фондунун орточо иш жүзүндө түзүлгөн үлүшү
МЧБУ тиби | Жалпы эмгек акы фондунда административдик, чарбалык жана көмөкчү персоналдын эмгек акы фондунун иш жүзүндө түзүлгөн орточо үлүшү (%) | |

5 күн | 3 саат | 22 |
5 күн | 10 саат | 48 |
5 күн | 24 саат | 40 |
МЧБУнун административдик, чарбалык жана көмөкчү персоналына тарбиячылардан тышкары, МЧБУнун бардык кызматкерлери киргизилген;
7) убактылуу эмгекке жарамсыздык боюнча жөлөкпулдарды, убактылуу иште жок кызматкердин милдеттерин аткаруу үчүн кошумча төлөмдөрдү төлөөгө жумшалуучу чыгымдар МЧБУнун жалпы эмгек акы фондунун 1%ы өлчөмүндө.
13. МЧБУнун персоналына эмгек акы төлөөгө жумшалуучу чыгымдарды каржылоонун ченеми ар бир жаш курактык топ боюнча өзүнчө төмөнкү формула менен эсептелет:
мында:
Зi - i-той жаш курактык топ боюнча МЧБУнун персоналына эмгек акы төлөөгө жумшалуучу чыгымдарды каржылоонун ченеми;
Ч - тарбиячынын 1 ставкасына ченемдик сааттык жүктөм;
СЧ - тарбиячылардын саат боюнча төлөнүүчү эмгек акысынын өлчөмү;
Нпп - тарбиячынын негизги эмгек акысына педагогикалык иш стажы жана айыл жеринде иштегендиги үчүн кошумча акынын үлүшү (коэффициенти);
СТ - бир топко тарбиячылардын ставкаларынын саны;
ДБол - МЧБУнун жалпы эмгек акы фондунда убактылуу эмгекке жарамсыздык боюнча жөлөкпулдарды, убактылуу иште жок кызматкердин милдеттерин аткаруу үчүн кошумча төлөмдөрдү төлөөгө жумшалуучу чыгымдардын үлүшү (коэффициенти);
СФ - иш берүүчүдөн Социалдык фондго чегерүүлөрдүн тарифи (коэффициенти);
4,2 - бир айдагы иш жумаларынын орточо саны;
НАПi - i- той жаш курактык топ боюнча толушу;
ДОСТ - МЧБУнун жалпы эмгек акы фондунда административдик, чарбалык жана көмөкчү персоналдын эмгек акы фондунун анын тибине жараша үлүшү (коэффициенти);
ДВОС - МЧБУнун жалпы эмгек акы фондунда тарбиячылардын эмгек акы фондунун анын тибине жараша үлүшү (коэффициенти);
13 - бир жылда тарбиячыларга эмгек акы төлөнүүчү айлардын саны;
12 - бир жылда административдик, чарбалык жана көмөкчү персоналга эмгек акы төлөнүүчү айлардын саны.
§ 2. Педагогикалык персоналдын квалификациясын жогорулатууга жумшалуучу чыгымдарды каржылоонун ченемин эсептөө
14. Педагогикалык персоналдын квалификациясын жогорулатууга жумшалуучу чыгымдарды каржылоонун ченеми Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 26-августундагы № 471 "Командировкалык чыгымдардын нормаларын белгилөө жана алардын ордун толтуруунун тартиби жөнүндө" токтому менен белгиленген ченемдерге ылайык аныкталган.
15. Педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуунун мезгилдүүлүгү "Билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык 5 жылда бир жолу деп аныкталган.
16. Командировкалык чыгымдар бир педагогго эсебинде командировкага жиберилген жерге барууга жана кайра келүүгө чыгымдарды, суткалык чыгымдарды жана турак жай жалдоого чыгымдарды камтыйт.
17. Бир балага эсебинде педагогикалык персоналдын квалификациясын жогорулатууга жумшалуучу чыгымдарды каржылоонун ченеми бардык педагогикалык персоналдын квалификациясын жогорулатууга жумшалуучу чыгымдардын суммасын МЧБУга барган балдардын санына бөлүү аркылуу аныкталат.
4-таблица
Бир балага эсебинде педагогикалык персоналдын квалификациясын жогорулатууга жумшалуучу чыгымдар (сом менен, 2016-жылдагы баалар боюнча)
Чыгымдардын түрлөрү | Чыгымдар (сом) | Саны | Бардыгы (сом) |
Командировкага жиберилген жерге барууга жана кайра келүүгө чыгымдар | 195 | 2 | 390 |
Суткалык чыгымдар | 275 | 10 | 2750 |
Турак жай жалдоого чыгымдар | 275 | 10 | 2750 |
Бир педагогго жалпы (сом) |
|
| 5890 |
МЧБУнун бир жылда квалификацияны жогорулатуу курсунан өтүүчү педагогдорунун саны | 1391 |
Педагогдордун квалификациясын жогорулатууга чыгымдардын бардыгы (миң сом) | 8143,0 |
Мамлекеттик МЧБУга барган балдардын саны | 132481 |
Педагогикалык персоналдын квалификациясын жогорулатууга чыгымдарды каржылоонун ченеми (сом) | 62 |
§ 3. Окуу куралдарын, көрсөтмө материалдарын сатып алууга жумшалуучу чыгымдарды каржылоонун ченемин эсептөө
18. Окуу куралдарын, көрсөтмө материалдарын сатып алууга жумшалуучу чыгымдарды каржылоонун ченеми окуу сабактары үчүн материалдарды, окуу буюмдарын жана материалдарын сатып алууга чыгымдарды камтыйт. Эсептөөлөр 2016-жылдагы баалар боюнча жүргүзүлгөн.
