КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2016-жылдын 3-июну № 244-б
Бишкек шаарынын мэриясы алган мамлекеттик зайым каражаттарын кайтарууну камсыздоо максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги "Шаардык транспорт долбоору" долбоору боюнча Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын (ЭӨА) жана "Бишкек шаарын суу менен камсыздоону жакшыртуу боюнча долбоор" жана "Бишкек шаарында суу менен камсыздоону жана канализацияны реабилитациялоо" долбоорлору боюнча Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын (ЕРӨБ) кредиттери боюнча Бишкек шаарынын мэриясынын карыздарын кошумча макулдашууларды түзүү аркылуу ушул буйруктун кол коюлган датасына карата төмөнкү шарттарда реструктуралаштырсын:
1) "Шаардык транспорт долбоору" долбоору боюнча Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын (ЭӨА) кредити боюнча:
- негизги сумма боюнча карыздарды жоюунун мөөнөтү квартал сайын бирдей төлөмдөр менен 2020-жылдын 25-мартынан тартып 2029-жылдын 25-декабрына чейин белгиленсин;
- мурда эсептелген жана жоюлбаган пайыздар ушул буйрук чыккан датага карата капиталдаштырылсын, мында капиталдаштырылган сумманы жоюу пайыздарды эсептебестен 2030-жылдын 25-мартынан тартып 2033-жылдын 25-декабрына чейин белгиленсин;
- негизги сумма боюнча карыз белгиленген мөөнөтгө толук жоюлган учурда мурда эсептелген жана жоюлбаган пайыздар боюнча капиталдаштырылган карыз жоюлду деп эсептелсин;
2) "Бишкек шаарын суу менен камсыздоону жакшыртуу боюнча долбоор" жана "Бишкек шаарында суу менен камсыздоону жана канализацияны реабилитациялоо" долбоорлору боюнча Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын (ЕРӨБ) кредити боюнча:
- кредитти пайдалануу үчүн пайыздык ставка жылына Еврибор+1% өлчөмүндө белгиленсин.
2. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын финансы жана кредит саясаты бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | С.Жээнбеков |