Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2016-жылдын 6-июну № 253-б
Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышкан мамлекеттердин электр энергетика системаларынын ишенимдүү иштешин камсыздоо максатында, "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 8-беренесине ылайык:
Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышкан мамлекеттердин электр энергетика объекттериндеги авариялар жөнүндө маалымат алмашуу жөнүндө макулдашуунун расмий тилде тиркелген тексти принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү мүмкүндүгүн эске алуу менен жактырылсын.
Премьер-министр | С.Жээнбеков |