5-таблица
МЧБУ тобуна окуу куралдарын, көрсөтмө материалдарын сатып алууга жумшалуучу чыгымдар (сом менен, 2016-жылдагы баалар боюнча)
| Өлчөө бирдиги | Жылына 30 баладан турган топко чыгым | Бирдик үчүн баасы (сом) | Сумма |
Тарбиячы үчүн калемсап | даана | 2 | 14 | 28 |
Алиппе | даана | 15 | 117 | 1755 |
Түстүү жана ак кагаздар | топтом | 15 | 41 | 615 |
Жабыштырып жасоо үчүн тактайчалар | даана | 25 | 57 | 1425 |
Тамгалар жана муундар кассасы | даана | 15 | 77 | 1155 |
Боёктор үчүн кыл калемдер | даана | 25 | 41 | 1025 |
Желим үчүн кыл калемдер | даана | 25 | 41 | 1025 |
Түстүү карандаштар | куту | 25 | 49 | 1225 |
Желим | даана | 5 | 16 | 80 |
Балдар китепчелери жана сүрөттөрү | даана | 15 | 45 | 675 |
Гуашь боёгу | топтом | 5 | 122 | 610 |
Акварель боёктору | куту | 15 | 49 | 735 |
Учтуу эмес балдар кайчылары | даана | 25 | 32 | 800 |
Пластилин | куту | 10 | 81 | 810 |
Боёк үчүн стаканчалар | даана | 30 | 28 | 840 |
Санак таякчалары | комплект | 10 | 49 | 490 |
Түстүү борлор | куту | 10 | 49 | 490 |
Бардыгы |
|
|
| 13783 |
19. Окуу куралдарын, көрсөтмө материалдарын сатып алууга чыгымдарды каржылоонун ченемин эсептөө МЧБУ тобунун жалпысынан каражаттарга болгон керектөөлөрүн аныктоонун жана аны бир балага кайра эсептөөнүн негизде түзүлгөн.
20. Калькуляция 30 баладан турган топко эсебинде жүргүзүлгөнүн эске алуу менен, жылына бир балага жумшалуучу чыгымдар 459 сомду түзөт.
§ 4. Билим берүү кызмат көрсөтүүлөрүнүн чыгымдарын каржылоонун ченемин эсептөө
21. Билим берүү кызмат көрсөтүүлөрүнүн чыгымдарын каржылоонун ченеми бир балага эсебинде МЧБУнун ар бир жаш курактык тобу үчүн өзүнчө төмөнкү формула боюнча аныкталат:
мында:
- i-той жаш курактык топ боюнча билим берүү кызмат көрсөтүүлөрүнүн чыгымдарын каржылоонун ченеми;
Зi - ушул Методиканын 13-пунктуна ылайык аныкталуучу, i-той жаш курактык топ боюнча бир балага эсебинде МЧБУнун персоналына эмгек акы төлөөгө жумшалуучу чыгымдарды каржылоонун ченеми;
КВАЛ - ушул Методиканын 17-пунктуна ылайык аныкталуучу, бир балага эсебинде педагогикалык персоналдын квалификациясын жогорулатууга жумшалуучу чыгымдарды каржылоонун ченеми;
УчРi - ушул Методиканын 20-пунктуна ылайык аныкталуучу, i-той жаш курактык топ боюнча бир балага эсебинде окуу куралдарын, көрсөтмө материалдарын сатып алууга жумшалуучу чыгымдарды каржылоонун ченеми.
22. Бир балага эсебинде билим берүү кызмат көрсөтүүлөрүнүн чыгымдарын каржылоонун ченеми жаш курактык топтор, МЧБУнун тиби боюнча, шаарларда же айыл жергесинде жайгашкан МЧБУга дифференциялоо менен эсептелет.
Глава 2. Балдарды тамактандырууга жана кароого жумшалуучу чыгымдарды каржылоонун ченемин эсептөө
§ 1. Балдарды тамактандырууга жумшалуучу чыгымдарды каржылоонун ченемин эсептөө
23. Балдарды тамактандырууга жумшалуучу чыгымдарды каржылоонун ченеми Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан белгиленүүчү чыгымдардын натуралдык ченемдеринин негизинде, 2016-жылдагы баалар боюнча эсептелген.
6-таблица
Тамактандыруунун натуралдык ченемдерине ылайык МЧБУда 1 баланын бир күндө тамактандыруунун наркын эсептөө (сом менен, 2016-жылдагы баалар боюнча)
| Азыктардын аталышы | Натуралдык ченемдер (грамм) | Азыктын бирдигинин баасы (сом) | Акчалай ченемдер (сом) | ||||||
10 саат болуучу МЧБУлар үчүн | 24 саат болуучу МЧБУлар үчүн | 10 саат болуучу МЧБУлар үчүн | 24 саат болуучу МЧБУлар үчүн | |||||||
3 жашка чейинки балдар | 3 жаштан жогорку балдар | 3 жашка чейинки балдар | 3 жаштан жогорку балдар | 3 жашка чейинки балдар | 3 жаштан жогорку балдар | 3 жашка чейинки балдар | 3 жаштан жогорку балдар | |||
1 | Буудай наны | 60 | 100 | 70 | 110 | 18,0 | 1,1 | 1,8 | 1,3 | 2,0 |
2 | Кара нан | 25 | 40 | 30 | 50 | 15,0 | 0,4 | 0,6 | 0,5 | 0,8 |
3 | Буудай уну | 12 | 16 | 15 | 20 | 24,0 | 0,3 | 0,4 | 0,4 | 0,5 |
4 | Акшактар, буурчак, макарон азыктары | 24 | 32 | 30 | 40 | 42,0 | 1,0 | 1,3 | 1,3 | 1,7 |
5 | Картошка | 130 | 176 | 150 | 220 | 12,0 | 1,6 | 2,1 | 1,8 | 2,6 |
6 | Жаңы бышкан жашылчалар, бакча өсүмдүктөрү, көктөр | 200 | 236 | 236 | 295 | 23,0 | 4,6 | 5,4 | 5,4 | 6,8 |
7 | Жаңы бышкан жемиштер, мөмөлөр | 110 | 120 | 130 | 145 | 24,0 | 2,6 | 2,9 | 3,1 | 3,5 |
8 | Кургатылган жемиштер | 10 | 15 | 10 | 15 | 30,0 | 0,3 | 0,5 | 0,3 | 0,5 |
9 | Эт | 80 | 90 | 85 | 100 | 180,0 | 14,4 | 16,2 | 15,3 | 18,0 |
10 | Канаттуулар | 18 | 19 | 20 | 22 | 78,0 | 1,4 | 1,5 | 1,6 | 1,7 |
11 | Балык азыктары | 23 | 25 | 25 | 30 | 102,0 | 2,3 | 2,6 | 2,6 | 3,1 |
12 | Сүт азыктары | 400 | 360 | 430 | 440 | 38,7 | 15,5 | 13,9 | 16,6 | 17,0 |
13 | Быштак | 35 | 40 | 40 | 45 | 90,0 | 3,2 | 3,6 | 3,6 | 4,1 |
14 | Сыр | 3 | 5 | 3 | 5 | 102,0 | 0,3 | 0,5 | 0,3 | 0,5 |
15 | Жууган май | 13 | 18 | 16 | 22 | 168,0 | 2,2 | 3,0 | 2,7 | 3,7 |
16 | Өсүмдүк майы | 6 | 7 | 7 | 9 | 48,0 | 0,3 | 0,3 | 0,3 | 0,4 |
17 | Жумуртка (даана) | 0,5 | 0,5 | 0,5 | 0,5 | 3,0 | 1,5 | 1,5 | 1,5 | 1,5 |
18 | Шекер, кондитердик азыктар | 45 | 55 | 55 | 60 | 33,0 | 1,5 | 1,8 | 1,8 | 2,0 |
19 | Чай | 0,2 | 0,2 | 0,2 | 0,2 | 210,0 | 0,0 | 0,0 | 0,0 | 0,0 |
20 | Кофе суусундугу, какао | 1 | 1 | 1 | 1 | 78,0 | 0,1 | 0,1 | 0,1 | 0,1 |
21 | Туз | 3 | 5 | 3 | 5 | 10,8 | 0,0 | 0,1 | 0,0 | 0,1 |
| Ачыткы | 1 | 1 | 1 | 1 | 72,0 | 0,1 | 0,1 | 0,1 | 0,1 |
| Жалпы: |
|
|
|
|
| 55 | 60 | 60 | 70 |
24. Стандартта тамактандырууга жумшалуучу чыгымдарды каржылоонун ченеми балдардын бир жылда 11 ай бою МЧБУга баруусуна негизделип эсептелген.
