Сравнение редакций…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2016-жылдын 18-майы № 218-б
Кыргыз Республикасынын инвестициялык климатынын жакшыртуу, Эл аралык кызматташтык боюнча Герман коому жана Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги менен бирдикте Экономикалык кызматташтык жана өнүктүрүү уюму (мындан ары - ЭКӨУ) тарабынан ишке ашырылуучу "Борбордук Азиядагы инвестициялар жана атаандаштыкка жөндөмдүүлүк - II фаза" долбоорун ишке ашыруу максатында, Кыргыз Республикасынын 1999-жылдын 21-июлундагы № 84 Мыйзамы менен ратификацияланган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Германия Федеративдүү Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Техникалык кызматташуу жөнүндө макулдашууга, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:
1. "Борбордук Азиядагы инвестициялар жана атаандаштыкка жөндөмдүүлүк - II фаза" долбоорун ишке ашыруу боюнча Байкоочу кеңеш (мындан ары - Кеңеш) 1-тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
2. Кеңеш жөнүндө жобо 2-тиркемеге ылайык бекитилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги "Борбордук Азиядагы инвестициялар жана атаандаштыкка жөндөмдүүлүк - II фаза" долбоорунун (мындан ары - Долбоор) багыттары боюнча жумушчу топторду түзсүн жана алардын ишин координациялоону камсыз кылсын.
4. Кеңештин курамына кирген мамлекеттик органдардын жетекчилери долбоор боюнча иштөөчү өкүлдөрүн дайындашсын жана квартал сайын, отчеттук мезгилден кийинки айдын 25инен кечиктирбестен Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигине жасалган иштер жөнүндө маалымат беришсин.
5. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика жана инвестициялар бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | С.Жээнбеков |
1-тиркеме
"Борбордук Азиядагы инвестициялар жана атаандаштыкка жөндөмдүүлүк - II фаза" долбоорун ишке ашыруу боюнча Байкоочу кеңештин КУРАМЫ
Панкратов Олег Михайлович | - | Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри, Кеңештин төрагасы; |
Иманалиев Данияр Шаршембекович | - | Кыргыз Республикасынын Экономика министринин орун басары, Кеңештин төрагасынын орун басары; |
Байгончоков Мирланбек Конушбекович | - | Кыргыз Республикасынын Финансы министринин орун басары; |
Ашымбаева Токтобубу Абасовна | - | Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министринин орун басары; |
Каденова Зууракан Ажымаматовна | - | Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүгүү министринин орун басары; |
Чодуев Эркинбек Урайымович | - | Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министринин орун басары; |
Джусупов Тимур Джолчуевич | - | Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын башкарма мүчөсү (макулдашуу боюнча); |
Пирназаров Марат Туголбаевич | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын төрагасынын орун басары; |
Койчуманов Таалайбек Джумашевич | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Бизнести өнүктүрүү жана инвестициялар боюнча кеңештин катчысы (макулдашуу боюнча). |
2-тиркеме
"Борбордук Азиядагы инвестициялар жана атаандаштыкка жөндөмдүүлүк - II фаза" долбоорун ишке ашыруу боюнча Байкоочу кеңеш жөнүндө ЖОБО
1. Жалпы жоболор
1. Ушул Жобо "Борбордук Азиядагы инвестициялар жана атаандаштыкка жөндөмдүүлүк - II фаза" долбоорлорун ишке ашыруу боюнча Байкоочу кеңештин (мындан ары - Кеңеш) ишинин тартибин аныктайт. Кеңеш өзүнүн ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын жана башка ченемдик укуктук актыларын, ошондой эле ушул жобону жетекчиликке алат.
2. Кеңештин милдеттери жана укуктары
2. Кеңештин милдеттерине төмөнкүлөр кирет:
- натыйжалуу координациялоону камсыз кылуу жана Экономикалык кызматташтык жана өнүктүрүү уюмунун (мындан ары - ЭКӨУ) иштелип чыккан сунуштамаларын ишке ашыруу үчүн иш-аракеттердин макулдашылган жана максаттуу багытталган практикалык пландарын иштеп чыгууда зарыл болгон көмөк көрсөтүү;
- "Борбордук Азиядагы инвестициялар жана атаандаштыкка жөндөмдүүлүк - II фаза" долбоорунун (мындан ары - Долбоор) алкагында андан аркы экономикалык реформаларды жүргүзүүгө көмөк көрсөтүү;
- ЭКӨУнун эл аралык "тегерек столунда" Кыргыз Республикасынын экономикалык реформаларына презентация өткөрүүгө карата даярдык көрүү иштерин координациялоо.
3. Кеңеш төмөнкү укуктарга ээ:
- Долбоордун негизги багыттары боюнча иштөө үчүн жумушчу топторду түзүүгө;
- мамлекеттик органдардан жана башка мекемелердин тиешелүү адистерин жумушчу топтордун ишине белгиленген тартипте тартууга;
- мамлекеттик органдардан Кеңештин компетенциясына кирген маселелер боюнча маалыматтарды жана материалдарды суроого жана алууга.
3. Кеңештин ишин уюштуруу
4. Кеңештин курамына төрага, төраганын орун басары жана Кеңештин башка мүчөлөрү кирет.
Кеңешти төрага жетектейт, ал:
- Кеңештин ишине жалпы жетекчиликти жүргүзөт;
- Кеңештин жыйындарын өткөрүү жерин жана убактысын аныктайт;
- Кеңештин жыйындарында төрагалык кылат.
5. Кеңештин төрагасы жок болгон учурда анын функцияларын Комитеттин төрагасынын орун басары аткарат.
6. Кеңештин жумушчу органы Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги болуп саналат жана Кеңештин ишин маалыматтык-аналитикалык, уюштуруучулук камсыздоону ишке ашырат, анын ичинде Кеңештин ишин уюштуруу үчүн зарыл болгон Кеңештин күн тартибинин долбоорлорун жана башка материалдарды даярдоону камсыз кылат, аларды Кеңештин мүчөлөрүнүн кароосуна пландаштырылган жыйынга чейин эки жумушчу күндөн кечиктирбестен берет.
7. Кеңештин жыйындары Кеңештин төрагасынын же анын орун басарынын демилгеси боюнча чакыртылат.
Кеңештин жыйындары зарылчылык болгондо, бирок, жарым жылда жок дегенде бир жолу өткөрүлөт. Кеңештин төрагасынын чечими же жумушчу органдын сунушу боюнча Кеңештин кезексиз жыйындары чакыртылышы мүмкүн.
Кеңештин жыйындары, эгерде жыйынга анын курамынын жарымынан көбү катышса мыйзамдуу болуп эсептелет.
4. Кеңештин чечимдери
8. Кеңештин чечимдери ачык добуш берүү менен жыйынга катышкан Кеңештин мүчөлөрүнүн жалпы санынын көпчүлүк добушу менен кабыл алынат. Кеңештин мүчөлөрүнүн добуштары бирдей болуп калса, төрагалык кылуучунун добушу чечүүчү болуп саналат.
9. Кеңештин чечимдери Кеңештин төрагасынын, ал жок кезде төраганын орун басарынын колу коюлуучу протоколдор менен таризделет жана сунуштама мүнөзгө ээ болот.
Кеңештин протоколдорунун көчүрмөлөрү тиешелүү мамлекеттик органдарга аларды жумушчу органдын андан ары ишке ашыруусу үчүн жиберилет.
Кеңештин иши Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечими менен токтотулат.
КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 13-ноябрындагы № 551 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