КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2016-жылдын 6-июну № 252-б
Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышуучу мамлекеттердин азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү максатында, "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 8-беренесине ылайык:
Москва шаарында Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Экономикалык кеңешинин 2016-жылдын 18-мартындагы чечими менен жактырылган жана Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Өкмөт башчыларынын кеңешинин кароосуна киргизилүүчү Агробиотүрдүүлүктү сактоо жөнүндө конвенциянын расмий тилде тиркелген долбоору принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен жактырылсын.
Премьер-министр | С.Жээнбеков |