7-таблица
1 баланы тамактандырууга жумшалуучу чыгымдарды каржылоонун ченемин эсептөө (сом менен, 2016-жылдагы баалар боюнча)
МЧБУ тиби | Көрсөткүчтөр | 1,5 жашка чейинки наристе топтору | 1,5 жаштан 3 жашка чейинки наристе топтору | 3 жаштан жогорку мектепке чейинки топтор |
10 саат болуу | бир күндүк чыгымдардын ченеми | 55 | 55 | 60 |
бир жылдык чыгымдардын ченеми | 12705 | 12705 | 13860 | |
24 саат болуу | бир күндүк чыгымдардын ченеми | 60 | 60 | 70 |
бир жылдык чыгымдардын ченеми | 13975 | 13975 | 16170 |
§ 6. Ата-энелердин каражаттарынын эсебинен чарбалык муктаждыктарга предметтерди сатып алууга жумшалуучу чыгымдарды каржылоонун ченемин эсептөө
25. Чарбалык муктаждыктарга предметтерди сатып алууга жумшалуучу чыгымдарды каржылоонун ченеми МЧБУда санитардык-гигиеналык иш-чараларды жүргүзүү үчүн материалдарды сатып алууга жумшалуучу чыгымдарды камтыйт. Эсептөөлөр 2016-жылдагы баалар боюнча жүргүзүлгөн.
8-таблица
Ата-энелердин каражаттарынын эсебинен МЧБУ тобуна чарбалык муктаждыктарга предметтерди сатып алууга жумшалуучу чыгымдар (сом менен, 2016-жылдагы баалар боюнча)
| Өлчөө бирдиги | Бир жылга 30 баладан турган топко чыгым | Бирдик үчүн баасы (сом) | Сумма (сом) |
Атыр самын | даана | 120 | 20 | 2400 |
Даарат кагаз | даана | 120 | 9 | 1080 |
Кагаз салфеткалар | таңгак | 120 | 10 | 1200 |
Нымдуу салфеткалар | таңгак | 120 | 15 | 1800 |
Бардыгы |
|
|
| 6480 |
26. Ата-энелердин каражаттарынын эсебинен чарбалык муктаждыктарга жумшалуучу чыгымдарды каржылоо ченемин эсептөө МЧБУ тобунун жалпысынан каражаттарга болгон керектөөлөрүн аныктоонун жана аны бир балага кайра эсептөөнүн негизде түзүлгөн.
9-таблица
Ата-энелердин каражаттарынын эсебинен чарбалык муктаждыктарга предметтерди сатып алууга жумшалуучу чыгымдарды каржылоонун ченемин эсептөө (сом менен, 2016-жылдагы баалар боюнча)
| Айыл жеринде жайгашкан МЧБУ | Шаарларда жайгашкан МЧБУ | ||||
1,5 жашка чейинки наристе топтору | 1,5 жаштан 3 жашка чейинки наристе топтору | 3 жаштан жогорку мектепке чейинки топтор | 1,5 жашка чейинки наристе топтору | 1,5 жаштан 3 жашка чейинки наристе топтор | 3 жаштан жогорку мектепке чейинки топтор | |
Топтун ченемдүү толушу (бала) | 20 | 25 | 30 | 25 | 30 | 35 |
Топко бир жылда жумшалчу чыгымдар (сом) | 4320 | 5400 | 6480 | 5400 | 6480 | 7560 |
Бир жылда 1 балага эсептелген чыгымдар (сом) | 216 | 216 | 216 | 216 | 216 | 216 |
§ 3. Балдарды тамактандырууга жана кароого жумшалуучу чыгымдарды каржылоонун ченемин эсептөө
27. Балдарды тамактандырууга жана кароого жумшалуучу чыгымдарды каржылоо ченеми бир балага эсебинде МЧБУнун ар бир жаш курактык тобу үчүн өзүнчө төмөнкү формула боюнча аныкталат:
мында:
- i-той курактык топ боюнча балдарды тамактандырууга жана кароого жумшалуучу чыгымдарды каржылоонун ченеми;
Пi - ушул Методиканын 24-пунктуна ылайык аныкталуучу, i-той жаш курактык топ боюнча бир баланы тамактандырууга жумшалуучу чыгымдарды каржылоонун ченеми;
ХОЗ - ушул Методиканын 26-пунктуна ылайык аныкталуучу, ата-энелердин каражаттарынан эсебинен чарбалык муктаждыктарга предметтерди сатып алууга жумшалуучу чыгымдарды каржылоонун ченеми.
