Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин Төрагасынын 2023-жылдын 1-декабрындагы
№ 622 тескемесине ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ
БУЙРУК
2016-жылдын 1-июну № 304
Министрликтердин, административдик ведомстволордун жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн карамагындагы башка уюмдардын штаттык санын оптималдаштыруу боюнча сунуштарды талдоо жүргүзүү жана иштеп чыгуу, кайталануучу функцияларды жоюу жана мамлекеттик аппаратты күтүү чыгымдарын кыскартуу максатында:
1. Тиркемеге ылайык курамдагы жумушчу топ түзүлсүн.
2. Жумушчу топ этап-этабы менен төмөнкүлөрдү жүргүзсүн:
- министрликтердин, административдик ведомстволордун жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн карамагындагы башка уюмдардын, анын ичинде алардын ведомстволук жана аймактык бөлүмдөрүнүн штаттык санынын чегин талдоо;
- бир жылдан ашуун мезгилде ээленбеген бош кызмат орундарын табуу;
- кайталоочу түзүмдүк бөлүмдөрдү табуу;
- мамлекеттик органдардын жетекчилеринин орун басарларынын ашыкча санын табуу;
- мамлекеттик аппаратты күтүүгө кеткен мамлекеттик бюджеттин чыгымдарын кыскартуу боюнча резервдерди табуу.
3. Жүргүзүлгөн иштин жыйынтыктары боюнча министрликтердин, административдик ведомстволордун жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн карамагындагы башка уюмдардын штаттык санын оптималдаштыруу жана мамлекеттик аппаратты күтүү чыгымдарын кыскартуу боюнча сунуштарын киргизсин.
4. Зарылдыгына жараша жумушчу топко:
- министрликтердин жана административдик ведомстволордун адистерин ишке тартуу;
- иш процессинде пайда болгон маселелерди чечүү үчүн мамлекеттик органдардан зарыл болгон маалыматтарды сурап алуу укугу берилсин.
5. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын биринчи орун басарына жүктөлсүн.
Премьер-министр | С.Жээнбеков |
Тиркеме
Мукамбетов М.К. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчисинин биринчи орун басары, жумушчу топтун жетекчиси; |
Аалиев А.К. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын финансы жана кредит саясаты бөлүмүнүн башчысы, жумушчу топтун жетекчисинин орун басары; |
Шадыбеков К.Б. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын мамлекеттик башкаруу жана кадрдык иштер бөлүмүнүн башчысы, жумушчу топтун жетекчисинин орун басары. |
Жумушчу топтун мүчөлөрү: | ||
Сергеева Н.Д. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экспертиза жана укуктук камсыздоо бөлүмүнүн башкы эксперти; |
Жалгасова Е.М. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын мамлекеттик башкаруу жана кадрдык иштер бөлүмүнүн эксперти; |
Керимкулов К.А. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын финансы жана кредит саясаты бөлүмүнүн эксперти; |
Амангельдиев Д.Дж. | - | Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин мамлекеттик сектордун чыгымдарын пландоо башкармалыгынын начальниги; |
Алиев А.М. | - | Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин мамлекеттик сектордун чыгымдарын пландоо башкармалыгынын башкы адиси; |
Амракулова Ж.Р. | - | Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин эмгек башкармалыгынын башкы адиси; |
Сатыбекова А.Э. | - | көз карандысыз эксперт (макулдашуу боюнча); |
Третьяков А.В. | - | көз карандысыз эксперт (макулдашуу боюнча).
|