Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2016-жылдын 13-июну № 259-б
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн, "Электр станциялар" ачык акционердик коомунун жана Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы "Токтогул ГЭСин реабилитациялоо. 3-Фаза" долбоору боюнча Өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумдун расмий тилде тиркелген долбоору жактырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Экономика министрине жана Кыргыз Республикасынын Финансы министрине жогоруда аталган Меморандумдун долбооруна принциптүү эмес мүнөздөгү түзөтүүлөрдү киргизүү менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
Премьер-министр | С.Жээнбеков |