28. Бир балага эсебинде балдарды тамактандырууга жана кароого жумшалуучу чыгымдарды каржылоонун ченеми жаш курактык топтор, МЧБУ тиби боюнча эсептелет.
3. Мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын инфратүзүмдөрүн, имараттарын жана жайларын күтүүгө жумшалуучу чыгымдарды каржылоонун ченемин эсептөө
§ 1. Имараттарды күндөлүк оңдоо иштерине жумшалуучу чыгымдарды каржылоонун ченемин эсептөө
29. МЧБУнун имараттарын күндөлүк оңдоо иштерине жумшалуучу чыгымдарды каржылоонун ченеми МЧБУнун күндөлүк оңдоо иштерин жүргүзүү үчүн каражаттарга болгон керектөөнү бир балага кайра эсептөө аркылуу аныкталган.
30. МЧБУнун күндөлүк оңдоо иштерин жүргүзүү үчүн каражаттарга болгон керектөө имараттын долбоордук кубаттуулугун эсепке алуу менен, типтүү имараттарда жайгашкан МЧБУ боюнча негизги курулуш материалдарын, коштоочу материалдарды жана инвентарларды сатып алууга жумшалуучу чыгымдарды калькуляциялоо методу аркылуу аныкталат.
10-таблица
Бир балага эсебинде имараттарды күндөлүк оңдоо иштерине жумшалуучу чыгымдар (сом менен, 2016-жылдагы баалар боюнча)
Чыгымдардын түрлөрү | Сумма |
Боёкторду, акиташ сатып алууга чыгымдар (сом) | 154820 |
Коштоочу курулуш материалдарын сатып алууга чыгымдар (сом) | 7680 |
Коштоочу инвентарды сатып алууга чыгымдар (сом) | 4100 |
Бардык чыгымдар (сом) | 166600 |
МЧБУнун долбоордук кубаттуулугу (балдар) | 280 |
Жылына 1 балага эсебинде күндөлүк оңдоо иштерин жүргүзүүгө чыгымдар (сом) | 595 |
§ 2. Чарбалык муктаждыктарга товарларды сатып алууга жумшалуучу чыгымдарды каржылоонун ченемин эсептөө
31. Чарбалык муктаждыктарга товарларды сатып алууга жумшалуучу чыгымдарды каржылоонун ченеми МЧБУда дезинфекциялык жана санитардык-гигиеналык иш-чараларды жүргүзүү үчүн материалдарды сатып алууга жумшалуучу чыгымдарды камтыйт. Эсептөөлөр 2016-жылдагы баалар боюнча жүргүзүлгөн.
11-таблица
МЧБУ тобуна чарбалык муктаждыктарга товарларды сатып алууга жумшалуучу чыгымдар (сом менен, 2016-жылдагы баалар боюнча)
| Өлчөө бирдиги | Бир жылда 30 баладан турган топко чыгым | Бирдик үчүн баасы (сом) | Сумма (сом) |
Кир жуучу порошок | кг | 60 | 60 | 3600 |
Жууп-тазалоочу каражат | кг | 24 | 60 | 1440 |
Кир самын | даана | 60 | 20 | 1200 |
Дезинфекциялоочу каражаттар | л | 100 | 50 | 5000 |
Майда инвентарь |
|
|
| 3000 |
Идиш жуучу суюктук | л | 24 | 50 | 1200 |
Терезе жуучу суюктук | л | 2 | 70 | 140 |
Башка чыгымдар |
|
|
| 3573 |
Бардыгы |
|
|
| 19153 |
32. Чарбалык муктаждыктарга товарларды сатып алууга жумшалуучу чыгымдарды каржылоонун ченемин эсептөө МЧБУ тобунун жалпысынан каражаттарга болгон керектөөсүн аныктоонун жана аны бир балага кайра эсептөөнүн негизде түзүлгөн.
12-таблица
Чарбалык муктаждыктарга товарларды сатып алууга жумшалуучу чыгымдарды каржылоонун ченемин эсептөө (сом менен, 2016-жылдагы баалар боюнча)

1 жашка чейинки наристе топтору | 1 жаштан 3 жашка чейинки наристе топтору | 3 жаштан жогорку мектепке чейинки топтор | 1 жашка чейинки наристе топтору | 1 жаштан 3 жашка чейинки наристе топтору | 3 жаштан жогорку мектепке чейинки топтор | |
Топтун ченемдик | 20 | 25 | 30 | 25 | 30 | 35 |
Топко бир жылда жумшалуучу чыгымдар (сом) | 12769 | 15961 | 19153 | 15961 | 19153 | 22345 |
Бир жылда 1 балага эсептелген чыгымдар (сом) | 638 | 638 | 638 | 638 | 638 | 638 |
§ 3. Инфратүзүмдөрдү, имараттарды жана жайларды күтүүгө жумшалуучу чыгымдарды каржылоонун ченемин эсептөө
33. Инфратүзүмдөрдү күтүүгө жумшалуучу чыгымдарды каржылоонун ченеми бир балага эсебинде төмөнкү формула боюнча аныкталат:
СФИНФР = ТР + ХОЗ
мында:
СФИНФР - инфратүзүмдөрдү күтүүгө жумшалуучу чыгымдарды каржылоонун ченеми;
ТР - ушул Методиканын 30-пунктуна ылайык аныкталуучу, бир балага эсебинде МЧБУ имараттарын күндөлүк оңдоо иштерине жумшалуучу чыгымдарды каржылоонун ченеми;
ХОЗ - ушул Методиканын 32-пунктуна ылайык аныкталуучу, чарбалык муктаждыктарга товарларды сатып алууга жумшалуучу чыгымдарды каржылоонун ченеми.
III. Мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын кызмат көрсөтүүлөрүн каржылоо стандарттарын эсептөө
34. Стандарт бир балага эсебинде ар бир жаш курактык топ үчүн өзүнчө төмөнкү формула боюнча аныкталат:
мында:
- i-той жаш курактык топ боюнча стандарт;
- i-той жаш курактык топ боюнча билим берүү кызмат көрсөтүүлөрүнө жумшалуучу чыгымдарды каржылоонун ченеми;
- i-курактык топ боюнча балдарды тамактандырууга жапа кароого жумшалуучу чыгымдарды каржылоонун ченеми;
- инфратүзүмдөрдү, имараттарды жана жайларды күтүүгө жумшалуучу чыгымдарды каржылоонун ченеми.
