Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН
АППАРАТ ЖЕТЕКЧИСИ - МИНИСТР
БУЙРУК
2016-жылдын 10-марты № 27
Достук үйүнүн дирекциясынын директору Дж.Ч.Ташибекованын даттануусун кароо максатында:
1. Ведомстволор аралык комиссия тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
2. Ведомстволор аралык комиссия бир айлык мөөнөттө даттанууда баяндалган фактыларга объективдүү жана ар тараптуу текшерүү жүргүзсүн жана ведомстволор аралык комиссиянын ишинин жыйынтыгын конкреттүү сунуштар менен Кыргьгз Республикасынын Өкмөтүнүн жетекчилиге берсин.
3. Ведомстволор аралык комиссия зарыл болгон учурда белгиленген тартипте министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин жана административдик ведомстволордун эксперттерин жана тийиштүү адистерин ншке тартууга укуктуу экендиги белгиленсин.
4. Министирликтер, мамлекеттик комитеттер, административдик ведомстволор суралган маалыматты ведомстволор аралык комиссияга берип турушсун.
5. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнө жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчиси - министр |
Н.С. Момуналиев |
Тиркеме
Бекбоев Адилет Зарлыковнч | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнүн башчысы, ведомстволор аралык комиссиянын төрагасы; |
Султанбаева Айнура Жолдошбековна | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнүн эксперти, ведомстволор аралык комиссиянын төрагасынын орун басары. |
Ведомстволор аралык комиссиянын мүчөлөрү:
Абдыманапов Жоомарт Абдыманаповнч | - | Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин калкты документтештирүү чөйрөсүндө саясатты иштеп чыгуу бөлүмүнүн жетектөөчү адиси; |
Аттокуров Алмаз Анарбекович | - | Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматынын мониторинг жана мыйзамдуулукту контролдоо бөлүмүнүн жетектөөчү адиси (макулдашуу боюнча); |
Баймурзаев Мухтарбек Арапбаевич | - | Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин социалдык чөйрөнүн чыгымдарын пландоо башкармалыгынын начальнигинин милдетин аткаруучу; |
Жакыпбеков Мирлан Казакбаевич | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын ички аудит башкармалыгынын башкы инспектору |
Жолдошов Нурлан Касымович | - | Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин ички аудит кызматынын башкы адиси; |
Мураталиев Бакытбек Баймбетович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун мамлекеттик мүлктү тескөө жана пайдалануу боюнча башкармалыгынын начальниги; |
Шабданбеков Женишбек Турарович | - | Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн Иш башкармасынын мамлекеттик мүлк секторунун референти. |