КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2016-жылдын 3-июну № 243-б
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 14-октябрындагы № 438-б буйругунун редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 27-октябрындагы № 743 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында дары-дармек каражаттарынын жана медициналык багыттагы буюмдардын электрондук маалымат базасын түзүүнүн концепциясын ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Дары-дармек каражаттарынын жана медициналык багыттагы буюмдардын электрондук маалымат базасын түзүү жана өнүктүрүү боюнча секторлор аралык координациялык кеңеш (мындан ары - Кеңеш) 1-тиркемеге ылайык түзүлсүн.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Дары-дармек каражаттарынын жана медициналык багыттагы буюмдардын электрондук маалымат базасын түзүү жана өнүктүрүү боюнча секторлор аралык координациялык кеңеш жөнүндө жобо 2-тиркемеге ылайык бекитилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги Кеңештин ишин жалпы координациялоону жана анын ушул Жобого ылайык милдеттүү иштешин камсыз кылсын.
4. Министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, административдик ведомстволордун жетекчилери жарым жылдын жыйынтыгы боюнча, отчеттук мезгилден кийинки айдын 15ине чейин Кеңештин тапшырмаларын ишке ашыруунун жүрүшү жөнүндө маалыматты беришсин.
5. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнө жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри | С.Жээнбеков |
1-тиркеме
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Дары-дармек каражаттарынын жана медициналык багыттагы буюмдардын электрондук маалымат базасын түзүү жана өнүктүрүү боюнча секторлор аралык координациялык кеңештин
КУРАМЫ
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 14-октябрындагы № 438-б буйругунун редакциясына ылайык)
Социалдык саясат маселелерин координациялоочу Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри, Кеңештин төрагасы;
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри, Кеңештин төрагасынын биринчи орун басары;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун төрагасы, Кеңештин төрагасынын орун басары;
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин Дары-дармек жана медициналык техника менен камсыз кылуу департаментинин башкы директорунун биринчи орун басары, Кеңештин катчысы.
Кеңештин мүчөлөрү:
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик коргоо иштери боюнча комитетинин төрагасынын орун басары;
Кыргыз Республикасынын Финансы министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин статс-катчысы;
Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары;
Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүгүү министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын орун басары;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасынын орун басары;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Баңгизаттарды контролдоо боюнча мамлекеттик кызматтын төрагасынын орун басары;
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасынын орун басары;
Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун төрагасынын орун басары;
Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин медициналык башкармалыгынын начальниги;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын маалыматтык технологиялар башкармалыгынын начальниги;
Кыргызстандын Фармацевтикалык союзунун башкармасынын төрагасы (макулдашуу боюнча)
Кыргызстандын үй-бүлөлүк дарыгерлер топторунун жана үй-бүлөлүк медициналык айымдарынын ассоциациясынын директору (макулдашуу боюнча).
Премьер-министр | С.Ш. Жээнбеков |