35. Стандарт жыл сайын төмөнкү формула боюнча индексацияланып турат:
мында:
СФi - i-той жаш курактык топ боюнча кийинки жылга стандарт;
- үстүдөгү жылда i-той жаш курактык топ боюнча билим берүү кызмат көрсөтүүлөрүнүн чыгымдарын каржылоонун ченеминде эмгек акы төлөөгө жумшалуучу чыгымдарды каржылоонун ченеми;
IЗП - кийинки жылда билим берүү кызматкерлеринин эмгек акысынын жогорулоосунун болжолдонгон индекси;
- эмгек акы төлөөгө жумшалуучу чыгымдарды каржылоонун ченеминен тышкары, үстүдөгү жылда i-той жаш курактык топ боюнча чыгымдарды каржылоонун ченеми;
IИНФ - кийинки жылга инфляциянын болжолдонгон индекси.
36. Кийинки жылга стандартты камсыз кылуу үчүн каражаттарга болгон керектөө төмөнкү формула боюнча аныкталат:
мында:
П - кийинки жылга стандартты камсыз кылуу үчүн каражаттарга болгон керектөө;
п - МЧБУ топторунун саны;
ЧДi - МЧБУга барган балдардын орточо жылдык саны;
- кийинки жылга i-той жаш курактык топ боюнча билим берүү кызмат көрсөтүүлөрүнүн чыгымдарын каржылоонун ченеминде эмгек акы төлөөгө жумшалуучу чыгымдарды каржылоонун ченеми;
НСВЫС - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1997-жылдын 25-июнундагы № 377 "Кыргыз Республикасынын бийик тоолуу жана алыскы зоналарында жашаган жана иштеген адамдарга мамлекеттик колдоо көрсөтүү жөнүндө" токтомуна ылайык МЧБУнун кызматкерлеринин эмгек акысына бийик тоолуу жана алыскы аймактардагы шарттарда иштеген стажы үчүн кошумча акылар;
КВЫС - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1997-жылдын 25-июнундагы № 377 "Кыргыз Республикасынын бийик тоолуу жана алыскы зоналарында жашаган жана иштеген адамдарга мамлекеттик колдоо көрсөтүү жөнүндө" токтомуна ылайык МЧБУнун кызматкерлеринин эмгек акысына бийик тоолуу жана алыскы аймактардагы шарттарда иштегендиги үчүн МЧБУ персоналынын эмгек акысына кошумча төлөмдөрдүн коэффициенти;
- эмгек акы төлөөгө жумшалуучу чыгымдарды каржылоонун ченеминен тышкары, кийинки жылга i-той жаш курактык топ боюнча билим берүү кызмат көрсөтүүлөрүнүн чыгымдарын каржылоонун ченеминде калган чыгымдарды каржылоонун ченеми;
- кийинки жылга i-той жаш курактык топ боюнча балдарды тамактандырууга жана кароого жумшалуучу чыгымдарды каржылоонун ченеми;
- кийинки жылга инфратүзүмдөрдү күтүүгө чыгымдарды каржылоонун ченеми.
3-тиркеме
2016-2017-жылдарга ченемдик каржылоо шарттарында бир балага эсебинде мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын кызмат көрсөтүүлөрүн (коммуналдык кызмат көрсөтүүлөрсүз) каржылоонун убактылуу стандарты
(сом менен) | |||||||
Мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын балдардын болуу убактысы боюнча тиби | Чыгымдардын багыты | Айыл жергесинде жайгашкан мектепке чейинки билим берүү уюмдары | Шаарларда жайгашкан мектепке чейинки билим берүү уюмдары | ||||
1,5 жашка чейинки наристе топтору | 1,5 жаштан 3 жашка чейинки наристе топтору | 3 жаштан жогорку мектепке чейинки топтор | 1,5 жашка чейинки наристе топтору | 1,5 жаштан 3 жашка чейинки наристе топтору | 3 жаштан жогорку мектепке чейинки топтор | ||
3 саат | Билим берүү кызмат көрсөтүүлөрүнө жумшалуучу чыгымдар |
|
| 658З |
|
| 4984 |
анын ичинде: |
|
|
|
|
|
| |
персоналга эмгек акы төлөөгө жумшалуучу чыгымдар |
|
| 6062 |
|
| 4463 | |
Педагогикалык персоналдын квалификациясын жогорулатууга жумшалуучу чыгымдар |
|
| 62 |
|
| 62 | |
окуу куралдарын, көрсөтмө материалдарын сатып алууга жумшалуучу чыгымдар |
|
| 459 |
|
| 459 | |
Балдарды тамактандырууга жана кароого жумшалуучу чыгымдар |
|
| 216 |
|
| 216 | |
анын ичинде: | 1 |
|
|
|
|
| |
тамактандырууга жумшалуучу чыгымдар чарбалык муктаждыктарга предметтерди сатып алууга жумшалуучу чыгымдар |
|
| 216 |
|
| 216 | |
Инфратүзүмдү күтүүгө жумшалуучу чыгымдар |
|
| 1233 |
|
| 1233 | |
анын ичинде: |
|
|
|
|
|
| |
имараттарды күндөлүк оңдоо иштерине жумшалуучу чыгымдар |
|
| 595 |
|
| 595 | |
чарбалык муктаждыктарга предметтерди сатып алууга жумшалуучу чыгымдар |
|
| 638 |
|
| 638 | |
1 балага чыгымдардын бардыгы |
|
| 8032 |
|
| 6433 | |
10 саат | Билим берүү кызмат көрсөтүүлөрүнө жумшалуучу чыгымдар | 24051 | 19712 | 16514 | 14585 | 12969 | 12297 |
анын ичинде: |
|
|
|
|
|
| |
персоналга эмгек акы төлөөгө чыгымдар | 23989 | 19191 | 15993 | 14523 | 12448 | 11776 | |
педагогикалык персоналдын квалификациясын жогорулатууга жумшалуучу чыгымдар | 62 | 62 | 62 | 62 | 62 | 62 | |

| 459 | 459 |
| 459 | 459 | |
Балдарды тамактандырууга жана кароого жумшалуучу чыгымдар | 12921 | 12921 | 14076 | 12921 | 12921 | 14076 | |
анын ичинде: |
|
|
|
|
|
| |
тамактандырууга жумшалуучу чыгымдар | 12705 | 12705 | 13860 | 12705 | 12705 | 13860 | |
