Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН
АППАРАТ ЖЕТЕКЧИСИ - МИНИСТР
БУЙРУК
2016-жылдын 2-февралы № 9
Корея Республикасынын "Жаңы айыл кыймылы" долбоорунун тажрыйбасын киргизүү боюнча программанын долбоорун сапаттуу иштеп чыгуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:
1. Ведомстволор аралык жумушчу топ тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
2. Ведомстволop аралык жумушчу топ "Жаңы айыл кыймылы" деген айылдарды өнүктүрүүнүн кореялык моделинин тарыхын жана тажрыйбасын изилдесин, региондордун социалдык-экономикалык мүмкүнчүлүктөрүн ар тараптуу иликтесин жана Кыргыз Республикасында Корея Республикасынын "Жаңы айыл кыймылы" долбоорунун тажрыйбасын киргизүү боюнча программанын долбоорун иштеп чыксын.
3. Ведомстволор аралык жумушчу топко зарыл болгон учурда мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын адистерин, көз карандысыз эксперттерди белгиленген тартипте ишке тартууга, ошондой эле ишке тийиштүү материалдарды сурап алууга уруксат берилсин.
4. Ведомстволор аралык жумушчу топтун ишин уюштуруучулук, методикалык жана башка камсыздоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигине жүктөлсүн.
5. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын уюштуруу-инспектордук иштер жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу бөлүмүнө жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчиси - министр |
Н.С. Момуналиев |
Тиркеме
Рыспаев Бакыт Келгенбаевич | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин директору, ведомстволор аралык жумушчу топтун жетекчиси. |
Ведомстволор аралык жумушчу топтун мүчөлөрү:
Карабаев Акпаралы Давлеталиевич | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын чечимдерди аткарууну контролдоо бөлүмүнүн башчысы; |
Бакиров Жетиген Жокинович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын уюштуруу-инспектордук иштер жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу бөлүмүнүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу секторунун башчысы; |
Халитов Михаил Гилфанович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары; |
Калмырзаев Мирбек Темирбекович | - | Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин региондорду өнүктүрүү саясаты бөлүмүнүн башчысы; |
Абылкасымова Назира Акылбековна | - | Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Азия жана Африка департаментинин 3-катчысы; |
Балтагулов Жалалбек Торогелдиевич | - | Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу союзунун төрагасы (макулдашуу боюнча); |
Пак Алексей Филипповичч | - | Кыргыз Республикасындагы Корейлердин коомдук бирикмесинин вице-президенти (макулдашуу боюнча); |
Кошумбаев Абдылас | - | көз карандысыз эксперт (макулдашуу боюнча); |
Капаров Маматказы Анарбаевич | - | көз карандысыз эксперт (макулдашуу боюнча); |
Ли Ен Хун | - | Бишкек шаарында Корея билим берүү борборунун директору (макулдашуу боюнча); |
Сейталиев Азысмамет Токтогулович | - | Чүй облусунун Сокулук районундагы Ат-Башы айыл өкмөтүнүн башчысы (макулдашуу боюнча); |
Жакыпон Асуан Маметеминович | - | «Жаңы айыл кыймылы» фондунун төрагасы (макулдашуу боюнча); |