КР Президентинин 2025-жылдын 8-декабрындагы № 352 Жарлыгына ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Бишкек ш., Өкмөт Үйү 2001-жылдын 2-майы ПУ N 152 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН УКАЗЫ Жергиликтүү маанидеги иштерди башкарууда Кыргыз Республикасынын жергиликтүү жамааттарынын өкүлдөрүнүн элдик курултайынын ролун жогорулатуу боюнча чаралар жөнүндө Элдик бийликтин негиздерин андан ары чындоо жана жергиликтүү өзалдынча башкарууну өркүндөтүү, жергиликтүү маанидеги иштердибашкарууда жана жергиликтүү бийликтин аткаруучу-тескөөчү органдарынынишине таасирдүү демократиялык контролду орнотууда жергиликтүүжамааттардын ролун жогорулатуу максатында токтом кылам: 1. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү жамааттарынын өкүлдөрүнүнэлдик курултайы жөнүндө Жобо бекитилсин. 2. Бардык дењгээлдеги жергиликтүү кенештердин төрагалары,жергиликтүү өз алдынча башкаруунун жана жергиликтүү мамлекеттикадминистрациялардын башчылары: - бир айлык мөөнөттө жер-жерлерде айылдык жана поселкалыккењештердин дењгээлинде, ошондой эле республиканын бардык шаарларында,анын ичинде Бишкек жана Ош шаарларында элдик курултайларды уюштуруужана өткөрүү бонча тийиштүү комиссияларды түзсүн; - үч айлык мөөнөттө элдик курултайды уюштуруу жана өткөрүү боюнчакомиссиялар менен бирдикте жарандардын жыйындарында жаначогулуштарында жергиликтүү жамааттардын өкүлдөрүнүн айылдык,поселкалык жана шаардык курултайларына делегаттарды шайлоону КыргызРеспубликасынын жергиликтүү жамааттарынын өкүлдөрүнүн элдик курултайыжөнүндө бекитилген Жобого ылайык өткөрсүн; - 2001-жылдын 1-августуна карата 2001-жылдын октябрь-ноябрындаайылдык жана поселкалык кенештердин денгээлинде, ошоной элереспубликанын бардык шаарларында, анын ичинде Бишкек жана Ошшаарларында элдик курултайларды өткөрүүнүн графигин иштеп чыксын жанаКыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана региондукөнүктүрүү иштери боюнча министринин бекитүүсүнө сунуш кылсын. 3. Биринчи элдик уюштуруу курултайларын уюштуруу жана өткөрүүбоюнча комиссияларга курултайдын кароосуна башка маселелер менен катартөмөнкүлөрдү киргизүү сунуш кылынсын: - жергиликтүү жамааттардын мурда кабыл алынган Уставдарынатийиштүү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү же, атап айтканда,коомдук тартипти сактоо, экологиялык жана санитардык талаптардысактоо, майрамдарды, башка элдик иш-чараларды жана диний ырым-жырымдарды уюштуруу боюнча негизги эрежелер менен чараларды, ошондойэле өзгөчө кырдаалдарда жана башка шарттарда жергиликтүү жамааттынмүчөлөрүнүн коомдук кызмат өтөшү боюнча милдеттүү нормалардыбелгилөөнү караган жањы уставдарды кабыл алуу; - райондук жана областтык курултайларга делегаттарды шайлоо. 4. Областтык мамлекеттик администрациялардын башчылары –губернаторлор Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясыменен макулдашуу боюнча 2001-жылдын ноябрь-декабрында райондук жанаобласттык курултайларды өткөрүүнүн графигин иштеп чыксын жана алардыөткөрүүнү уюштурсун. 5. Мындан ары төмөнкүлөр белгиленсин: - жергиликтүү өз алдынча башкаруунун шайланган башчылары, ошондойэле жањыдан дайындалган жергиликтүү мамлекетик администрация башчыларыкызматка киришкен күндөн баштап 4 айдан кечиктирбестен өз ыйгарымукуктарынын бүткүл мөөнөтүнө аймакты социалдык-экономикалык жактанөнүктүрүү жана жергиликтүү калкты социалдык жактан коргоопрограммасынын долбоорун милдеттүү түрдө иштеп чыгып же жеткире иштепчыгып жана аларды тийиштүү элдик курултайдын кароосуна жанажактыруусуна киргизет, андан кийин аларды аткаруунун жүрүшү жөнүндөкеминде эки жылда бир жолу курултайга отчет берип турат; – жергиликтүү өз алдынча башкаруунун жана жергиликтүү мамлекеттикадминистрациянын башчысы курултайда жактырылган аймакты социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүүнүн жана калкты социалдык жактанкоргоонун программасын, ошондой эле өзүнүн башка функциялыкмилдеттерин канааттандырарлыксыз аткарган учурда курултайделегеттардын 2/3 добушу менен ага ишеним көрсөтпөө жөнүндө чечимкабыл алууга жана аны тийиштүү бийликтин башчысынын ыйгарым укуктарынмөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө сунуш менен Кыргыз РеспубликасынынПрезидентине кайрылууга укуктуу. 6. «Кыргыз Республикасында жергиликтүү өз алдынча башкарууну анданары өркүндөтүү боюнча чаралар жөнүндө» Кыргыз РеспубликасынынПрезидентинин 1996-жылдын 24-октябрындагы № 309 Указы менен бекитилгенайылдык курултай жөнүндө Жобо күчүн жоготту деп табылсын. 7. Бул Указдын аткарылышына контролдук кылуу милдети КыргызРеспубликасынын Президентинин Администрациясынын уюштуруу иштер жанамамлекеттик башкаруу саясаты бөлүмүнө жүктөлсүн. 8. Бул Указ жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет. Кыргыз Республикасынын Президенти А. Акаев