чарбалык муктаждыктарга предметтерди сатып алууга жумшалуучу чыгымдар | 216 | 216 | 216 | 216 | 216 | 216 | |
Инфратүзүмдү күтүүгө жумшалуучу чыгымдар | 1233 | 1233 | 1233 | 1233 | 1233 | 1233 | |
анын ичинде: |
|
|
|
|
|
| |
имараттарды күндөлүк оңдоо иштерине жумшалуучу чыгымдар | 595 | 595 | 595 | 595 | 595 | 595 | |
чарбалык муктаждыктарга предметтерди | 638 | 638 | 638 | 638 | 638 | 638 | |
сатып алууга жумшалуучу чыгымдар |
|
|
|
|
|
| |
1 балага чыгымдардын бардыгы | 38205 | 33866 | 31823 | 28739 | 27123 | 27606 | |
24 саат | Билим берүү кызмат көрсөтүүлөрүнө жумшалуучу чыгымдар | 40558 | 32918 | 27519 | 24579 | 21536 | 20400 |
анын ичинде: |
|
|
|
|
|
| |
персоналга эмгек акы төлөөгө жумшалуучу чыгымдар | 40496 | 32397 | 26998 | 24517 | 21015 | 19879 | |

Балдарды тамактандырууга жана кароого жумшалуучу чыгымдар | 14076 | 14076 | 16386 | 14076 | 14076 | 16386 | |
анын ичинде: |
|
|
|
|
|
| |
тамактандырууга жумшалуучу чыгымдар | 13860 | 13860 | 16170 | 13860 | 13860 | 16170 | |

чарбалык муктаждыктарга предметтерди сатып алууга жумшалуучу чыгымдар | 638 | 638 | 638 | 638 | 638 | 638 | |
1 балага чыгымдардын бардыгы | 55867 | 48227 | 45138 | 39888 | 36845 | 38019 | |
2016-2017-жылдарга ченемдик каржылоо шарттарында бир балага эсебинде мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын кызмат көрсөтүүлөрүн (коммуналдык кызмат көрсөтүүлөрсүз) каржылоонун убактылуу стандарты 2016-2017-жылдары ченемдик каржылоо моделин пилоттук апробациялоого катышуучу мектепке чейинки билим берүү уюмдары үчүн колдонулат.
4-тиркеме
2016-2017-жылдарга ченемдик каржылоо шарттарында мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын чыгымдарын түзүүнүн жана аткаруунун убактылуу тартиби
1. Жалпы жоболор
1. Ушул 2016-2017-жылдарга ченемдик каржылоо шарттарында мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын чыгымдарын түзүүнүн жана аткаруунун убактылуу тартиби (мындан ары - Тартип) 2016-2017-жылдары ченемдик каржылоо моделин пилоттук апробациялоого катышуучу мамлекеттик жана муниципалдык мектепке чейинки билим берүү уюмдарын (мындан ары - МЧБУ) республикалык жана жергиликтүү, бюджеттин каражаттарынын, ошондой эле балдардын ата-энелеринин (мыйзамдуу өкүлдөрүнүн) каражаттарынын эсебинен каржылоо механизмин аныктайт.
2. Ушул Тартип адистештирилген МЧБУдан тышкары, МЧБУну каржылоо маселелерин жөнгө салат.
3. МЧБУ чыгымдарынын сметаларын түзүү, бекитүү жана аткаруу мөөнөттөрү боюнча жалпы жол-жоболор "Кыргыз Республикасындагы бюджеттик укуктун негизги принциптери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги тарабынан бекитилген формалар боюнча аныкталат.
2. Мектепке чейинки билим берүү уюмдарын каржылоо боюнча ыйгарым укуктарды ажыратуу
4. "Мектепке чейинки билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык МЧБУну каржылоо бир жылга бир балага эсебинде мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын кызмат көрсөтүүлөрүн каржылоонун убактылуу стандартына ылайык ишке ашырылат.
5. Мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын кызмат көрсөтүүлөрүн каржылоо стандарты төмөнкүлөр тарабынан камсыз кылынат:
- мамлекеттик органдар тарабынан - билим берүү кызмат көрсөтүүлөрүн каржылоонун ченеминин өлчөмүндө;
- ата-энелер (мыйзамдуу өкүлдөр) тарабынан - балдарды тамактандырууга жана багууга жумшалуучу чыгымдарды каржылоонун ченеминин өлчөмүндө;
- мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары (мындан ары - ЖӨБО) тарабынан - МЧБУнун аларга менчик укугунда таандык инфратүзүмдөрүн күтүүгө жумшалуучу чыгымдарды каржылоонун өлчөмүндө.
6. Билим берүү кызмат көрсөтүүлөрүн каржылоо бир жылга 1 балага эсебинде каржылоонун ченемдеринин жана МЧБУга баруучу балдардын орточо жылдык санынын негизинде республикалык бюджеттин каражаттарынан ишке ашырылат.
7. ЖӨБО МЧБУнун инфратүзүмдөрүн күтүүгө жана коммуналдык кызмат көрсөтүүлөргө жумшалуучу чыгымдарды жергиликтүү бюджеттин каражаттарынан каржылайт. ЖӨБО жергиликтүү кеңештердин чечими менен жергиликтүү бюджеттин каражаттарынан МЧБУнун башка чыгымдарын каржылоого укуктуу.
8. Балдарды тамактандырууну уюштуруу МЧБУга жүктөлөт жана ата-энелер (мыйзамдуу өкүлдөрү) тарабынан балдарды тамактандыруу жана кароо үчүн түшкөн каражаттардын эсебинен ишке ашырылат.
9. Балдарды тамактандырууга жана кароого төлөнүүчү ата-энелердин каражаттары МЧБУнун эсептеринде эсепке алынат.
10. Тамактандырууну уюштурууну МЧБУнун алдында түзүлгөн камкордук кеңештер же ата-энелер комитеттери контролдошот.
11. МЧБУ менен ата-энелердин (мыйзамдуу өкүлдөр) ортосундагы мамиле келишим менен жөнгө салынат.
3. Мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын бюджетин түзүү
12. МЧБУнун ченемдик каржылоого өткөрүлгөн бюджеттик чыгымдары МЧБУга барган балдардын орточо жылдык санынын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталуучу бир жылга бир балага эсебинде мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын кызмат көрсөтүүлөрүн каржылоонун убактылуу стандартынын негизинде аныкталат.
13. МЧБУнун кийинки жылга карата республикалык бюджеттин каражаттары жана бюджеттен тышкаркы каражаттар боюнча сметалары МЧБУ жетекчиси менен макулдашуу боюнча билим берүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган же анын аймактык бөлүнүшү тарабынан бекитилет.
§ 1. Республикалык бюджеттин каражаттарынан мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын чыгымдарын түзүү
14. МЧБУ Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин (мындан ары - БИМ) аймактык бөлүнүшүнө жапа ЖӨБОго жаш курактык топторго бөлүү менен балдардын орточо жылдык саны жөнүндө маалыматтарды берет.
15. БИМдин аймактык бөлүнүшү стандарттын жана мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын типтери жана жаш курактык топтор боюнча балдардын орточо жылдык санынын негизинде МЧБУнун республикалык бюджеттин каражаттарына болгон керектөөсүн төмөнкү формула боюнча эсептейт:
мында:
- i-той МЧБУ боюнча кийинки жылга стандартты камсыз кылууга республикалык бюджеттин каражаттарына болгон керектөө;
' - j-той жаш курактык топ боюнча кийинки жылга стандартта эмгек акы төлөөгө жумшалуучу чыгымдардын ченеми;
- j-курактык топ боюнча МЧБУларга барган балдардын орточо жылдык саны;
НСВЫС - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1997-жылдын 25-июнундагы № 377 "Кыргыз Республикасынын бийик тоолуу жана алыскы зоналарында жашаган жана иштеген адамдарга мамлекеттик колдоо көрсөтүү жөнүндө" токтомуна ылайык МЧБУнун кызматкерлеринин кызматтык маянасына бийик тоолуу жана алыскы аймактардагы шарттарда иштеген стажы үчүн кошумча акылар;
КВЫС - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1997-жылдым 25-июнундагы № 377 "Кыргыз Республикасынын бийик тоолуу жама алыскы зоналарында жашаган жана иштеген адамдарга мамлекеттик колдоо көрсөтүү жөнүндө" токтомуна ылайык МЧБУнун кызматкерлеринин эмгек акысына бийик тоолуу жана алыскы аймактардагы шарттарда иштегендиги үчүн МЧБУ персоналынын эмгек акысына кошумча төлөмдөрдүн коэффициенти;
- j-той жаш курактык топ боюнча кийинки жылга стандартта эмгек акылык эмес чыгымдардын ченеми (педагогикалык персоналдын квалификациясын жогорулатууга жумшалуучу чыгымдар, окуу куралдарын жана көрсөтмө материалдарын сатып алууга жумшалуучу чыгымдар).
16. БИМдин аймактык бөлүнүшү кийинки жылга стандартты камсыздоого республикалык бюджеттин каражаттарына район (шаар) боюнча жыйынды керектөөнү төмөнкү чыгымдардын негизги багыттары боюнча БИМге берет:
1) эмгек акы төлөөгө жумшалуучу чыгымдар;
2) Кыргыз Республикасынын Социалдык фондуна чегерүүлөр;
3) педагогикалык персоналдын квалификациясын жогорулатууга, окуу куралдарын жана көрсөтмө материалдарын сатып алууга жумшалуучу чыгымдарды камтыган башка билим берүү кызмат көрсөтүүлөрү.
17. БИМ календардык планга ылайык МЧБУнун кийинки жылга республикалык бюджеттин каражаттарынан эмгек акыга, Кыргыз Республикасынын Социалдык фондуна чегерүүлөргө жана башка күндөлүк чыгымдарга бөлүнгөн чыгымдары боюнча контролдук көрсөткүчтөрдү аныктайт.
18. Ар бир район боюнча кийинки жылга контролдук көрсөткүчтөр БИМ тарабынан бекитилүүчү стандарт боюнча МЧБУнун керектөөсүн жабуу ченемин эске алуу менен төмөнкү формула боюнча аныкталат:
мында:
- i-той район боюнча кийинки жылга контролдук көрсөткүчтөр;
- i-той район боюнча стандартка ылайык МЧБУнун республикалык бюджеттин каражаттарына болгон керектөө;
p - бюджеттик каржылоо стандарты боюнча МЧБУнун керектөөсүн жабуунун бирдиктүү ченеми.
19. Бюджеттик каржылоо стандарты боюнча МЧБУнун керектөөсүн жабуунун ченеми МЧБУнун бюджеттик камсыз болуусун этап-этабы менен теңдөө саясатын жана республикалык бюджеттин мүмкүнчүлүктөрүн эске алуу менен аныкталат жана төмөнкү формула боюнча эсептелет:
мында:
p - бюджеттик каржылоо стандарты боюнча МЧБУнун керектөөсүн жабуунун ченеми;
Б - кийинки жылга республикалык бюджеттин каражаттарынан МЧБУнун чыгымдары боюнча контролдук көрсөткүчтөр;
П - стандарт боюнча республикалык бюджеттин каражаттарына МЧБУнун республика боюнча жыйынды керектөөсү.
20. Бюджеттик каржылоо стандарты боюнча МЧБУнун керектөөсүн жабуунун ченеми чыгымдардын багыттары боюнча өзүнчө эсептелиши жана бекитилиши мүмкүн.
21. БИМдин аймактык бөлүнүштөрү ченемдик каржылоо шарттарында финансылык тобокелдиктери бар МЧБУ болгон учурда үч жылдын ичинде оптималдаштыруу иш-чараларын жүргүзүү мезгилине республикалык бюджеттин МЧБУ үчүн каралган каражаттарынын 5 пайызына чейинин кайра бөлүштүрүүгө укуктуу.
§ 2. Жергиликтүү бюджеттин каражаттарынан мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын чыгымдарын түзүү
22. ЖӨБО МЧБУнун жергиликтүү бюджеттин каражаттарына болгон керектөөсүн стандарттын жана мектепке чейинки уюмдардын типтери жана жаш курактык топтор боюнча балдардын орточо жылдык санынын негизинде төмөнкү формула боюнча эсептейт:
Пi = СФИНФ Î ЧД
мында:
Пi - i-той МЧБУ боюнча кийинки жылга стандартты камсыздоо үчүн жергиликтүү бюджеттин каражаттарына болгон керектөө;
СФИНФ - инфратүзүмдөрдү, имараттарды жана жайларды күтүүгө жумшалуучу чыгымдарды каржылоонун ченеми;
ЧД - МЧБУдагы балдардын орточо жылдык саны.
23. ЖӨБО МЧБУнун стандарт боюнча керектөөсүнүн көлөмүндө МЧБУнун кийинки жылга жергиликтүү бюджеттин каражаттарынан жумшалуучу чыгымдары боюнча контролдук көрсөткүчтөрүн аныктайт.
24. Коммуналдык кызмат көрсөтүүлөр стандартка киргизилбеген катары кызмат көрсөтүүлөр менен түзүлгөн келишимдерге ылайык иш жүзүндө керектөө көлөмүндө МЧБУ үчүн өзүнчө каралат.
§ 3. Ата-энелердин (мыйзамдуу өкүлдөрдүн) каражаттарынан мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын чыгымдарын түзүү
25. МЧБУ балдарды тамактандырууга жана кароого жумшалуучу чыгымдарды каржылоонун ченемине ылайык жана баланын МЧБУга иш жүзүндө барган күндөрүнүн болжолдонгон санын эсепке алуу менен кийинки жылга ата-энелерден (мыйзамдуу өкүлдөрдөн) түшүүчү каражаттардын көлөмүн аныктайт.
26. МЧБУ бюджеттен сырткаркы каражаттар боюнча чыгымдардын сметасын түзөт жана аны БИМдин аймактык бөлүнүшүнө берет.
4. МЧБУнун бюджетин аткаруу
27. БИМдин аймактык бөлүнүштөрү ай сайын кварталдык бюджеттин чегинде МЧБУну каржылоого өтүнмөнү БИМге берип турат.
28. БИМ өтүнүчтүн негизинде ФМнын Борбордук казыналыгына берилүүчү каржылоо планын берет.
29. ФМнын Борбордук казыналыгы каржылоо планына ылайык БИМдин аймактык бөлүнүштөрүн каржылайт.
30. Борбордук казыналыктын региондук бөлүмүндө (мындан ары - КРБ) өз эсеби болгон МЧБУ боюнча каржылоо суммалары өтүнмөгө ылайык ошол эсептерге которулат.
31. КБИМдин аймактык бөлүнүштөрү чыгымдар сметасынын аткарылышы жөнүндө отчетту түзүү үчүн ар бир МЧБУ боюнча чыгымдардын эсебин өзүнчө жүргүзөт.
5. Мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын чыгымдарымын сметасын тактоо
32. МЧБУнун чыгымдарынын бекитилген сметасынын көлөмү көбөйгөн же азайган учурда жаңы смета тиешелүү мезгилге каржылоонун такталган планы катары аныкталат. Чыгымдардын сметасын тактоо ФМ менен макулдашуу боюнча БИМ тарабынан жүргүзүлөт.
33. Чыгымдардын сметасына өзгөртүүлөр төмөнкү учурларда киргизилет:
- бюджет бекитилгенден кийин жаңы ченемдик укуктук актылар кабыл алынгандыгына же колдонуудагы ченемдик укуктук актылар өзгөртүлгөнүнө байланыштуу;
- пландалган жылдын башына карата топтордун санынын көбөйүшүнө (азайышына) алып келген балдардын саны көбөйгөндө (азайганда);
- республикалык бюджеттен кошумча акча каражаты бөлүнгөнүнө байланыштуу.
34. Балдардын жана топтордун санынын өзгөрүшүнө байланыштуу МЧБУнун чыгымдарынын сметасын тактоо уюмдардын ортосунда бюджетти кайра бөлүштүрүү же каражаттарды кошумча бөлүү аркылуу жүргүзүлөт.
6. Борбордук казыналыктын региондук бөлүмүндө эсептери бар мектепке чейинки билим берүү уюмдарын каржылоонун өзгөчөлүктөрү
35. МЧБУ казыналык жол-жоболорго ылайык КРБда өз эсептерин ачууга жана балдардын саны менен каржылоо стандарты боюнча аныкталган чыгымдардын чегинде өз алдынча бухгалтерия түзгөнгө укуктуу.
36. МЧБУ кызмат көрсөтүүчүлөр (тейлөөчүлөр) менен келишимдерди өз алдынча түзөт.
37. МЧБУ республикалык жана жергиликтүү бюджеттердин каражаттары боюнча чыгымдардын айрым сметаларын БИМ жана ЖӨБО тарабынан кийинки жылга берилген бюджеттик чыгымдардын чегинде өз алдынча түзөт.
38. МЧБУнун республикалык бюджеттин каражаттары жана бюджеттен тышкаркы каражаттар боюнча кийинки жылга сметалары МЧБУнун жетекчиси менен макулдашуу боюнча БИМ тарабынан бекитилет. МЧБУнун жергиликтүү бюджеттин каражаттары боюнча кийинки жылга сметалары МЧБУнун жетекчиси менен макулдашуу боюнча ЖӨБО башчысы тарабынан бекитилет.
39. Бюджетти аткаруу процессинде бюджеттик каражаттар МЧБУнун өтүнүчүнө ылайык алардын эсептерине которулат.
40. МЧБУ ФМ тарабынан бюджеттик мекемелер үчүн белгиленген формалар жана мөөнөттөр боюнча БИМге жана ЖӨБОгө отчетторду беришет.
7. Эсеп жана отчеттуулук
41. МЧБУнун каражаттарын эсепке алуу жана отчеттуулук белгиленген казыналык жол-жоболору боюнча ишке ашырылат.
42. МОНдун аймактык бөлүнүштөрү ар бир МЧБУ боюнча отчетту жана республикалык бюджеттин каражаттарына карата район (шаар) боюнча жыйынды отчетту түзөт жана аны БИМге берет.
43. ЖӨБО ар бир МЧБУ боюнча отчетту жана жергиликтүү бюджеттин каражаттарына карата ЖӨБО боюнча жыйынды отчетту түзөт жана аны ФМнын аймактык бөлүнүшүнө берет.
КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 25-апрелиндеги № 238 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

| (сом менен) |